Бишкек, "Саясат.kg". Президентибиз туура айтты: эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайда айтканына пикирин билдирди.
"Урматтуу мекендештер!
Эми гана өзүмө келдим, 3 күндөн бери катуу ооруп эми гана баш көтөрдүм. Ажобуздун Элдик курултайда мен жөнүндө айткан пикирине өз оюмду билдирип коюуну чечтим.
Биринчиден, Президентибиз туура айтты: эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз.
Экинчиден, биз үчүн Кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт!
Үчүнчүдөн, Президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу, ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп кубаттап, чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артамын. 8 жылдан кийин да эл -журт деп Садыр досумдай күйүп - жанган Кыргызымдын бир инсаны чыгат, буюруса!
Камчыбек Ташиев, 17.12.23. Саат 21-45, оорукана".
Эске салсак, Садыр Жапаров Элдик курултайда Камчыбек Ташиев экөөн чабыштырганга аракеттенген адамдар бар экенин, бирок андай нерселерге көңүл бурбай турганын билдирген.
"Бизге кимибиз бийликте болобуз, айырмасы жок. Анткени экөөбүз тең мекен деген адамдарбыз", - деген президент.