Бишкек, "Саясат. kg". 23 тыйын калк үчүн анчалык оорчулук келтирбейт, бирок тармакка бир аз болсо да салым.

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергияга болгон тариф кымбаттайт. Бул тиричилик керектөөчүлөрүнө тиешелүү, 1 кВт учурда 77 тыйындан болсо, 1-майдан тартып 1 сомго жетет. Кымбаттоо коомчулукта ар түрдүү кабыл алынууда. Айрымдар нааразычылыгын билдирсе, кээ бирлер тарифтин жогорулатылышын түшүнүү менен кабыл алып, энергетика тармагын оңдоо үчүн акыны көбөйтүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Кыргызстандын энергетикадагы аялдар Ассоциациясынын президенти Алтынай Абдыкеримова жыл сайын инфляция байкалат, бирок көп жылдан бери электр энергияга болгон тарифтин өзгөрүүсүз келатканы учурдагы маселени жаратты деп эсептейт.

“Тарифтин кымбаттагандан кийинки наркы калк үчүн анчалык оорчулук келтирбейт. Ал эми  энергетика тармагын өнүктүрүүгө зарыл чара. Көп жылдан бери канча инфляция болсо дагы тарифтин бир калыпта келатканы бүгүнкү күндөгү көйгөйдү жаратты. Электр энергиянын өздүк наркы акталбай калды, эгерде ушул бойдон мурдагы тарифти кармап жүрө берсек, жыл сайын энергетика тармагы минуска кетет”, - дейт ал.

Ал 23 тыйын эч нерсени өзгөртпөй турганын белгиледи.

“Конкреттүү жыйынтыкты көрүү үчүн убакыт керектелет. Жыл соңуна чейин жаңы электр станцияларын бул аз акчага кура албайбыз. Болгону подстанцияларды жана трубиналарды жарактан чыгууга жол бербей кармап тура алабыз. Одоно айтканда, тарифти көтөрүүдөн түшкөн киреше эскини эптегенге гана жетет. Бул сумма ушул максатка гана жумшалат, жаңы электр станцияларын куруу кыйын болуп калат”, - деди Абдыкеримова.

Айтымында, көптөгөн энергокомпаниялар учурдагы тариф менен чыгашага гана барышууда, жаңы жабдыктарды сатып ала алышпайт. Мында толук кандуу модернизациялоо тууралуу айтпай эле коюу керек. Бул өз кезегинде жыл сайын өлкөнүн энерго коопсуздугун ылдыйлата берет. Жаңы тарифтер энергетика тармагын дагы бир нече жыл жарактуу кармоого жардам бергени менен модернизациялоону күтпөй эле коюу керек.

Энергосистемасын жаңылоо зарылчылдыгы бир гана биздин өлкөдө пайда болгон жок. Мурдагы союздун курамында болгон өлкөлөрдүн дээрлик баарында ушул маселе бар. Былтыркы жылдан баштап коңшу мамлекеттер дагы электр энергиясына болгон тарифти кымбаттатышты. Анткени моюз маалында курулган энергетика бүгүнкү күндө баарында бирдей жаңыланууга муктаж.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев мамлекет ушул күнгө чейин тарифти көтөрүүдөн качып, тармакты такыр токтоп калуудан бюджеттен акча бөлүү менен сактап келгенин айтат. Бирок бул ыкманын токтой турчу мезгили бар, түбөлүк улантылса, энергетикадан кол жууп калчу күн алыс эмес.

“30 жылдан бери энергетиканы субсидиялап, бюджеттен акча бөлүнүп келди. Мындай нерсе экономиканын мыйзамдарына дал келбейт. Эгерде ушул жол менен кете берсек, тармак бир күнү урап жок болот. Тариф көтөрүлсө, тармакка башка жактан акча тартуу азаят. Кымбаттоону жасалма жол менен ооздуктоонун терс таасири көп. Мисалы, пенсия, бюджеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө, мектеп, бала бакчаларды курууга багытталган ресурстарды энергетикага жумшоо аргасыздыгы жаралат”, - деди Бакетаев.

Аны менен катар өлкөдө альтернативдүү электр энергиясын алуу маселеси да турат. Замандын өнүгүшүнө жараша учурда дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү күндөн, шамалдан электр энергиясын алууну калыпка салып коюшту. Бул өнүккөн заман шартына ылайык нерсе. Анткени өндүрүш көп, ага жараша электр энергияга суроо-талап да артууда. Анын баарын камсыз кылуу үчүн сөзсүз кошумча энергия булактары керектелери анык.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Кыргызстан гидроресурстарынын болгону 10 пайызын гана колдонуп жатат деп эсептейт. Өлкө башчысынын демилгеси менен 50гө жакын кичи ГЭСтерди курууга аракеттер башталганын бул тармактын өнүгүп баштаганынын белгиси.

“Учурда генерацияны көбөйтүү, энергетика жаатында реформа жүргүзүү, коррупцияны жокко чыгаруу, материалдык базаны жаңылоо, экспорттук потенциалды жогорулатуу зарыл. Анткени, элибиздин, өндүрүштүн күндөн күнгө көбөйүп жаткан талабын канааттандыруу керек. Бул зарылчылыктар жаралып турган маалда тарифти кымбаттатпай коюуга мүмкүн эмес. Эл туура кабыл алышы керек”, - дейт ал.

Кандай болгон күндө дагы ар бир тармак өзүн өзү акташы керек. Актабаган учурда дагы жок дегенде чыгашага барбай иштегени рынок шартында туура болот. А Кыргызстандын энергетика тармагы көп жылдан бери чыгаша менен гана иштеп келгенин эксперттер айтышууда. Тарифти көтөрбөй, акыбалдан чыгуунун көп ыкмалары жасалды, көп варианттар байкаштырылды. Бирок жыйынтыгында, алардын баары натыйжалуу болбой турганы далилденди. Эгерде биз бүгүн рынок шартында карай кадам таштап, кымбаттаган тарифти кабыл албасак, анда эртең жалпы энергетика тармагынан кол жууп калуубуз толук мүмкүн.