Бишкек, "Саясат.kg". Э.Блинкенге даректелген өлкөдөгү ички саясий кырдаал жана демократиялык абал боюнча жүйөлүү жоопторду камтыган жооп-катын тапшырды.
2024-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар өз ара соода тармагында кызматташууну кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар тармагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле, Министр Ж.М.Кулубаев АКШ Элчисине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун АКШнын Мамлекеттик катчысы Э.Блинкенге даректелген өлкөдөгү ички саясий кырдаал жана демократиялык абал боюнча жүйөлүү жоопторду камтыган жооп-катын тапшырды.