Биздин бийликтин дайыма жаңы жылда элге тигил же бул коммуналдык кызмат акысын же азык-түлүктү кымбаттатып “белек” тартуулаган адаты бар. Быйыл ошондой “жагымдуу кабарды” Бишкектин мэри күзүндө, шайлоонун алдында эле “сүйүнчүлөдү”.

Ашхабад шаарында имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары аягына чыкты.

Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Президент Дональд Трамп саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министри Том Прайстын аба каттам чыгымдарына нааразы болууда.

Кандагар провинциясындагы кол салуу учурунда ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 12 кызматкери мерт кетип, бир нечеси жаракат алды.

Кворумдун жоктугуна байланыштуу Жогорку Кеңеш жалпы жыйынга эми эки апта соң, шайлоодон кийин эле чогулмай болду.

Ашхабадда өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары жабылар алдында спорттук мелдештерге билет сатып алууда ажиотаж жаралды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө.

«Жарандык платформа» коомдук уюму парламент депутаттары шайлоо алдындагы штабдардын ишине катышып, Жогорку Кеңештин жыйындарына барбай жатканын билдирди.

Жаңы окуу жылы башталган менен республикабыздын билим берүү тармагындагы эң башкы көйгөй мектептердин жетишсиздиги экендиги белгилүү. Баарынан да борборубуз Бишкекте балаңды мектепке орноштуруу университетке өткөндөн да кыйын.

Оппозициялык саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери, легендарлуу депутат жана баардык мыйзамдардын “атасы” Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоо алдында Мевский, Модин деген орусиялык шылуундардын далили жок, оозеки көрсөтмөсүнүн негизинде бийлик тарабынан атайын ойдон чыгарылган айып тагылып, сегиз жылга эркинен ажыратылгандыгы жаш балага деле белгилүү.

Акыркы мезгилде, айрыкча ушул бийликтин тушунда журналисттерди коркутуп-үркүтүүлөр, уруп-сабап кетүү көнүмүш адатка айланууда. Баарынан да ошол зомбулукка кабылган кесиптештерибиз бийликти сындап, ачуу чындыкты айткан эркин басылмалардын кызматкерлери экендиги өкүнүчтүү.

Адамдардан транспорттун саны көбөйгөн борбор калаабызда жолдо жүрүү күндөн-күнгө кыйынчылыкка айланууда. Айрым учурларда машина айдагандардын тыгында тургандыгын мындай кой, жөө жүргүнчүлөр деле жөнөгөн жагына өз учурунда жете албай азап чегишүүдө.

Ош шаарында Өзбекстандын эсебинен Алишер Навои атындагы 630 орундук мектептин курулушу башталды. Курулуш иштерин өзбекстандык «Трест12» жана «БунёдГрандСервис» компаниялары жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы аянты 3 851 чарчы метрди түзөт.

Мамлекеттик мүлк фондунан "Азаттык" радиосуна маалымдашкандай, "Альфа Телеком” ("Мегаком") ишканасын сатып алууга кызыкдарлыгын билдирип, 25-сентябрь күнү кечке жуук орусиялык жаран Елена Нагорная кайрылган. Маалыматка ылайык, ал ишкананын 100% акциясын сатып алууга кызыкдар.

Сот залындагы танго…

Эски өнөктөштөр колдобой койгону үчүн, албууттанып, долуланып жаткандай

Орденди кандай максат менен бергенин да биле албай жатам.

Чехтер черин жаза албады эле

Согуш талаасында соолуду

 Шайлоо мыйзам бузууларга толуп кеткенин негедир Акүй-Көкүй көрбөй аткандай.