Ой-илик

- “Кабарлар” маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова пара талап кылгандыгы айтылып, камакка алынды. Бул окуянын артында биз билбеген саясий оюндар жаткан жокпу?

Акматбек Келдибеков, экс-депутат:

“Үмүтай “ата-журтчулардын” башына оор күндөр түшкөндө жалтанбай чындыкты жазып, аягына чейин күрөшкөн адам”

- Мен Үмүтайды жакшы жагынан гана билем. Кесипкөй, патриот, өз ишин жакшы билген, адамгерчиликтүү адам. Менин жана Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун, Нурлан Сулаймановдун, Талант Мамытовдун ж.б. “ата-журтчулардын” башына оор күндөр түшкөндө жалтанбай чындыкты жазып, аягына чейин күрөшкөн адам. Мен ага коюлуп жаткан доомат менен кармалганына ишенбейм, бул жерде баарын кылдаттык менен караш керек.

Гүлжан Шерипбаева, “NazarnNews” маалымат агенттигинин жетекчиси:

“Үмүтай эжеге сабыр, бийликтегилерге адилеттүүлүк каалайм”

- Менин баамымда Үмүт эжени буюртма менен ушундай абалга кептеп койгондой сезилип жатат. Азыр коррупция менен күрөш десе эле, өз жанын эптеп багып, ишин илгерилетип жаткан журналисттерге да чабуул башталды. Бул туура эмес, Үмүт Кушбаковна 5 адам болсо дагы кызмат орду менен камсыздап келе жатат. Жогору жактагылар коррупцияны журналисттерден эмес, 30 жылдан бери мамлекетти сазга тыккан, тарых музейиндеги “кишенеген” жыгач атты, ТЭЦти, Кытайдан карыз алып бүтүндөй кыргыз элинин мойнуна илип кеткен аткаминерлерди, 1 сомго сатылган “Кыргызгазды”, Дача-СУну, Кыргызстанга бир тыйын салык төкпөгөн “Кумтөрдү” жана башка ушул сыяктуу  маанилүү маселелерди көтөрүп чыкса болмок...Чындыктын убагында айтылганы жакшы, жогорку көрүнүш ички тирешүүдөй туюлуп жатат. Кыскасы, азыр Үмүт Кушубаковнадан башка чечилбеген маселе толтура, бул тууралуу журналисттер арасында ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Кызыгы, “бири ырас болду” десе, бири “УКМК 1000 долларга да кармайбы?”- деп, таң калышууда.  Андыктан ким болбосун, адамдын башына оор иш түшүп турганда табалаганга болбойт, “кайтар дүйнө” деген бар, бат эле бул көрүнүш өзүңдүн башыңа келип калат, Кудайдын дагы сабырын түгөткөндөйбүз. Үмүтай эжеге сабыр, бийликтегилерге адилеттүүлүк каалайм. Анткени бул күндөр аманат, жакшылыкты билүү үчүн, артты кылчайып тез-тез карап туруш керек. Бийликке да, бул дүйнөгө да эч ким тирек болгон эмес!

Назгүл Мамытова, “Ачык саясат плюс” гезитинин жетекчиси:

“Опузалап акча талап кылгыдай Үмүт айым зөөкүр эмес, анын кармалышы “подстава”!”

- Үмүт Мукамбетованын кармалышын “подстава”- деп эле түшүндүм. Биринчиден, сайт менчик, мамлекеттик эмес. Эгерде ал, “менин колумда сен тууралуу материал бар, акча бербесең чыгарып салам”- десе анда шантаж, пара талап кылуу болмок. Бул жерде коомчулукка тарап, сайтка чыккан материалды “өчүрүп берчи” деп арыз жазган адам өзү суранып жатпайбы. Ошон үчүн Үмүт Мукамбетованын ишинде эч кандай кылмыштын белгилери жок. Ошондой эле опузалап акча талап кылгыдай Үмүт айым зөөкүр эмес. Билимдүү, токтоо, акыл-эстүү, профессионал журналист. Тез арада камактан бошотулбаса, укук коргоо органдарынын өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө шек кетет.

Элмара Турсуналиева, КТРКдагы музканалдын редактору, ди-джей:

“Үмүт Мукамбетова журналистикада кара кылды как жарган ою менен айырмаланган, кесипкөй журналист”

- Үмүт Мукамбетова журналистикада өзүнүн стили, курчтугу, кара кылды как жарган ою менен айырмаланган, көп жылдан бери кынтыксыз иштеп жүргөн журналист. Саясатта же коомдун кандай көйгөйү болбосун беш колдой билет. Үй-бүлөсүн дагы билем. Жолдошунун татыктуу жары. 4 баласын эмгекке, өз алдынча иштегенге үйрөткөн мыкты айым. Бала көргөнүн кылат демекчи, ата-энеси кандай жаны тынбай иштесе, балдары да ошондой мээнеткеч болуп чоңойду. Кыздары үйдөн торт жасап, интернет аркылуу сатыкка коёт. Дагы бир кызы балдар үчүн кийимдерди сатат. Кыскасы, 5 сом болсо да өз эмгеги менен нан таап жешет. Ар бир Жаңы жылда кайын журт, төркүн төшүн, өкүл балдарын чогултуп чай берет. Үмүт Мукамбетова дасторкону кенен, бапыраган, акылы менен жан баккан аял заты. Жакшы адам көптүн башын бириктирет, жаман адам ажыратат. Үмүт эже, элди бириктирген адам.

Төлөбүбү Касымалиева, журналист:

“Кесиптештер, сак болуңуздарчы!”

- Камчыбек Кыдыршаевич адилеттүү инсан. Кесиптешибиз Үмүт Мукамбетова эженин айланасындагы ишти ар кайсы тарабынан изилдейсиз деп ишенем. “Бир уйдун мүйүзү сынса - миң уйдун мүйүзү зыркырайт”,- дейт. Кесиптешибиз мүмкүн карамүртөз адамдын курмандыгы болду? Азыр ким алдыга эки кадам шилтесе, көрө албагандар артка сүйрөп жатпайбы. Үмүт эжени андай ишке такыр кыйбай турам. Кесиптештер, сак болуңуздарчы! А жанагы видеосун өчүр деген кишинин бети жок экен. Эми мас абалында же, жол эрежесин бузгандарды сайтка же СМИге чыгарсак “өчүр” деп өзү биринчи опузалап, анан шантаж кылып чекесинен каматышабы?! Эженин сайты мамлекеттик сайт эмес, азыр жеке менчик сайттар, гезит, журналдар ар ким өзүнүн прайсы менен иш алып барат.

Динара Асылбекова, журналист:

“Чыркырап айткан чындыкка эмес, шыбырап айткан жалганга ынанган заманга кептелдик”

- Чыркырап айткан чындыкка эмес, шыбырап айткан жалганга ынанган заманга кептелдик. Дегеле эртеңки күнү сени же мени ушул "сценарий"күтүп турат деп жашоо кечиргенге өттүк. Качан чындык саатын туура убакытта кабыл алганга көнөбүз? “Ак ийилет, бирок сынбайт”- дегендей, актык ким тарапта экенине далил болчу күн да келер. Бирок, коомчулукка ойноо же шоу көрсөтүү заман темасы болуп калганы кейиштүү. Үмүт Мукамбетова эже ачык-айкын почерки менен “куулук мүнөз шумпайлардын” өздүгүнө жакпастыр. Адилеттүүлүк жеңет. Ага мезгил себепкер.

Каныбек Темиров, журналист:

“Акылга сыйбаган көрүнүштөргө кесиптештер тынчсызданып жатабыз”

- Үмүттөн материалды аты чыккан инсан “сайттан алып кой” деп өзү сураныптыр. Чынында сайтка илинген материалды алыш үчүн да акча төлөшөөрүн баарыбыз эле билебиз. Мындай принцип менен көпчүлүк менчик сайттар илгертеден эле иштешет. Аны камагыдай ал мамлекетке зыян келтирген деле жок да. Үмүт иштеткен сайт мамлекеттик эмес, менчик сайт. Ошондо аны камаштын канчалык зарылдыгы бар (?) деген маселе жаралууда.

Буга чейин деле дагы бир кесиптешибиздин кызматы керек болуп, жок жерден эле жаманатты кылышты. Бирөө айтты, деди деп туруп эле журналисттерди камай берсе болобу? Чынын айтсам, акылга сыйбаган  көрүнүштөргө кесиптештер тынчсызданып жатабыз.

Сайкал Султанкулова, тележурналист:

“Үмүт эжени жөн эле жаманатты кылып коюшту”

- Үмүт эже кечээ мени кечки 7-8дерде Түркияга узатканга келмек. Кечиккенинен бир канча жолу телефон чалып, “келатасызбы?”- дедим. “Сайкал, мен баралбай калдым. мени “подстава” кылып коюшту”,- деди. Бирок, кимдер эмне үчүн “подстава” кылганын түшүнгөн жокмун... Бир сапар сүйлөшүп отурганыбызда Үмүт эже: “мени подстава” кылганы жатышыптыр,”- деди. Эмнеге, кимдер “подстава” кылышат эле деп таңгалып койгом. Ошол сөзү чын болуп, Үмүт эжени карматышты. Чынында Үмүт эжени мен көп жылдан бери билем. 1000 доллар үчүн жаманатты боло турган жан эмес болчу. Ал даражалуу саясатчылардан баштап интервью алып, өз ишин сүйгөн, мезгилдин күрөө тамырын кармаган журналист болчу. Кыскасы, аны арзыбаган акча үчүн каралап, жөн эле жаманатты кылып коюшту.

Бетти даярдаган Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №07 (491), 24.02.2021-ж.