Ким келди, ия?
Кыргыз элине “комиссар Каттани” катары таанымал Өмүрбек Суваналиевдин чек арадагы тынымсыз чырлардан жабыркап турган Баткен областына КР Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалышы – соңку кездердеги бирден-бир туура кадрлык жүрүш болду окшойт.
Буга чейин Баткенди эл ичинде “серый кардинал” атала баштаган Арзыбек Буркановдун көздөй кадры – Жаныбек Жалалов революциядан кийинки 3 ай башкарып турду. Бирок, мурда-кийин кыйраткан деле тажрыйбасы жок болгондуктан, абалды жөндөп кете албай, чайпалды. А так, жакшы иштеш үчүн бир гана нерсе керек болчу – чек ара чыры боюнча элдин позициясын колдоп, коңшулаш тажик район башчылары менен тең ата сүйлөшө билүү. Бул вазийпаны аткара алган жок, ошентсе да “шефи” көчөдө калтырмак беле – дароо КР Өкмөтүнүн аппарат башчысынын орун басары кызматына олтуруп калды.
Бирок, азыр Баткенге барган Ө.Суваналиевди эл чоң үмүт менен тосуп алды. Себеби, генерал Суваналиев чечкиндүү, принципиалдуу, чынчыл адам, башкасы башка, бирок бул киши Тажикстандагы коллегалары менен тең ата сүйлөшкөндү, маселени кабыргасынан койгонду жакшы билет!
Келери менен өкмөткө Баткенге өзгөчө макам берүү сунушун киргизгени да жакшы жышаан. Чек ара аймагында жашаган элге женилдиктерди берүү маселесин депутат кезинде Нур уулу Досбол Акаев кезинде эле көтөрүп, “эмне, силерге баткенчилер экинчи сорттогу адамбы?”- деп айткан болчу. Эми ошол тилек 20 жылдан кийин орундалат бекен?
Калганын убакыт көрсөтөт, ишине ийгилик каалап туралы.
Зарина Мамбетова
Булак: “Майдан.kg” газетасы