Шайлоо шай оодарып...

4-октябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына кезектеги шайлоо өткөрүлөт. Ага 16 партия катышууда. Алар шайлоо алдындагы үгүт-жарнама иштерин кандай жүргүзүшүүдө? Мурдагы парламенттик шайлоого салыштырганда шайлоочулардын тизмесинде кандай айырмачылыктар бар? Атаандаш партиялардын капчыктары кандай?

Кудайдын кулагы сүйүнсүн

Элибизде жакшы нерсени укса, же көрсө, “кудайдын кулагы сүйүнсун” деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырганда шайлоочулардын санынын кескин өскөндүгү бизди кубандырды. Алсак, 2015-жылга салыштырганда Кыргызстандагы шайлоочулардын саны 25,5 пайызга көбөйүп, 3 465 4 15ке жетиптир. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырганда 14,5 пайызга өсүп, жаңыдан 439 645 шайлоочу кошулуптур.

Бул биздин элибиздин динамикалуу көбөйүп жаткандыгын айгинелейт. Көбөйгөн элдин гана келечеги болот. Ылайым элибиздин, өлкөбүздүн келечеги кең болсун!

Партиялардын жалпы шайлоо фондулары 540,3 миллион сомго барабар болсо, алардын ичинен айрымдары 100 миллион сомго жакын фонду түзүшсө, айрымдарыныкы анын 20дан бирине араң жетиптир. Алсак, “Биримдик” партиясыныкы - 97,4 миллион, “Мекеним Кыргызстандыкы” - 94,1 миллион, “Мекенчил” партиясыныкы - 86,7 миллион, “Кыргызстан” партиясыныкы - 71,8 миллион сом болсо, алар каражаттарынын басымдуу көпчүлүгүн сарпташты. Ал эми эң аз фонду түзгөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясы. Аныкы - 5,8 миллион сом. Анын талапкерлеринин 70 пайыздан ашыгы жумушсуздар болгондугунан каражаттары азбы же көбү көмүскөдөбү, анысын билбедик. Бирок, мурдагы шайлоолордогу тажрыйбаларга ылайык, партиялар каражаттарынын көпчүлүгүн ачыкка чыгарбай тымызындан жумшашат. Бул жолу кандай болот, аны убакыт көрсөтөт.

Өзүңдү шер ойлосоң…

Өлкөбүздүн парламентине шайлоо алдындагы үгүт иштери эч кандай экстерсиз өз нугунда өтүүдө. Партиялардын лидерлери жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууда.  ЭлТРде жана КТРКда партиялардын лидерлеринин, көрүнүктүү мүчөлөрүнүн ортосунда теледебаттар өткөрүлүүдө. Азырынча партиялардан шайлоо алындагы иштердин уюштурулуусуна, жүргүзүлүшүнө нааразы болгондор каттала элек. Бул БШК баштаган тийиштүү мамлекеттик органдар Жогорку Кеңешке карата шайлоого негизинен мыкты даярданышкандарын айгинелейт. Биз аларды дүңүнөн сындай бербестен жакшыларын  “жакшы” деп эле айтуубуз керек.

Стадиондордо, чоң залдарда жолугушууларга, концерттик программаларга тыюу салынганы жакшы болду. Чектелген контингенттеги адамдар менен жолугушканда талапкерлер өткөн президенттик шайлоодогу Оштун Он-Адырындагыдай ашкере ээлигип, эмоцияларга алдырбай, мүмкүн болушунча конструктивдүү сүйлөөгө, пикир алышууга аракеттенет экен. Мурда концерт көрүү үчүн жолугушууларга мектеп жашындагы балдар, атүгүл апаларынын, чоң энелеринин этектерине жабышкан наристелер да келип алышса, бул ирет андай көрүнүштөр байкала элек.

Айрым талапкерлердин бийликтегилерди ашкере сындап, шыбап, ооздоруна толтура убадаларды берип жатышкандары чындык. Бирок, азыр элди куру убадалар, апырткан-жапырткан, Ормон опузага салган  куру сөздөр менен алдоо кыйын. Ашкере кеткендерди алар “бечаранын башында мандеми бар окшойт. Мейли, атайын ат арытып келгенден кийин айтчу сөздөрүн айтып калсын. Ушунун айткандарына эле ишене бергидей бул жердегилер макоо бекен.  Булардын да ата-энелери, бала-бакыралары бар. Көңүлдөрүн калтырбай жакшы сөздөрдү айтып, алакан жайып  узатып коёлу. Калганын өзүбүз билебиз да” деп момурап  отура беришет. Ошондуктан талапкерлерге ашкере сынчыл, өзгөчө убадакөйлүк кылгандан алысыраак болгонго кеңеш берет элек. Талапкерлердин кимиси кандай экендигин, буга чейин эмне иш кылгандарын, артында кандай нерселер бар экендигин, чын-чынында деги колдорунан эмне келе тургандыгын  эл саясатты жазганга адистешкен жазмакерлерден жакшы билишет.

Меморандумдун талаптары кыйшаюусуз аткарылууга тийиш

Ушул айдын башталышында  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын ортосунда Меморандумга кол коюлган. Ага  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н.Шайлдабекова, катталган 13 саясий партиянын жетекчилери, шайлоо комиссияларынын, өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык активисттер катышкан. Меморандум “Демократия үчүн Вестминстер фонду”, БУУнын өнүктүрүү программасы жана “Жарандык платформа” КФнун техникалык колдоосу менен иштелип чыккан.

Таза жана акыйкат шайлоону камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары, бирок  ага  БШК жалгыз же өз алдынча жетише албайт. Ал үчүн шайлоого катышып жаткан бардык партиялардын мүчөлөрүнүн, тийиштүү мамлекеттик органдардын, жалпы коомчулуктун эрктери, каалоолору талап кылынат.

«Меморандум, мыйзамдын ченемдерин толуктаган саясий күрөштүн алгылыктуу ыкмаларын, өнөктүктүн эрежелерин аныктоого арналган саясий партиялардын "мырзалардын келишими" деп аталган жүрүм-турум Кодекси катары кызмат аткарат. Кол коюунун максаты - саясий партияларга оюндун кабыл алынган эрежелери боюнча бир пикирге келүүгө жардам берүү жана шайлоо процессине ишенимди жогорулатуу. Бул Меморандумдун жаңылыгы болуп талапкерлердин социалдык тармактардагы жүрүм-турумун ыктыярдуу жөнгө салуу», - деген Н.Шайлдабекова кол коюу учурунда.

“Меморандум - бул келишим, анын катышуучулары мыйзамдын чегинде гана иш алып барууга, козутма сөздөрүн колдонбоого, зомбулук, кастык жана кадыр-баркка шек келтирүү коркунучтарын камтыган материалдарды таратпоого жана башка эрежелерин кабыл алууга милдеттеништи. Меморандумга кол коюу демократиялык принциптерге негизделген таза шайлоону өткөрүүгө жардам берет”, - дейт Демократия үчүн Вестминстер фондунун Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Байбураева.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын так сактоого, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулук жана өз ара урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын артыкчылыгы, мыйзамдын үстөмдүгү принциптери боюнча жүргүзүүгө милдеттенишкен. Бардык партиялардын мүчөлөрү мына ошол өздөрүнө алган милдеттерди шайлоо алдында гана эмес, анын жыйынтыктары чыгарылгандан кийин да кыйшаюусуз сактоолору  керек.

Булак: “Майдан.kg