Былжырбайлар айылында

Биздин парламенттик шайлоого тышкы геосаясый оюнчулар да дыкат көз салып, өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракеттенишери шексиз. Алар  негизги маселелерин  буга чейин гранттарга марышкан жана жаңы гранттар үчүн кандай буйрутманы болбосун аткарууга даяр турган бейөкмөтчү желдеңбайлар  аркылуу  чечүүгө аракеттенишет, ал максатта жашыруун жолдор менен олчойгон каражаттар келүүдө. Өткөн жылга салыштырганда Кыргызстандагы “Азаттык” радиосунун бюджети эки эсе көбөйтүлгөнү да бекеринен эмес. “Азаттык” сырттан каржыланган уюм катары ачыктан ачык биздин ички  саясый иштерге кийлигишкенге укугу жок, бирок кээде ачыктан ачык эле, көбүнчө  кыйыр түрдө дайыма Кыргызстанда АКШнын Мамдепартаментинин саясатын жүргүзүүгө далалаттанып келет.

Азыр дүйнөдө эмне көп?  Дүйнөдө өздөрүн эл арасында социологиялык иштерди жүргүзүүчү институт, борбор, уюм, бирикме ж.б. деп жарыялап алып, чет өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын буйрутмаларын аткарган жана ошолордун эсебинен жашаган субьектилер көп. Алардын көпчүлүгүнүн сурамжылап билүүлөрү, жыйынтыктары айрым өлкөлөрдүн тышкы иштер ведомстволорунун, атайын кызматтарынын деструктивдүү багыттагы бир бөлүмүндө  даярдалган эле чүргөмөлөр. Алардын чыныгы саясый, социологиялык мааниси, насил-наркы оонаган эшектин түгүнө да арзыбайт. Бирок, алар даярдагандарды кожоюндары бир  ЖМКлар, сайттар Рим клубунун же Гарвард университетинин атайын борборунун материалдарындай көтөрө чаап макташып, аларга элдин көңүлүн бурууга, ал аркылуу элдин тандоолоруна, чечимдерине  таасир көрсөтүүгө аракеттенишкендери гана тынчсыздандырат. Анын бир мисалы катары “Азаттыктын” сайтына жарыяланган “Кыргызстандыктар бийликтин ишине канааттанбайт” деген материалын көргөзгүбүз келет.

Ал материалды АКШнын Мамдепартаменти тарабынан каржыланган Эл аралык Республикалык Институт деген даярдаптыр. Ал институт деп  аталган менен, билишибизче, анда пол жуугучтарын кошкондо онго жетпеген адам иштейт.  Социологиялык сурап-билүүлөр, изилдөөлөр дегендерин атайын кызматтардын элчиликтердеги, башка НПОлордун аттарын жамынган агенттери даярдап берип турушса, институтка андан ашык адамды кармоонун кандай кажети бар?

Иши кылып аталган институт жакында; Кыргызстандын экономикалык абалы, коронавируска каршы күрөшүүнүн абалы,  мамлекеттин ички, тышкы саясатына элдин көз карашы, коррупция, жумушсуздук, парламенттик шайлоо, шайлоого катышкан партиялар боюнча  элдин пикирин “сурамжылап билип”, жыйынтыктарын “Азаттыкка” бериптир. Көпчүлүктү институттун коронавируска каршы күрөштүн, экономиканын абалы, жумушсуздук, парламенттик шайлоо боюнча ж.б.  сырттагылардын “баалары” кымындай да кызыктырбайт. Алардын абалдарын  баарыбыз эле көрүп, билип турабыз. Ар кимибиздин өзүбүздүн пикирибиз, көз карашыбыз бар. Ал маселелер боюнча гастролёр-суфлерлордун жардамдарына эч кимибиз деле муктаж эмеспиз. Бизди реакция жасоого мажбурлаганы; аталган институттун социологиялык сурап-билүүлөрдүн клишесине жамынып алып, аймактарда жашагандарды кыйыр түрдө бирин-экинчисине кайраштырганы, ар аймактын өкүлдөрүн өздөрүнөн чыккандардын партиялары үчүн гана добуш берүүгө чакырып, жалпы элди бийликтегилерге каршы шыкактаганы, кайраштырганы болду.

Институт өзүнүн “респонденттерине” Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын багытына кандай карайсыз? - деген мааниде суроо узатыптыр. Мамлекеттин саясаты деген аябагандай кеңири түшүнүк; ирилери-ички, тышкы, кеңейтилгендегиси- социалдык, экономикалык, каржылык, фискалдык, пенитардык, ювениалдык, гендердик, агрардык деп  ж.б.д.у.с. узарып кете берет. Булардын бирине көңүлү  толбой жүргөн адам “туура эмес багытта” деп койсо, аны жалпы мамлекеттин саясатына нааразы деп чечмелеп салса боло берет. Ал эми мамлекеттин бардык багыттагы саясатына ыраазы болгондор Кыргызстан, АКШ түгүл, реалдуу коммунизмде жашап жаткан Исландия, Норвегия, Швеция сыяктуу өлкөлөрдөн деле табылбайт. Атайын кызматтардын буйрутмаларын аткаргандардын негизги трюктары ушунда - алар абстракттуу суроолорду беришет дагы абстрактуу жоопторду өздөрү каалагандай  кокреттүү өңүттөрдө чечмелеп салышат. Бул жагынан АКШнын атайын кызматтары, институттары, борборлору, фондулары эч кимди алдына салышпайт. Биздеги “Азаттык” сыяктуу ЖМКлар, НПОлор жөн эле алардын вердиктерин кайталашкан бечара тотукуштар.

Аталган институт ачык айтпаган менен өз чүргөмөсүндө аракетте мамлекет башчысынын саясатын Бишкекте, республиканын калган түндүк бөлүгүндө  жашагандардын 80 пайыздан ашыгы жактырышпайт, аны өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жашагандар гана колдошот деген жыйынтык чыгарып, демек шайлоочулар муну эске алышыңар керек, эч болбой баратса партиялардын бардыгына каршы добуш беришиңер керек   дегендей каңкуу таштаптыр. Эгерде парламенттик шайлоо өтпөй калса, өлкө саясый кризиске кептелип, дагы көп чыгымдар менен экинчи шайлоо өткөрүүгө аргасыз болот. Ал пандемиядан жүдөп, бюджетинин киреше бөлүгүн толтура албай жаткан өлкө үчүн аябагандай оор сокку болот. Эл арасында аракеттеги бийликке карата  нааразылар да көбөйөт. Анан... Биздин НПОлорду каржылап жаткан сырттагы “досторубуздун” каалагандары, көздөгөндөрү  эле ошол. Аларды элдин, мамлекеттин тагдыры кенедей да кызыктырбайт.

Сырткы “досторубуз” эмнелерди каалашса, ошону айта, жаза беришсин. Баары бир алар Кыргызстанды Россиянын, Кытайдын таасиринен, катышусунан чыгара алышпайт. Жылдан жылга алардын колдору кыскарып баратат. Бирок, мына ушундай кыйыр диверсиялык контентти Кыргызстанда жашап, иштеп,  өздөрүн мекенчилбиз, калыспыз, тазабыз деп дардактап жүрүшкөн эркек-ургаачылардын көтөрө чалып жараналап жатышкандары өтө эле уят, аби      йирсиздик десе да болот. Ким болбосун “Азаттыктабы” же башка НПОлордобу, убактылуу эле иштешет, ал эми Кыргызстанда алар өздөрү гана эмес, укум-тукумдары да жашашат. Иншалла, андай Абыке, Көбөш, Көзкамандарды туулган жерибиздин алтын топурагынын  кусуру уруп кетпесе экен.

А.Белеков

Булак: "Майдан.kg" газетасы, №30 (465), 08.09.2020-ж.