Же аламан жарыш алдындагы партиялардын өздөрүн “пиар” кылуу аракеттери

Айрым саясий күчтѳрдүн, кээ бир саясатчылардын алдыдагы шайлоого байланыштуу айткандарына, талаптарына карабай 4-октябрга белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоо сѳз жок, сѳзсүз түрдѳ ѳткѳрүлүшү керектиги талашсыз болуп калды. Башкача болушу мүмкүн эмес. Саясатчылардын шайлоонун мѳѳнѳтүн ары жылдыруу боюнча айткандары, ачык айталы, мыйзамсыздыкка, Конституцияны бузууга түрткѳндүккѳ тете. Ар дайым мыйзамдуулукту, Конституциянын нормаларынын кынтыксыз аткарылышын талап кылгандардын минтип антиконституциялык талаптарды коюусу – бул жѳн гана маселеге саясий түс берүү менен президентти элдин алдында негативдүү маанайда кѳрсѳтүүгѳ гана болгон аракет. Президентти  ушул маселени бетке кармоо менен сынга алуу. Болбосо, шайлоонун мѳѳнѳтүн жылдырууга эч кандай негиз жок. Конституцияга, шайлоо боюнча мыйзамдарга ылайык, Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда гана ѳтүшү керек. Андан эрте эмес, андан кеч эмес. Ансыз биз мыйзамсыздык талаасына түшѳбүз, Конституцияны одоно бузабыз, легитимсиз парламентке ээ болобуз.

Бул маселени кайра кайра кѳтѳрүп, парламенттик шайлоону «эрмектегенге» ѳтүшкѳн саясатчылар шайлоонун мѳѳнѳтүн жылдырууну  талап кылууда бүгүнкү пандемиялык абалды бетке кармашууда. Бирок коронавируска байланыштуу түзүлгѳн кырдаал шайлоону ѳткѳрбѳй коюуга, же мѳѳнѳтүн жылдырууга негиз береби? Албетте, жок. Шайлоо белгиленген мѳѳнѳттѳ ѳтүшү керектигин ѳлкѳдѳгү саясат таануучулардын, юристтердин баары бир ооздон баса белгилешүүдѳ. Алардын айтымдарында, саясатчылар мындай талаптары менен президентти мыйзам бузууга түртүп жатышат. Шайлоого байланыштуу чечимди кабыл алууда ѳлкѳ башчысы саясатчылардын маанайына же коомдун талаптарына эмес, Конституциянын нормаларына таянышы зарыл. Эгерде шайлоонун мѳѳнѳтү жылдырылса, ошол эле саясатчы, акивисттер президент «Конституциянын нормаларын бузду, бийликти узурпациялап алды» деп чыгарын бѳркүбүздѳй кѳрѳлү. Ошондуктан кайсы жагынан албайлы, 4-октябрга белгиленген шайлоо ѳтүшү керек. Эч качан бир ууч  саясатчылардын маселени саясатташтыруусу ѳлкѳ жетекчисинин  Конституциянын, мыйзамдын нормаларын бузуусуна жол бербеши кажет.

Пандемиялык абалга байланыштуу шайлоону жылдыруу керек дегенге токтоло турган болсок, шайлоо жѳнүндѳ мыйзамга ылайык, ал үчүн ѳлкѳгѳ ѳзгѳчѳ абал режими киргизилиши зарыл, ошондо гана жылдырууга мүмкүн. Бирок мыйзам боюнча ѳзгѳчѳ абалдын мѳѳнѳтү 30 күндѳн ашпашы керек. Демек, бул убакыт ѳзгѳчѳ абалды киргизип, шайлоонун мѳѳнѳтүн жылдырууга жол бербейт. Бул биринчиден. Экинчиден, дүйнѳнүн башка ѳлкѳлѳрүндѳ да пандемиялык абал экенине карабай шайлоолор ѳткѳрүлүп келүүдѳ. Болгону БШК кырдаалга жараша үгүт иштерин жүргүзүүнүн жаңы эрежелерин бекитип, шайлоочулардын эл менен жолугушууларына тыюу салган чечимдерди кабыл алуусу зарыл. Бүгүнкү интернеттин мүмкүнчүлүктѳрү үгүт иштерин дистанциялык режимде жүргүзүүгѳ мүмкүндүк берет.

Жогорку Кеңешке шайлонун 4-октябрда ѳтүүсү парламенттин жаңы курамын бекитүү үчүн эле эмес, ѳкмѳттүн жаңы курамын бекитип, ѳлкѳдѳгү бийлик бутактарынын илең-салаңдыгына жол бербей, саясий жана экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн да керек. Баарыбыз билгендей, азыркы ѳкмѳт техникалык гана ѳкмѳт. Бүгүнкү кырдаалдын талабына ылайык,  шайлоого чейин ѳз милдеттерин аткаруучу гана ѳкмѳт. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы ѳкмѳттүн жаңы курамын, түзүмүн, программасын  бекитип, аткаруу бийлигинин жаңы реалийлерге, суроо  талаптарга жараша иш алып баруусуна шарт түзѳт.  Шайлоо болбосо, ѳкмѳт да бекитилбейт, мындай абал ѳлкѳнүн саясий, экономикалык турмушундагы башаламандык, белгисиздик абалды жаратпай койбойт. Бир жагынан пандемия, пневмония, экинчи жагынан саясий талашып тартышуулар мамлекетибизди да, элибизди да жүдѳтүп, экономикалык маселелерди ишке ашырууга жолтоо гана болот. Бүгүнкү абал бийликтин бардык бутактарынан бир «силкинип» алып, жаңыча иш баштоону талап кылууда. 4-октябрдагы шайлоо ошентүүнүн мыйзамдуу, цивилдүү жолу болуп эсептелет. Ансыз ѳлкѳбүздү мыйзамсыздыкка, башаламандыктарга гана түртѳбүз.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл

 

Тема: