Е.Строкова: Шайлоону бетке кармап ѳздѳрүн пиар кылган кесиптештерим жадатты
Жогорку Кеңеште кээде туруп ачуу чындыкты балп этип айтып салчу Евгения Строкова деген депутат бар. Мына ошол депутат шайлоонун мѳѳнѳтүн жылдырууну талап кылып жаткан саясатчы, депутаттар жѳнүндѳ катуу айтты.
«Шайлоону бетке кармап ѳздѳрүн пиар кылган кесиптештерим жадатты. Биринчиден, шайлоонун мѳѳнѳтүн белгилебей коюу мыйзамсыз болот! Экинчиден, балким, күзүндѳ Ѳзгѳчѳ абал киргизилер, ошондо шайлоону жылдырса болот. Азыр кайсы шайлоо капмпаниясы боюнча сѳз болуп атат?! Эгерде ѳздѳрү шайлоо кампаниясын жүргүзүшкѳн болсо, анда алар мыйзамды бузушкан!!! Чума маалында той болуп аткан экен да!!! Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы шайлоого бир ай калганда башталат!!!
Тьфу, кандай гана жийиркеничтүү!!, - деп жазды эл ѳкүлү.
Кошулбай кое албасың. Чын эле Конституциялык мѳѳнѳтүндѳ ѳтѳ турган шайлоону жылдырууна талап кылгандар ѳздѳрүн пиарлап жатышат окшобойбу. Болбосо, шайлоону жылдырууга эч кандай мыйзам жол бербейт.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл