Биздин күндө... коррупция гүлдөйт!

Оор кылмышы үчүн качан жоопкерчилик тартат?

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы - “Манас” аэропортуна учактардын учуп, конуусун камсыз кылуучу стратегиялык маанидеги ишкана болуп саналат. Бирок, ишканадагы акыркы жылдарда түзүлгөн моралдык-психологиялык климат, экономикалык абалы ишкананын жетекчилигинин кызмат ордуна ылайыктуулугун карап чыгуу зарылдыгын талап кылууда. Айтайын дегенибиз, ишкана акыркы 7 жылдан бери   “мамлекеттик ишкана” деп аталган менен заты таптакыр ага жооп бербей калган, башкача айтканда, директору Рахманов Улукбек деген инсандын менчик ишканасына айланып баратат. Бул адамдын ишкананы башкарууга моралдык укугу калбай калганы тууралуу айтардан мурда анын ѳткѳнү боюнча кыска сѳз кыла кетели.  

Улукбек Рахманов 2013-жылдан бери аталган ишкананы жетектеп келатат. Ал 2016-жылы 20-август күнү түндө өзү ооругандыгы жөнүндө бюллетенде жүргөндүгүнө карабастан кызматтык “Мерседес” маркасындагы автоунаада Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө баратып, мотоциклчен менен кагышып, натыйжада мотоциклде бараткан адам курман болгон. Мында сиздердин көңүлүңүздөрдү төмөнкү эки жагдайга бургубуз келет: Биринчиден, ооруду деген кагаз менен үйүндө жаткан адамдын мамлекеттик автоунааны жекече иши үчүн пайдалангандыгы мыйзамсыз болуп эсептелет. Экинчиден, өзүнүн мыйзамсыз иши аркылуу бир адамдын өмүрүн кыйганга себепкер болгон адамдын стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишкананы бир күн да башкарганга моралдык укугу жок. Эгерде ал башкалардын өмүрүн сыйласа, жигиттик абийири болсо, ошонун эртеси өз арызы менен отставкага кетиши болчу. Анын өзүнүн колунан келбесе, КРнын Транспорт жана жол министрлиги, анын үстүнөн көзөмөлдөгөн  Өкмөт ага карата тийиштүү чара көрүүсү керек эле. Бирок, тилекке каршы, У.Рахмановдун жогорку бийликте таасирдүү  “жакын адамдары” болгондугунан улам ал оор кылмышты тергеп-тескеп, ага катышы барлардын бардыгына, биринчи кезекте мамлекеттик автоунааны мыйзамсыз пайдаланып, трагедиянын келип чыгышына себепкер болгондун жоругуна укуктук жана моралдык баа берүү ушул кезге чейин аягына чыгарылган эмес.

Мамлекеттик ишкананы мурда соттолгондор башкарып келүүдө…

Аталган ишканада коррупциялык, үй-бүлѳлүк башкаруу орногондугун баса белгилей кетели. Минтип жөн жерден айтып аткан жокпуз. Чыны менен ушундай. Ага ѳзүңүз кѳз салып кѳрүңүз, окурман. Улукбек Рахмановдун үч орун басары жана ишкананын башкы инженери бар, алардын экөөсү мурда коррупциялык айыптар менен соттолгон адамдар. Ишкананын башкы инженери Кенжебай Илипаев мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алгандыгы жана шалаакылыгы үчүн, ал эми орун басары Ахмед Токтосунов кызматтык милдеттерин жетиштүү аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышкан. Шалаакылыгы, жоопкерсиздиги үчүн делинип, убагында кызматтарынан четтетилип, моюндарына тийиштүү беренелерди да илип чыккандарды стратегиялык маанидеги, түздөн түз адамдардын өмүрлөрү, коопсуздуктары менен байланышкан эң жооптуу участкага кайрадан жооптуу кызматтарга койгон канчалык туура? Албетте, туура эмес. Кыргызстанда жогорудагы экөөсүнөн башка ал жерде иштей турган адистер калбай калганбы? Толуп жатат, бирок У.Рахманов ишканадагы жекече кызыкчылыктарына байланышкан маселелерди алардын колдору менен чечкенди ѳздѳштүрүп алган. Жогорудагы эки орун басарынан сырткары, анын Кожоев Манас деген өкүл баласы ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Ал бөлүм аркылуу жыл сайын жүз миллиондогон сомдор айланып турат. Бул абал У.Рахманов  майлуу-сүттүү орундардын бардыгына өз адамдарын коюп, ишканада криминалдык гана эмес, үй-бүлөлүк, коррупциялык башкарууну орнотуп алганын далилдейт. Мамлекеттик ишканадагы мындай көрүнүшкө кандай баа берүүгө болот?

Рахмановдун коррупциялык иш аракеттерине чекит коюлуп, жоопкерчилиги каралышы зарыл!

Эми ишканадагы У.Рахмановдун экономикалык жана коррупциялык ѳзүм билемдиктерине келели. Ишканадагы каражаттардын сарпталуусуна кѳз жүгүртѳ турган болсок, У.Рахманов мамлекеттин ишкананын акчасын ѳзүнүн менчик ишканасындай эле пайдаланып атканына ынанууга болот. Конкреттүү мисалдар менен сандар сүйлѳсүн. Ѳткөн жылы январда башкы директор У.Рахманов эмгектик өргүүгө кетип атканда ишкананын кассасынан ага 474,5 миң сом төлөнгѳн, бирок ал отпускада жүрүп ооруп калгандыгы үчүн кошумча дагы 45,1 миң сом алып алган. Алты күндөн кийин өзүн өзү эмгектик өргүүдөн чакыртып алып, “эмгектик өргүүгө дарылоо жөлөк пулу” деген шылтоо менен ишкананын кассасынан өзүнө 120,6 миң сом, “чакыртылып алынып” иштегендиги үчүн 195,6 миң сом төлөттүрүп алган. Бул Улукбек Рахмановдун ишканадагы “ѳзүмдү ѳзүм билем, ѳтүгүмдү тѳргѳ илем” деген иш-аракеттеринин чети гана. Мындай көрүнүштөргө чек коюлуп, Рахмановдун тизгини тартылбаса, ал мындай жүрүш менен ишкананын эсебинен өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө да акча чегере башташы ыктымал.   

Рахманов тарабынан ишканадагы каражаттардын оңду-солду сарпталуусу муну менен токтобойт. Ишканада өткөн жылы кызматкерлердин “тамак-аштарына  компенсация үчүн” деген шылтоо менен негизсиз 12 миллион 933,5 миң сом төлөнүптүр. Маданий-массалык иш чараларга 2 миллион 568,4 миң сом сарпталган. Муну У.Рахмановдун ишканадагы ѳзүм билемдиги, тоотпостугу, ишканага менчик күркѳсүндѳй мамиле кылуусу катары баалабаганда эмне дейбиз?! Ишкананын кирешесинин каалагандай сарпталып, жумшалуусу – бул У. Рахмановдун чектен чыккандыгы, бюджетке түшчү акчаларга кыянаттык менен мамиле кылуусу. “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишкана эмес, ал менчик күркөгө айланган деп айтып атканыбыз ошондон. Кирешелерине мамлекет ээ боло албай жаткан, бир ууч адамдар каалагандай чачып аткан ишкананы кантип мамлекеттик деп атоого болот?

Ишкананы Башкы прокуратура текшерип, финансылык мыйзам бузууларды аныктаган. Башка ишкана-уюмдарда уурдалгандар, максатсыз жумшалгандар күнөөлүүлөрдөн өндүрүлүп, атайын эсепке түшүрүлүп, ага мектептер, балдар бакчалары курулууда. Эмне үчүн “Кыргызаэронавигацияда” максатсыз чыгымдалган ондогон миллион сомдордун бир тыйыны да кайра өндүрүлбөй келет? Пандемиянын айынан беткаптарга, дары-дармектерге акча жетпей жатканда алар бюджетке түшүрүлсө, элге чоң жардам болбойт беле! Эмне үчүн Башкы прокуратура уурдалгандар, максатсыз чыгымдалгандарды У.Рахмановдон  өндүрүү жөнүндө чечим чыгарбайт?! Же У.Рахмановго эч кимдин алы жетпей калганбы?

Эсептөө палатасы ишканадагы каржылык тартип бузууларды убагында аныктап, сунуштарын беришкенине карабай ал боюнча Ѳкмѳттѳн эч кандай чечим болбой келет. Эмне үчүн? Бизге жеткен маалыматтарга ишенсек, Рахмановдун Ак үйдөгү, Өкмөттөгү колдоочулары ишти жаап, токтоттуруп салышат экен.

Ишканада өткөн жылы медико-санитардык бөлүмдү кармоо дегенге 17 миллион 076,5 миң сом сарпталыптыр. Бирок ишканада оорукана же амбулатория жок. Анда бул жѳн гана  мамлекеттик каражаттарды ѳѳнѳѳнүн эле бир жолубу?  

Булардан сырткары, У.Рахманов өзүнө өзү өз буйругу менен ГСМди каалаганча чыгымдоо укугун ыйгарып алган. Бул анын жеген-ичкендерин деле ГСМга төңкөп салса боло берет дегендикти билдирет. Текшерүүлөрдө ГСМга 213,3 миң сом, кызматтык автоунаасынын айдоочусуна 850,6 миң сом ашыкча сарпталгандыгы аныкталган менен алар да ордуна коюлган эмес. Эмнеге?

У.Рахманов ишканага кредит алуу аркылуу акча жасоону да ѳздѳштүрүп алганбы деген суроо туулбай койбойт. Анткени, ал мындан үч жыл мурда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан насыя алып, ага жалпы суммасы 460 миң долларлык  аэронавигациялык жабдуулар сатып алынган, бирок таң калыштуусу, ал жабдуулар эски болгондуктан ушул күнгѳ чейин тийиштүү жерлерге орнотулган эмес. Үч жылдан бери орнотулбаган, пайдаланылбаган жабдууларды эмнеге сатып алышкан? Муну менен У.Рахманов иштебеген жабдууну насыяга сатып алып, ишкананы жѳн жерден карызга батырып атпайбы! Насыянын тѳлѳмдѳрү ишкананын эсебинен тѳлѳнүп атат. Мамлекеттик ишканага келтирилген бул зыяндын орду Рахмановдун эсебинен толтурулабы?

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндѳ ишканада штаттык бирдиктерди түзүп, кармоодо да ысырапкорчулукка, ишкананы башкарууда чарбасыздыкка жол берилгендиги аныкталган. Алсак, ашыкча штаттарды түзгөндөн улам өткөн жылы жалпы суммасы 3989,5 миң сом ашыкча чыгымдалган. Мисалы, башкы директордун чарбалык иштер боюнча орун басары штатынын айлыгына 1222,7 миң, соц фондуга төлөмү үчүн 208,3 миң, ага бекитилген кызматтык автоунаанын ыгым-чыгымдарына 911,1 миң сом, аппарат жетекчисинин айлыгына 1428,6 миң, соц фондуга төлөмүнө 218,8 миң сом сарпталган. Рахмановдун ишкананын каражатын каалагандай сарптоосу муну менен бүтпөйт. “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасында аппарат башчысы деген штат ачып, ага У.Рахманов эң жакындарынын бирин дайындап, анын айлык-сыйлыктарына миллиондогон сомдор төлөнгөн. Мындан улам ишкананын кирешеси автоматтык түрдө 3989,5 миң сомго азайып, республикалык бюджетке 997,4 миң сом түшпөй калган.

Текшерүүчүлөр башка бир катар  штаттык бирдиктердин  да мыйзамсыздыгын айтышкан. Бирок, алардан жетекчи У.Рахманов кымындай да жыйынтык чыгарган эмес. Анын ордуна ал “Менин Ак үйдөгү колдоочум турганда мени бул орундан эч ким кыймылдата албайт” деп мактанып жүрѳрүн билдик. У.Рахмановдун айтканы чын болсо, анда президентибиздин айланасындагы мамлекеттик ишкананын “менчик күркөгө” айлануусуна “колкабыш” кылып жүргөн аткаминерлер кимдер?   

Учурдагы президенттин тазалыгы, калыстыгы, чыныгы элдин камын ойлогон мекенчилдиги эч кимде шек туудурбайт. Ал коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзүп келатат. Бирок, анын айланасындагы айрым кутумдардын дагы деле ичкичтерди, жегичтерди калкалап, анын  ишине, абийирине көлөкө түшүрүп келатышканы ѳкүнүчтүү. Кечээ жакында эле президент парламентте сѳз сүйлѳп, анда “Кыргыз темир жолу” ишканасында коррупциялык схеманын бети ачылганын, ага катышы барлар да, калкалап келгендер да катуу жазаланарын айтты. Президент “Кыргызаэронавигация” ишканасына да кѳңүлдү катуу буруп, У.Рахмановду калкалап, жаап жашырып келаткан чиновниктерге чараларды кѳрүшү керек. Ансыз ѳлкѳ башчынын коррупцияга каршы күрѳшүү, таза эмес жетекчилерден тазалоо аракети, ниети ишке эч качан ашпайт.  

Азыр эл кыйналууда, пандемия кыйынчылыктарды андан бешбетер тереңдетти. Араңдан зорго күн өткөрүп жаткандар да аз эмес. Мындай учурда мамлекет өзүнүн киреше булактарына сарамжалдуу мамиле кылып, мамлекеттик ишканалардагы жогорудагыдай көрүнүштөрдү жоюп, аларды башкарууну жакшыртуу зарыл. Ал максатта Өкмөт “Кыргызаэронавигациянын” ж.б. ишканалардын жетекчилерин сынактын негизинде тандап алып, дайындоосу керек эле. Ошондо жетекчинин жоопкерчилиги артат, жең ичинен дайындала берсе, айтылгандай терс көрүнүштөр азайбайт. Эмне үчүн премьер-министрлердин бири да аталган кызмат ордуна сынак жарыялап, татыктуу жетекчи дайындалбай келет?

Бүгүн күндө мыйзамдык талапка ылайык, У.Рахмановдун кызматтык ыйгарымы каралып, узартылышы же токтотулушу керек. Бүгүн анын кызматта олтуруусунун өзү мыйзамсыз. Жамы журт пандемияга каршы күрөшүп аткан чакта “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” дегендей абалдан пайдаланган У.Рахманов кызматта кайра калуунун амалын көрүп, буту бутуна тийбей чуркап жүргөнүн эшиттик. Бирок ар бир нерсенин чеги болот. Буга чейин бир канча  ирет сөгүштөрдү алып, мамлекеттик ишканада өз билгендерин жасап, “кутуруп” келаткан Рахмановдун криминалдык, коррупциялык иш-аракеттерине чекит коюлуп, анын  жоопкерчилиги каралышы зарыл! Андай болбосо, Кыргызстанда  коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзамдуулукту орнотуу деген сөздөрдүн эч кандай маани-маңызы калбай калат!

Арстан Тариэлбергенов

Булак: “Майдан.kg” гезити