Соцтармактан  

Мен ак менен караны, чындык менен жалганды айырмалай билген замандаштарыма кайрылгым келет. Биринчи кезекте азыркы оор мезгилде ден соолуктарын аябастан күнү-түнү  илдетке каршы тик туруп, элдин саламатчылыктары үчүн күрөшүп жаткан ак халатчандарга, аларды материалдык-техникалык нерселер, жабдуулар, дары-дармектер  ж.б. менен камсыз кылып жатышкан жетекчилерге терең ыраазылык билдирип, алардын иштерине чоң- чоң ийгиликтерди каалагыбыз келет.

Биз аймагынын 80 пайыздан ашыгы адам жашаганга ыңгайсыз деп эсептелген, газы, күйүүчү майлоочу майлары жокко эсе транспорттук туңгуюкта жайгашкан, өнөр жайынын баары кыйраган жарды өлкөбүз. Пандемия күч алганда алтын-валюталык корлору жетишерлик өлкөлөр жарандарына дары-дармектерди сатып алуу, өздөрүн зарыл продукциялар менен камсыз кылуу үчүн ири өлчөмдөрдөгү каражаттарды таркатышты. Ал эми биздин мамлекеттин андай жардам кылганга мүмкүнчүлүгү жок, биздин болгон байлыгыбыз көп улуттуу топуктуу элибиз, жалпы аймагынын 10 пайызынан бир аз ашкан айдоо жерибиз, мөлтүр кашка сууларыбыз. Бизге бир да өлкө өтө чоң жардам көрсөтпөйт, бизди эч ким багып да албайт. Алардын өздөрүнүн кызыкчылыктары бар, ошого жараша гана иш кылышат. Ошондуктан биз пандемия күчөгөндө башка индустриалдык  өлкөлөрдөй курама ооруканаларды кура албадык, чындыгында алардын зарылчыгы деле жок. Азыр ЖОЖдордун канчалаган жатаканалары, окуу корпустары бош турат. Жаңы нерселерди кургандан көрө ошолорду эле пайдаланган алда канча арзанга түшөт. Пандемия деген балээ элдин баарынын аңын учурууда, ушул убакка чейин не деген мыкты адамдарыбыздан айрылдык. Бирок, пандемия алгач айтышкандай, вирус эле эмес, башка кыйыр зыяндары да бар дарт экен. Өпкөлөрүнөн кагынып ооруугандар, жарыкчылыктан эрте кеткендер күн сайын көбөйүүдө. Президент менен Өкмөт кырдаалга  жоопкерчиликтүү карап, илдетти таркатпоо, чалдыккандарды айыктыруу боюнча колдорунан келгендердин  бардыгын жасашууда. Биз аларга терең ыраазылыктан башка айтарыбыз жок. Кудай элдин саламатчылыгы үчүн күрөшүп жаткан ак халатчандарга, мамлекет башчысына ден соолук жана жигер-кайрат гана берсин!  Президент кудай жолундагы адам. Андан кымындай да шегим жок. Президенттин  баарыбызга каалаганы жакшылык, ден соолук жана аманчылык, байгерчилик. Бирок, өлкөбүздүн каржылык ресурстары өтө эле чектелүү болсо эмне кыла алабыз?

Президент, Өкмөт илдеттин биринчи толкунун оздуктоо боюнча эң мыкты иштерди алып барганын акыйкаттык үчүн баса белгилеп айтып кетким келет. Адегенде карантиндик чараларды, анан чукул абалды киргизди. Ал экономикабызга, бюджетке  аябагандай оор сокку болду. Бирок, башка оптималдуу жолубуз жок болчу. Эгерде илдеттин экинчи толкунунда да карантиндик талаптарды, жекече гигиеналык эрежелерди толук сактасак, мүмкүн экинчи толкун болмок деле эмес. Пандемиянын июнда күчөп кетүүсүндө бардыгыбыздын күнөөбүз бар,  ал эми “коронавирус деген илдет жок, бет кабыңарды ыргыткыла!” деп элге тескери үгүт жүргүзгөндөрдүн күнөөлөрү ат көтөргүс.

Бизди  буга чейин эки качкын президент, эмне кылгандыгы белгисиз дагы бир айым, оозуна алы жетпеген алкоголик сөйрүк да башкарды. Буга чейин чындыгында мамлекет башчысынан жолубуз болбоду. Бир убакта таза адамдарды бийликтен кетиргендигибиз үчүн кудай бизди чындап жазалагысы келсе керек. Бизге кудай жолундагы, сөздөрү ордунда, кандай иш жасабасын пиар кылышты билбеген, жаман адаттары жок, колу таза, жупуну мамлекет башчысы эми гана келди. Биз муну да баалабай, ага да асыла берсек, А.Масалиевди кетиргенден кийин  кудай “силерге ичкичтер менен жегичтерден, качкындардан, сөйрүктөрдөн башка эч ким жакпайт экен” деп Кыргызстанды  жазалагандай кылып, дагы жазалашы мүмкүн. Ошондуктан президентибиз Сооронбай Жээнбековду барктайлы, анын дарегине помойкадагы фейктик материалдар, жалаалар айтылып жаткандыгы намысыма, арыма келтирүүдө. Же Кыргызстандын мамлекет башчысы Акаев, Бакиев, АША үчөөсүндөй гана болуш керекпи?  Жок  бизге андайлардын кереги жок. Азыркы президент чындыгында мага жагат. Бүгүнкү президентибизге колубуздан келишинче колдоо кѳрсѳтүп, оорун колдон, жеңилин жерден алууга кѳмѳктѳшѳлү!

Биз атың ѳчкүр коронавирус илдетин биримдик, бир муштумдай ынтымак менен гана жеңе алабыз!  Максатыбызды ушул багытта бириктирели!

Ж.Кадыров, Бишкектин жашоочусу

Булак: “Майдан.kg” гезити