Оош-кыйыш

Мурдагы президент Алмаз Атамбаев мурдатан эле ден соолугунун чыңдыгы менен айырмаланган эмес. Ага ачкыл-кычкылдар кошулгандыктан ал Ак үйдүн жетинчи кабатында, Түркияда бир нече ирет эси ооп калгандыгын да билебиз. Ал жакында өпкөсүнүн эки жагынан сезгендиги үчүн Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалагына караштуу ооруканага  жаткырылды. Албетте, анын кай жерде экендигин жашырып, ага эч кимди жолуктурбай жаткандыгы түшүнүктүү. Ал кримавторитет А.Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштургандыгы үчүн үй-мүлктөрүнүн баары конфискациялануу менен 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

АША ооруканага жаткырылар менен үй-бүлө мүчөлөрү, биринчи кезекте балдары ага илдетти атайы жуктурушуп, госпиталдаштыргандыгы жөнүндө билдирүү таркатышты. Алардан башкача реакцияны күткөн деле эмеспиз. Бирок, АШАнын карантиндин талаптарын сактап жата бербестен адвокаттары менен кайра-кайра жолугуша бергенден улам Ысык-Атадагы туугандарынын арасында илдетке чалдыккандар менен аралаш жүргөн адвокат З.Жоошевден жуктуруп алгандыгы айтылды. Ал коронавирус эмес, бирок  пневмония. Чындыгында карантиндик, санитардык талаптарды сактап жата берсе, илдетке чалдыкпоо үчүн УКМКнын СИЗОсунан өткөн ишеничтүү жай жок. Сырттагылар менен контакт жокко эсе болсо, Бишкектин көчөлөрүндө илдетке чалдыккандар жайнап жүрүшкөндө, ал жерде  күндөлүк талаптарды аткарып коюп жата берсе, эч кимге деле илдет жукпайт. Бирок, АШАнын балдары, адвокаттары жаздан бери үй камагына чыгаруу жөнүндө талап кылып келишкен. Алар белгисиз бир максатта АШАнын СИЗОдон чыгаруу үчүн ага илдетти атайылап жуктурушу да ыктымал. Адегенде ооруканага чыгарып, анан бир күнү чет өлкөлөрдүн бирине качырып жиберүү планы болушу да мүмкүн. Же аны “Кой-Таш  республикасын” бирге курушкандар күч менен чыгарып кеткенге аракет кылуулары да ыктымал.

Эң оор берене менен соттолгон адам ден соолугуна байланыштуу ооруканага которулса, аны менен сырттагылардын контакттары  максималдуу чектелүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, ага карабай эле Кадыр деген баласынын: “атама жолуктурбай жатышат, ага берип жаткан дарылары да эскирген” дегендей билдирүүлөрдү таратып жаткандыгы  жөн эле демагогия. Эгерде кокус балдарынын биринде да вирустун инфекциясы болуп, АШАнын абалы биротоло начарлап кетсе эмне болот? Албетте, анда алар ал үчүн да бийликтегилерди, анан оорукананын жетекчилерин айтыптап чыгышмак.

Бир туугандары менен өздөрү түзгөн жаңы партия менен парламенттик шайлоого катышууну чечишкен АШАнын балдары кандай жол менен болбосун элдин  көңүлүн өздөрүнө бурдурганга аракеттенишүүдө. Алар бул максатта көптөгөн фейк материалдарды таркатышты. Эми өздөрүнүн атасынын тумоолоп калгандыгын да көбүртүп, жабыртып, бийликтин бир кыянаттыгы катары көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Бирок, бийлик үчүн АШАны бардык тергеп, тескеп, соттук иштери аяктагыча чачынан бир тал кылын да түшүрбөй сактап, анан тийиштүү жерге өткөрүп берүү  башкы максат экендигин түшүнгүлөрү келбей жатат. Азыр АШАнын ооругандыгынын анын балдарынан башка эч кимге пайдасы жок.

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №21 (456), 08.07.2020-ж.

Тема: