Ар кандай шайлоолордун алдында марафондо шанстары бар саясатчылардын арасынан бокочолорду издеп, бир жол менен  аларды элге жаман көрсөтүп, атаандаштарды азайтуу аракети көз карандысыз кыргыз саясаты түптөлгөндөн бери калыптанган көрүнүш.

Ошондуктан айрым ЖМКларда, социалдык тармактарда “Ата-Журт” партиясынын тең төрагаларынын бири, бала болуп, башына жүн чыккандан бери, өзгөчө 1990, 2010-жылдардын июндарындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаңдуу окуяларда эр жүрөк тайманбастыгы, мекенчилдиги жана интернационалисттиги менен айрымаланган кадимки Камчыбек Ташиевдин дарегине ар кандай ушактар айтылып, жалаалар жабылып жаткандыгына таң калбай эле коюңуздар.Бул бир жагынан жогорудагыдай улуттук саясатыбызга мүнөздүү тутумдан өңүттөн алганда, мыйзам ченемдүү  да көрүнүш болсо, экинчи жагынан алганда, “мөмөлөрү көп даракка гана көбүрөөк таш ыргытышат” дегенди да көңүлдөн чыгарбаган оң. Алар эмне дебесин Камчыкебиздин биротоло орноп калган  эл арасындагы кадыр-беделине, таасирине кедергисин тийгизүүсү эң эле кыйын.

Ток этерин айтсак, аны бул жолу айрым айтмакер, жазмакерлер “Бул ирет Камчыбек Ташиев реваншист Бакиевдердин “Садыр Жапаров” долбоорун улантат” деген мазмунда өздөрүнүн ойлоруна келгендердин, фантазиялары жеткендердин бардыгын жазышыптыр. Ага К.Ташиевдин парламенттик шайлоого эски досу Садыр Жапаровдун “Мекенчил” партиясын жетектеп бара тургандыгы шылтоо болуптур. К.Ташиев “Ата-Журттан” эч кайда кеткен жок, анын “Мекенчилди “ да жетектөөнү өзүнө алуусу биринчиден, досунун көңүлүн алуу болсо, экинчиден,  электораттарынын географиялык аймактарын кеңейтип, көбөйтүү аракети экендигин ким болбосун түшүнүп турат. Азыр сыноо алдында элдешкис душмандар да биригишип, абышкалар жаштарга кошулуп, өздөрүн “Жаңы дем” жарыялашып, шанстарын аз да болсо арттырууга далалаттанып жатышканда Камчыкебиздин “Мекенчилди” жетектеп, каржылоону да өзүнө алгандыгы  - анын кандай учурда болбосун достукка бекемдигин,  колунан келсе, анын тарапташтарына да сүрөөчү  болгусу келип жаткандыгын гана айгинелейт.

Бул үчүн аны Бакиевдердин долбоору катары жарыялоо жөн эле кыргыздын ички саясатын билбеген компетентсиздик. Анткени, Камчыбек Ташиев ӨКМди жетектеп турганда аны ал жерден Бакиевдин оң колу кадимки Данияр  Үсөнов кетиргендигин бала деле билет. Эгерде Бакиевдер Ташиевди ошончолук эле жакшы көрүшсө, жок дегенде оолуккан Данчиктен сактап калышпайт беле? Ал эми Кыргызстанда “Ата-Бейитиңерге барбайм, ал жерде жаткандарды урматтабайм, Бакиевдердин эч кандай күнөөлөрү жок, аларды Кыргызстанга алып келүү керек” деп ачыктан ачык эле он жылдан бери айтып, азыркы бийликтегилерге бокочолорго салыштырып жүргөн таптакыр башка саясатчы экендигин, ал мурдагы президенттик, парламенттик шайлоолордо да алардан аябагандай көп акчаларды алгандыгын эсибизден чыгарбасак.

Ооба, К.Ташиев Бакиевдерге жердеш, бирок Бакиевдерге ыраматылык  Дооронбек Садырбаев, Баяман Эркинбаев, азыркылардан Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Жусупжан Жээнбеков дегендер деле жердеш, атүгүл Өмүкебиздин катышчылык да жагы болгон. Ошондуктан бир адамды экинчи одиоздуу инсанга жердеш болгондугу үчүн гана  ар нерселерден шектенип, күнөөлөп, ар нерселерди жабыштыра берүү - обьективдүү чындыкка таптакыр жакындашпайт. Жердештердин арасында бири экинчисин көрмөк түгүл атын уккусу келбегендер бул турмушта толтура экендигин жакшы билесиздер. С.Жапаровдордун Бакиевдер менен болгон мамилелери өзүнчө сөз, азыр ал жөнүндө   ар кандай божомолдорду жасап, фантазия жеткендердин бардыгын айта берсе болот. Бирок, азыркыдай сатмакерлик кыргыз саясатынын негизги жүзү болуп турганда кадимки харизмасы, кайраты ашкан Камчыкебиздин түрмөдө жаткан   досунун  аброюн көтөрүп, анын партиялаштарын да алга сүрөгөнү жатканы - чыныгы жигиттин гана колунан келчү, эрдикке тете көрүнүш. Колуңардан келсе, досторуңардын аброюн ушинтип көтөргүлөчү!

Булак: “Майдан.kg” гезити