Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сейитбек жана Кадыр саясий ишмердүүлүгүн жаңы түзүлгөн «Кыргызстан социал-демократтары» партиясы менен жүргүзүп жатат. Аталган партия күзүндө боло турган шайлоого катыша турганы айтылууда.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 21-майда «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жарыялап, партия мүчөлөрүнүн ортосунда пайда болгон ажырымды ачыкка чыгарды.

«КСДПнын убактылуу лидери Асел Кодуранова менен Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевди ачык колдобой калышкан. Адил Турдукулов тарапка ооп, Атамбаевди сатып кеткен Туйгуналы Абдраимов менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткандарын эске алып, биз “Кыргызстан социал-демократтары” деген ат менен жаңы партия түзүп, каттоодон өткөрдүк. Мындан ары биздин партиянын бардык иш-чаралары жана жолугушуулары Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодурановасыз өтөт”.

Мурдагы президенттин тарапташтарынын ортосунда жик кеткени тууралуу Ирина Карамушкинадан башка эч ким кенен түшүндүрмө бере элек.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов пайда болгон ажырым боюнча мындай деди:"- Бул көрүнүш Алмазбек Атамбаевдин балдарынын саясий көрөңгөсү жок экенин далилдейт. Алар ушундай оор кырдаалда КСДП мүчөлөрүн бир муштумга бириктирүүгө басым жасап, идеялаш саясатчыларды бир партияга чакырышы керек эле. Бирок Атамбаевдин балдары өздөрүнчө кайрылуу жасап, ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатат. Саясий кеңештин мүчөлөрүнө бул көрүнүш бүдөмүк ойлорду жаратып, ыңгайсыз абалда турабыз".

Эки партиянын аталышында аз эле айырма болгону менен "Кыргызстан социал-демократтарынын" Кыргызстан социал-демократиялык партиясынына (КСДП) тиешеси жок.

Жаңы партия 2019-жылдын декабрь айында Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Жетекчи катары Жыргалбек Ишенов аттуу жаран жазылган.

Алмазбек Атамбаевдин балдары КСДП ичиндеги ажырым боюнча коментарий бере элек. Байланышканыбызда кыска гана “жакында маалымат чыгат” деп жооп беришти.

Аларды жандап жүргөн КСДП партиясынын саясий кеңешинин дагы бир мүчөсү Темирлан Султанбеков 21-майда “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган: "- Саясий кеңеш чогулуп бардыгын талкууга алышыбыз керек. Ар бири партия үчүн жасаган иши жөнүндө маалымат берсин. Андан кийин сын пикирлерге өтөбүз. Балким кесиптештердин иш алып баруу боюнча сунуштары бардыр. Пикирин ортого салса, саясий кеңеш баасын берет. Кандай болгон күндө да маселени саясий кеңешке чейин талкуулоо башкалардын ишинө көө жабууга жана каршылаштарыбыздын КСДПга чабуул жасашына шарт түзүп бербеши керек".

2019-жылдын 6-апрелинде КСДПнын жаңы түзүлгөн саясий кеңешине 42 адам кирген. Курамында парламенттин сегиз депутаты, журналисттер жана коомдук ишмерлер бар болчу. Алмазбек Атамбаев камалгандан кийин партияны Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп калган.

Саясий кеңештин мүчөсү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, КСДПнын тегерегинде түзүлгөн кырдаал эмки жумадагы жыйында ортого салынат: "- 26-май күнү Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин кезектеги отуруму болот. Партиянын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова 18-майда катчылыкка жыйын уюштуруу тууралуу тапшырма берген. Ал жерде партиянын ички маселелери жана өлкөдөгү кырдаал талкууланат. Ошондон кийин расмий билдирүү таратабыз".

КСДП партиясын 1993-жылы Алмазбек Атамбаев түптөгөн. Мурдагы президент 2019-жылдын 8-августунан бери УКМКнын тергөө абагында камакта.

Ал Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жатат. Жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, КСДП айланасындагы акыркы окуялар боюнча Алмазбек Атамбаевдин толук кабары жок: "- Тергөө абагына камалгандан бери Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап жатат. Кан басымы өтө төмөн. Мен саясий иштер жөнүндө көп деле сүйлөшпөгөнгө аракет кылам. Балдары, КСДПнын башка мүчөлөрү партияны сактап калууга, ишмердүүлүгүн алдыга жылдырганга аракет көрүп жатканын билет. Бирок коомчулукка тарап жаткан КСДПнын бөлүнүшү боюнча кабары жок".

Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин маалында ташы өргө кулаган КСДПда ажырым алгачкы жолу болуп жаткан жок. Мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы саясий тиреш учурунда да экиге бөлүнгөн.

Атамбаев кызматын тапшыргандан кийин, КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймыл түзгөн. Абдрахмановду Юстиция министрлиги 2019-жылы КСДПнын лидери катары каттап, партиянын дарегин өзгөрткөн.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков ири партиялардын ичтен ирип жатышына саясатчылардын туруксуздугу себеп деди: "- Кыргызстанда мигрант саясатчылар көп болуп жатат. Алар Акаевдин заманында “Алга, Кыргызстан” партиясына кошулуп, бийлик алмашканда Курманбек Бакиевдин “Ак Жолу” менен шайлоого катышты. Алмазбек Атамбаев президент болгондо КСДПнын катарына өтө качышты. Азыркы бийлик күзүндө боло турган шайлоого эки партия даярдап жатканы айтылып жатат. Мигрант саясатчылар алардын да тилин табат. Ал партиялар да шалдырай түшкөндө кийинкиге өтүп кетет. Биздеги саясий миграциянын мыйзамы ушундай болуп калды”.

КСДП 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партиялардын алдында келген. Анын шыбагасына Жогорку Кеңештен 38 мандат тийген эле.

Булак: "Азаттык"

Тема: