Ой-санаа

Коронавирус “акылдуу” илдетпи?

Коронавирус илдети - дүйнөгө эң оор сыноо болду. Анын экономикалык, саясый жана моралдык психологиялык кесепеттери 1929-1933-жылдардагы улуу депрессиядан да чоң болгондугу айтылууда, жазылууда. Жараткан биздин маңдайыбызга ушуну да сызып койсо эмне кылабыз. Бул өзүнчө сөз. Ал эми коронавируска келсек, анын соккусунан  өткөн кылымдын экинчи жарымынан калыптанган дүйнөлүк тартип, экономикалык державалардын позициялары солкулдай түшкөндүгүнө күбө болуп атабыз. Илдет каптаганда шериктештиктер, блоктор унутулуп, ар мамлекет өзү менен өзү болуп калды. Пандемиянын алдын алуу боюнча эл аралык медициналык механизмдер иштеген да жок. Иштесе илдет дүйнөнүн 200дөй өлкөсүнө тарамак эмес. Таң калтыра турган нерсе, илдет экономикасы, социалдык чөйрөлөрү артта калгандарды эмес, биринчи кезекте экономикасы, медицинасы өнүккөн өлкөлөрдү чоң чыгымдарга учуратууда. Кытайдын жанындагы Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөр андан өзгөчө жабыр тартышкан деле жок, ал эми АКШда ак расадагыларга караганда теги Африкадан чыккандар көбүрөөк чыгымга учурашууда. Же таажы вирусу деген балакет адамдарды жаштык өзгөчөлүктөрүнө карата гана эмес, географиялык, расалык өзгөчөлүктөрүнө жараша тандап бутага алгандыгы менен айырмаланууда. Анын себептери эмнеде экендиги азырынча белгисиз, ар кандай божомолдор айтылууда, жашыруун-жабык изилдөөлөр жүрүүдө, аман болсок анын жыйынтыгын да көрөрбүз, бирок пандемия башталгандын алгачкы күндөрүнөн тартып Кыргызстандын бийлиги кырдаалга адекваттуу реакция жасап, илдеттерин кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтууга, жеңилдетүүгө жетишкендигин ачык айтуубуз керек.

Президентке, өкмөткө рахмат...

22-марттан тартып өлкөнүн илдет катталган аймактарына чукул кырдаал, андан эки күн өтпөй коменданттык сааты менен кошо чукул абал киргизилгендиги туура болгондугун турмуш ырастоодо. Президент демилгелеген чараларды депутаттар колдоп, аны өкмөт акыбалынын жетишинче ырааттуу жүзөгө ашырды. Штабдар түзүлүп, алар илдетке каршы күрөш менен бирге аярлуу үй-бүлөлөргө  жардамдарды да уюштурушууда. Коменданттык саат, карантиндик чаралар киргизилген менен анын талаптарын бузгандарга каршы ашкере агрессивдүү чаралар да көрүлбөдү. Айрым башка өлкөлөрдө коменданттык саатты, карантиндик чараларды бузгандарга куралдар, атайын техникалар, дубинкалар  колдонулгандыгын да көрдүк. Индия, Кения, Нигерия сыяктуу өлкөлөрдө полиция кызматкерлеринин  колдорунан өлгөндөрдүн саны жүздөн ашып кетти окшойт. Кудайга шүгүр, бизде ага жетпеди. Булардын баары илдетке каршы күрөштү уюштуруп, жетектегендердин иштериндеги позитивдер болуп саналат. Кыргызстанды илдет аралагандан тартып, ал айрым кошуна өлкөлөрдөгүдөй жашырылып жабылбастан бардык маалыматтар ачыкка чыгарылып, убагында элге жеткирилүүдө. Илдетти тооткусу келбеген же жөн эле аны убагында байкабай калган кошуналарыбызда абал кандай экендигин көрүп жатабыз. Алыс барбай Тажикстанды эле алалы. Бизде кырдаал курчуп, өкмөт чукул чараларды көрүп атканда Тажикстанда илдеттин жыты да жок болчу. Биздеги айрым оозуна алы жетпегендер “тажик бийлиги алдын алуу чараларын көрүп, кырдаал жакшы, кыргыз бийлиги шалаакылык кылып, илдеттин жайылып кетүүсүнө жол берди” дегендей катуу сынга алышкан. Бирок абал биз ойлогондой эмес болуп чыкты. Бүгүнкү күндө Тажикстанда коронавирус илдетин жуктуруп алып, обсервацияга алынгандардын саны 16-майга карата 1322 адамды түздү. Бир сутканын ичинде 200дөн ашык  илдет жуктурган жарандар аныкталды. Көз жумгандардын саны 40тан ашып, бул көрсөткүч боюнча Тажикстан Борбордук Азияда лидер аталды. Ошол эле мезгилде тажик коомчулугу өлгөндөрдүн саны алда анча көптүк кыларын, тажик бийлиги элден жашырып атканын айтып, жазышууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда абал курчуп, көйгөйлүү болуп баратканын билдирди. Ошону менен бирге айрым көз карандысыз маалымат булактары бир катар  кошуна өлкөлөрдө илдеттен күнүгө ондогон адамдар көз жумгандыгын билдиришип, алардын мүрзөлөрүнүн сүрөттөрүн да таркатышууда.

Экинчи толкундан кудай сактаса экен!

Илдетке каршы күрөштүн башталышында Өкмөттүн ишинде айрым  кемчиликтер, катачылыктар да болгондугу чын. Алсак, мурдагы саламаттыкты сактоо министри февралдан бери элге, президентке “бизде тийиштүү жабдуулар жана медикаменттер жетиштүү, илдетке каршы күрөшкө даярбыз” деген мааниде убадаларды көп берген менен иш жүзүндө дартка чалдыккан медициналык кызматкерлер, посттордо тургандар үчүн атайын кийимдердин, дезинфекциялоочу каражаттардын, беткаптардын ж.б. жетишсиздиги  бир катар кыйынчылыктарды жараткандыгы чындык.  Күнөөлүүлөр жазаланып, кемчиликтер четтетилди, адегенде 40-50 сомго чыккан беткаптар азыр 10 сомго түштү. Атайын костюмдар, дезинфекциялоочу каражаттар жетишерлик.

Бир сөз менен айтканда, илдетке каршы күрөш иштиктүү жолго түшүп, экономиканы, жай турмуш-тиричиликти жандандыруунун экинчи этабы жүрүп жатат. Анын аркасынан үчүнчү этабы киргизилгени турат. Бирок, мында өтө этияттык талап кылынат. Анткени, Кытайдын илдет тараган Ухань шаарында алиге чейин күнүгө бештен-алтыдан, кээде андан да көптөн вируска чалдыккандар катталып жаткандыгын угуп, окуудабыз. Анан Россиянын медицина жаатындагы адистери илдеттин биринчи толкуну ооздукталгандан кийин экинчи толкуну башталып кетүү коркунучу бардыгы жөнүндө коңгуроо кагышууда. Бизге жума сайын ар тараптардан жүздөгөн мекендештерибиз алынып келинүүдө. Андай көрүнүштөр күзгө чейин токтобойт окшойт. Алардын арасында илдеттин очокторунан келип жаткандар да аз эмес. Билишибизче, алар үч күн текшерилип, анан үйлөрүнө коё берилет экен. Текшерилген убакта вирус инкубациялык абалда болуп, беш-алты күндөн кийин козголо баштоосу толук мүмкүн. Ага чейин илдетке чалдыккан адам айланасындагылардын көбүнө вирусту жуктуруп жибериши ыктымал. Андай болбоосу үчүн сырттан келгендердин бардыгы эки жумадан обсервацияларга жаткырылса, эң туура болмок. Бирок, ага республикабыздын каржылык, жайлык мүмкүнчүлүктөрү жетеби?

Маселенин баары ушунда турат.

Автандил Белеков

Булак: “МАЙДАН.KG” гезити

Тема: