Же ашкере кууланып, шумдангысы келгендер жөнүндө

Мудагы президент А.Атамбаевдин жана экс-премьер Сапар Исаковдун, АШАнын жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жактоочулары “№1-СИЗОнун бир кызматкеринен коронавирустун белгилери табылыптыр”- деген шылтоо менен: “ал илдет А.Атамбаев, С.Исаков, К.Сагынбаев үчөөсүнө да жуккан, демек алар үй камагына чыгарылып, карантин мезгилинде соттук кароолор токтотулуусу керек”- деген маанилерде ызы-чууларды чыгарышууда.

Биринчиден, №1-СИЗОнун бир кызматкеринен чын эле илдеттин белгилери табылганбы же ал адвокаттардын жана жогорку үчөөсүнүн жакындарынын ойлорунан чыгарылган нерселерби, ал азырынча коомчулукка белгисиз. АША менен анын мурдагы жансакчысы К.Сагынбаев экөөсү ден-соолуктары начарлагандыгы жөнүндө буга чейин бир нече ирет билдиришкен менен ал врачтар тарабынан тастыкталбады. Дарыгерлер дайыма АШАнын, анын мурдагы жан сакчысынын ден-соолуктары дыкат көзөмөлдө, канааттандырарлык экендигин билдирип келатышат. Чын эле анын ден соолугунда сезилерлик өзгөрүүлөр болсо, биринчи кезекте медиктер маселе көтөрүшмөк.

Эгер СИЗОнун бир кызматкерине коронавирус жуккандыгы чын болсо, эмне үчүн ЖМКларга анын аты-жөнү болбосо да инициалдары, туулган жылы, чени маалымдалбайт? Экинчиден, “аларды үй камагына чыгаруу керек”- дешип мыйзамды мыкты билген адвокаттар өз гонорарларын актоо үчүн жөн эле бет тырмарлык кылып жатышат. Алар жогорку үчөөсүн үй камагына чыгарууну талап кылышардан мурда жогоруда аталгандар  Кылмыш-Жаза Кодексинин кайсыл беренелери менен айыпталып жатышкандарын эстешсе жакшы болмок. Алар эстегилери, билгилери келбесе, биз алардын да, коомчулуктун да эсине салуу үчүн үч фигуранттын кандай беренелер менен айыпталып жатышкандарын  санай кетели.

А.Атамбаевге, К.Сагынбаевге каршы “Адам өлтүрүү”, “Адам өлтүрүүгө аракеттенүү”, “Бийлик өкүлдөрүнө карата күч колдонуу жана аларды коркутуу”, “Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү”, “Адамдарды барымтага алуу”, “Мыйзамсыз курал алып жүрүү”, “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу”, “Бейбаштык” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Булардан “Бейбаштыктан” башкасынын баары менен эмес, бир беренеси боюнча айыпталгандарды деле үй камагына чыгарганга мыйзам жол бербейт. Өзүңүздөр көрүп турасыздар, жогоруда айтылгандардын бардыгы коом үчүн өзгөчө коркунучтуу “терроризмге” барабар айыптардан. Анан террористтерди же атайылап адам өлтүрүп, беш-алтысын жарадар кылганды үй камагына чыгарып жибериптир дегенди деги бир жерден уктуңуздар беле?

Сапар Исаков болсо Кыргызстандын аракеттеги ондон ашык мыйзамын бузуп, ЕРСтик делген келишим аркылуу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке 111 миллион доллар зыян келтиргендиги, бийликти узурпациялагандыгы үчүн айыпталууда. Анын коом үчүн коркунучтуулугу АШАныкынан калышпайт. Баардыгы салыштырганда билинет дейт, элестүү болсун үчүн салыштырып айтсак, 111 миллион доллар деген бир миллиондон ашык адам жашаган Бишкек шаарынын бир жылдык бюджетине барабар  каражат болуп саналат. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, ушундай оор берене менен айыпталып жаткан адамды үй камагына чыгарып болобу? Андай адамдар үй камагына чыгары менен бекиткен каражаттарынын бир бөлүгүнө тийиштүү нерселерди сатып алып, алыскы чет өлкөлөрдүн бирине качып кетишсе, ал үчүн ким жооп берет? Эгерде андай көрүнүш катталса, жогорудагы фигуранттардын баш коргоо чараларын өзгөртүүнү талап кылып жатышкандар баш болушуп, ал үчүн бийликтегилерди айыпташары турган иш.

Ал эми соттук процесстерди кийинкиге калтырып, создуктурууну талап кылып жатышкандары адвокат атпайлардын “презумпция невиновности” дегендей эле ашмалтайы чыккан, примитивдүү эски ыкмаларынан. Анткени, СИЗОдогу ар бир күн айыпталуучу үчүн 2-3 күнгө эсептелет, демек, актоочулар, жактоочулар соттук чечимди канчалык создуктурушса, айыпталуучулар үчүн ошончолук жакшы, алар акталбастыгын жакшы билишет, ошондуктан аларга СИЗОдо отура берген пайдалуу. Бир жыл отурушса, потенциалдуу жазанын 2-3 жылы  өзүнөн өзү жокко чыгат. Бирок, С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, С.Авазов  менен К.Сагынбаевге карата андай тактика аздыр-көптүр натыйжасын берсе, АШАга келгенде таптакыр пайдасыз экендигин ачык айтуубуз керек. Эгерде ага коюлган айыптардын бардыгынын реалдуу мөөнөттөрүн кошуп бир санды чыгарса, ал  эң эле бери дегенде 50-60 жыл болгону турат. Алтымыштан ашкан адамга анча мөөнөттүн анча-мынчасынын азайганынын же кыскаргандыгынын  кандай реалдуу пайдасы бар?

Аны мыйзамдуулуктан аздыр-көптүр кабары барлардын бардыгы, анын ичинде АШАнын актоочулары деле эң сонун көрүп, билип турушат. Бирок, билишсе, түшүнүшсө да АШАнын жакындарынын алдында, коомчулукка  алган олчойгон гонорарларынын бир бөлүгүн да болсо актагандай көрүнүш үчүн ашкере кууланып, шумданып жатышат. Бирок, андай куулук, шумдукка негизделген тактикадан эч нерсе чыкпастыгын бөркүңүздөй көрсөңүздөр болот.

К.Пазыл-Жетикашкаев

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (448), 15.05.2020-ж.

Тема: