Кыргызстанда COVID-19ду жугузуп алгандарды дарылоо, обсервацияда жаткандарды кароо толугу менен мамлекеттин эсебинен ишке ашууда.

Республикалык штабдын 25-апрелде өткөн брифингинде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус менен ооруган бир бейтапты дарылоого кеткен чыгым тууралуу маалымат берди.

Министр Абдикаримов дарылоону каржылоо төрт түрдө ишке ашып жатканын билдирди: "- Коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланат. Бардык чыгашалар бюджеттен каржыланат. Дары-дармек, медициналык каражаттар алынат жана ооруканага жаткандагы орундук үчүн төлөнөт. Дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор. Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша, дарылоого 7 988 сом (жеӊил), 16 миӊ 370 сом (орто), 74 миӊ 764 сом (оор), 118 миӊ 807 сом (өтө оор) сарпталат".

3 миң доллар коомчулукту дүрбөттү

Бирок 24-апрелде өткөн Республикалык штабдын брифингинде Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус менен ооруган бейтапка болжол менен Өзбекстандагыдай эле 3 миң доллар каражат кетип жатканын айткан.

Анын бул сөзү коомчулукта дароо кызуу талкууга алынды. Көз карандысыз эксперт Айбар Султангазиев министрдин орун басары сөзүнөн жаңылып калды деп ойлойт: "- Менимче, министрдин орун басары Нурболот Төлөшович капыстан эле суроо берилсе, адашып калды окшойт. Бир бейтапка 3 миң доллар кетиши мүмкүн эмес да. Абдан оор болгондо деле анчалык кетпесе керек. Азыр мен билгенден коронавирус жугузуп алгандарга парацетамол анан “Калетра” деген дарыны берип жатышат.

“Калетранын” бир банкасы 60-70 доллар турат. Анын баарын бир бейтап ичпейт. Жарымы эле кетет. Балким дарыгерлер, медайымдардын иш акысы, оорукананы кармоо сыяктуу кошумча каражаттарды да кошуп эсептеп жатышкандыр. Канткен күндө деле анча каражат кетиши мүмкүн эмес".

Маалымат ачык эмес

Саламаттык сактоо министри расмий түшүндүрмө берген акча кантип, эмненин негизинде эсептелгенин билүү үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кайрылдык. Бирок бул орган министрлик талап кылган акчаны гана төлөп берише турганын билдиришти.

Ушул эле фонддун байкоочу кеңешинин мүчөсү Чынара Бакирова маалымат ачык болбогондуктан, коомчулукта күмөн саноо, нааразылык күчөп жатат деген ойдо: "- Биз тийиштүү органдардан чогулган жана бөлүнгөн акча кайда кетип жатканын, дарыланууга канча коргонун талап кылып эле жатабыз. Бирок жооп ала элекпиз. "Мынча түштү, баланча сумма" короду деп эле айтып жатышат. Деталдаштырылган акчанын отчетун көрө элекпиз. Ичибизден элдин акчасына тийбестир, анча катуу кетишпейт чыгаар деп ишенгенибиз менен ачыктык жок болуп жатпайбы. Расмий документтерди чынын айтайын, көрө элекпиз".

"Кайсы дарылар канчага алынганы белгисиз"

Бейтаптар кайсы дарыны канча маал ичиши керек, абалы оорлосо кандай жабдуу талап кылынарын такташ үчүн 1-апрелде министрликтин алдында илимий консультативдик кеңеш түзүлгөн.

Дарылар боюнча кеңеш берүү үчүн Кыргыз-Орус Славян университетинин окутуучусу, медицина илимдеринин кандидаты Аида Зурдинова ага мүчө болгон.

Кытай, Европа дарыгерлеринин коронавирус жугузуп алып, акыбалы оорлошкон бейтаптарды дарылоо тажрыйбасына таянуу менен ВИЧ-инфекциясына каршы дарыларды берүү сунушталган.

Бирок аны кайдан, канчага алып жатканы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди: "- Ушул дарыларды канчага алып жатканын айтып коюшса эмне болот? Маалыматты жашырууга негиз барбы? Албетте оор абалга түшкөндөрдү оорукана куткарып жатат. Плазма куюп, балким дагы башка аппараттарга туташтырышкан чыгаар. Плазма деле кымбат турат. Эми жаңы аппарат сатып алышса деле кандайдыр бир эсеп-кысабы болот да. Алар бизден сураган да жок, дарыны кантип сатып алабыз, кантип эсептейбиз десе балким кеңеш бермекпиз. Мен эми кеңеш катары эле маалыматтарды дарыгерлерге жазып жатам".

Коронавируска каршы Республикалык штабдын акыркы маалыматында Кыргызстанда коронавирустан 345 адам айыккан. 312 адам ооруканада жатат, алтоонун абалы оор. Сегиз адам каза болду.

Ал арада дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде коронавируска каршы вакцина сыноодон өтө баштады.

Бактыгүл Чыныбаева
“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист

Тема: