Жоболоңдуу жорук!

Өкмөттүн маалымат кызматы Ат-Башы районунун борборуна жакын жердеги  “Нарын” эркин экономикалык аймагында  индустриалдык-логистикалык-борборду куруу боюнча “Нур Строй” ЖЧКсы менен кытайлык One Lead One Trading Limited компаниясынын ортосундагы келишимдин бузулгандыгын жарыялады. Эми андай борборду республиканын башка жеринде куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатыптыр. Маселен, андай борборду Алай, же Кара-Суу райондорунун чекарага жакын жерине курганга географиялык жагдай жол берет. Бирок, ал да жергиликтүү тургундар  тарабынан колдоо тапса. Эгерде алар да каршы чыгышса жалпы көлөмү 280 миллион долларлык ири долбоор биротоло жабылышы да мүмкүн. Анткени,  Ат-Башыга индустриалдык-логистикалык-борборду курууга жергиликтүүлөрдүн категориялуу түрдө каршы чыккандары себеп болду.

Эгерде Ат-Башыга аталган борбор курулса, ал район дотациядан дароо чыгып, облустун гана эмес, республиканын  бюджет түзүүчү субьектисине айланмак. Борбор башка экономикалык, социалдык сегменттердин комплексинин башталышы гана болмок. Анткени, ири индустриалдык –соода-логистикалык борбор жайгашкан жерде аны, анда иштегендерди, жашагандарды тейлөө боюнча өзүнчө социалдык, тейлөө инфратүзүмдөрү  калыптана тургандыгы белгилүү. Алардын баарын эске алганда 3000 эмес, мүмкүн 5-6 миң адам туруктуу иштегенге жумушчу  орун түзүлмөк. Нарындык жаштар жумуш издеп, Бишкекке, Чүйгө келип, айрымдары чет өлкөлөргө кеткенден көрө, чет жактардан таба тургандарын өз ата конуштарынан эле таап, үй-бүлөлөрүн, ата-энелерин багып турушса, жаман болмок беле. Тилекке каршы,  Ат-Башылыктар андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышты. Тескери маалыматтар менен элдин баштарын айландырып, аларды көкүтүп, шыкактап, анан ал акыларын да төлөп турбаса, эл өзүнөн өзү эч качан көтөрүлбөйт. Айылы берекелүү шаарга айлануусуна акыл-эси орунда турган адам эч качан каршы чыкпайт, тескерисинче сүйүнөт. Ат-Башылыктардын деле көбү алгач сүйүнүшкөндөрүн бөркүңүздөй көрсөңүз болот, бирок, бирок...

Ар кандай деструктивдүү окуя болгондо биринчиден: “Бул кимге пайдалуу?”- деген суроо жаралат.  “Нарын” эркин экономикалык аймагына логистикалык борбордун курулбай калышы ат-башылыктарга пайдалуубу? Албетте, жок.  Ат-башылыктар анын опурулган пайдасын гана көрүшмөк, бирок андан эч кандай зыян тартышмак эмес. Анда эмнеге алар ага караманча каршы чыгышты? Анын  артында кимдер турат?

Эгерде Ат-Башыга индустриалдык–соода-логистикалык борбору курулса, андан биринчи кезекте “Дордой”, Аламүдүн сыяктуу ири базарлардын мыкчыгерлери жабыр тартышмак. Алардын ачык, жабык реэкспорт кылып, ири суммада пайда таап жатышкан операцияларынын баары болбосо да көбү токтоп калмак. Иттин өлүгү так мына ушул жерде, логистикалык борборго ызырына каршы чыккандардын чыныгы себептери ушунда жатат. “Дордой”, Аламүдүн базарларында иштегендердин көбүн болбосо да жарымына жакынын ат-башылыктар, нарындыктар түзө тургандыгы белгилүү.

Элибизде  “Лөлүдөн баатыр чыкса,  ал биринчи өз айылын чабат” деген эзелтен келаткан макал бар. Тийиштүү баатырлар, Кыргызстандын көп майлуу-сүттүү  жерин калчагандар өздөрүнүн тууган-уруктук, тамыр сөөктүк, ага-инилик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышып, жердештерин сызга отургузуп, алар үчүн  душман да кылбай турган ишти жасап коюшту. Эми поезд кеткенден кийин кайталагандын да пайдасы жок. Нарындык бечара элге гана убал болду. Эгерде логистикалык борбор курулса, ал жерди кытайлар ээлеп, өзүнө кошуп алмак деген акыл-эске сыйгыс нерсе. Кытайлар бай тарыхында бир да элдин алакандай жерин басып алган эмес. Бирок, өзүнүн укумдай жерин да башкага бербейт, мурда кеткендери болсо, убагы келгенде кайра алып алат. Эгерде Кытайдын Борбордук Азиядагы бир жерди басып алуу, тартып алуу оюнда болсо, ага эч ким жолтоо да боло албайт кудай анын бетин ары кылсын, бирок чындыкты айтуу керек. Россия  Европалык масштабдагы державадай орду бар Украинанын үчкө бөлүп таштады эле, ким арачы болуп, жоготкондорун кайрып берди? Кайрып бере да албайт, ал ядролук держава. Кубаттуулугу жагынан Кытай Россиядан ашса ашат, бирок кем эмес.

Тилекке каршы, Кыргызстанга бир жылда келчү инвестициялардын жарымынча долбоорду Өкмөт да, Нарындын облустук, райондук жетекчилери, толгон-токой атка минерлери да  да коргой алышпады. Өкмөттүн, президенттик аппараттын кара жашиктерде инвестициялар жөнүндө  дикторлордой кундө сайраган  бөлүм башчы, кеңешчилеринин бири да ал жакка басып барышкан жок. Эгерде алардын баары биригип, бир-эки базаркомчо элге таасирлери, кадырлары болушпаса, анда эмнеге аларды мамлекет башчысы кармап отурат? Алардын ордуларына сөз менен эмес,иш жүзүндө инвестицияларды тарта, коргой ала, элге сөзү өтө тургандарды койбойбу. Бул окуядан кийин Нарын облусунун, Ат-Башы районунун, тийиштүү айыл аймактарынын жетекчилери ыктыярлары менен кызматтарынан кетүүлөрү, антишпесе аларга бийлик башындагылар жардамдашуулары керек.

Инвестиция, өнүгүү жөнүндө ооз толтурган сөздөрдү көп айтабыз. Бирок, келгендерге каршы элди тукуруп, аларды артка карай кубалап турсак, бизге кайсыл акыл-эси ордунда турган инвестор келет? Мындай көрүнүш биринчи болуп жаткан жок, мурда да болуп келген. Чечкиндүү чекит коюлбаса, ал нормага айланат. Анда биз өнүкпөйбүз, маселенин баары ушунда турат.

А.Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити