Каныбек Осмоналиев президенттен БШК төрагалык кызматын сураса, бербей койгон... Ошого таарынып жүрөт...

Садыр  Жапаровдун тарапкерлери 2-мартта анын бошотулушун талап кылган митинг өткөрүшө тургандыгын билдиришти. Мыйзамдуу болсо, ага эч кимдин каршылыгы жок. Бирок, митингде ашкере радикалдуу талаптар коюлуп, бийликке кысым, басым көрсөтүү, мүмкүн, шантаж жолу менен өз максаттарына жетүүгө аракеттенишсе, алар Садыр Жапаровдун абалын жеңилдетмек, ага жардам көрсөтүшмөк түгүл, тескерисинче анын абалын оорлотуп алууулары да ыктымал.

Бийликте да сезим-туюмдуу, эмоционалдуу, жакшы маанай менен келгендерге - жакшылык, ал эми коркутуп-үркүткөндөргө адекваттуу жоопторду бергиси келген адамдар отурарын, сиз менен биз опузалагандарга карата кандай реакция жасасак, алар да ошондой реакция жасоолору мүмкүн экендигин эсибизден чыгарбашыбыз  керек.

Садыр Жапаров Кылмыш-Жаза Кодексиндеги мамлекеттик кызматтагы адамды барымтага алып, анын өмүрүнө коркунуч жаратуу, массалык баш аламандыктарды уюштуруу сыяктуу эң оор беренелер менен айыпталып, эркинен ажыратылган. Мыйзамга ылайык, андай өңүттө эрктеринен ажыратылгандарга мунапыс да таркатылбайт, жеңилдик да берилбейт экен. Эгерде мыйзамда андай каралып калса, ал үчүн аракеттеги бийликтегилерди айыптап, аларды коркутуп-үркүтө берген туурабы? Андай аракеттердин башында бир кезде студенттерди мыйзамсыз кабыл алдыргандыгы үчүн айыпталып, анан андан эптеп кутулуп чыккан экс-депутат Каныбек Осмоналиев аттуу пайгамбар жашынан эбак өткөн абышка адамдын тургандыгы таң калтырат. Ал кыргызда айтылгандай: “жечүсүн убагында жеген, ичерин-ичкен”, эми жаштарды туура жолго чакырып, небере-чөбөрөлөрүнүн маңдайында топук кылып отура турган жашка келгенде, эмнеге эң оор айыпталуулар менен эркинен ажыратылган  адамга адвокаттык кылууда?

Билишибизче, ал өткөн жылдын аягында мамлекет башчысына кирип, Боршайлоокомдун төрагалыгын сураган экен, ал өтүнүчү канааттандырылбагандан кийин көчө саясатына өтүптүр. Же ал бийликтегилерге кыр көрсөткөнү экен. Профессорлук  наамы, модератордук жөндөмү бар окумал инсан, өзүнүн көптөгөн кесиптештериндей, университеттердин бирине барып дарс окуп, эскерүүлөрүн, макалаларын жазып жүрө берсе болбойт беле?

Илгерирээкте  айылдагы чал-кемпирлердин арасында “о, кудай, алсаң да айнытпай ал. Жакшы карыйын” деп тилегендерди көп укчубуз. Азыркы абышка кемпирлердин арасында андай адамдар калбай баратат. Бардыгы болбосо да окумалга айланган, өзгөчө мурда чоң кызматтарда иштеп кеткендердин көбү, эч нерсеге ыраазы болбой өткөндөрдүн баарын кектеп- боктоп, аракеттегилерин жектеп турушат. Оокаттары үйлөрү түгүл, короолоруна батпай баратса да, ага ыраазы болбой, жүткүнүп, чоң кызматтарды эле эңсеп турушат. Тилекке каршы, андай көрүнүштү да догурунгандарга сөөк таштай коюп жүрүшүп, биринчи, экинчи качкын президенттер калыптандырышкан. Эми анын азабын аракеттеги бийликтегилер гана эмес, жалпы эл тартууда. Көчөдө уулдак-чуулдактардын көбөйгөнү нормалдуу бир да адамга жакпайт. Ошондуктан мурдагылар прецедент кылышкандарды азыркылар нормага айландырбасын дейбиз.

Садыр Жапаровду убагында “Кыргызстанга барсаң эле аэропорттон тосуп алышып, Акүйгө алып барып, президенттин креслосуна отургузуп коюшат” деп азыр өзү сурактан чыкпай жүргөн бир саясатчы каматтыргандыгын да эстен чыгарбоо  керек. Митингде ашкере активдүүлүк көрсөтүп, мыйзам чегинен чыгып кетчүлөр бирөөлөрдүн куралы болуп жаткандыгын түшүнүүсү  зарыл.

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити