Редактордон жүз сап

Туулган жерим – Баткенге өткөн жума барып келгенден кийин жүрөгүм ооруп турат. Анткени, акыркы кездери жаңылыктар түрмөктөрүнөн түшпөй келе жаткан чек арадагы окуяларды жердештерим кандай кабыл алып жатканын көрүп, зээним кейиди...

2019-жылдын 2-ноябрында массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда президент Сооронбай Жээнбековго: “Акыркы кезде кыргыз-тажик чек арасында орун алып жаткан окуялардан кабарыңыз бар. Өзүңүз дагы барып, өз көзүңүз менен көрүп келдиңиз эле. Мен ошол чек арага чектеш жашап жаткан мекендештерибизди баатыр деп айтаар элем. Анткени, турмуштун оор шарттарына карабастан, жашаган жеринен көчпөй, өз эли-жерин коргоого чоң салым кошуп келе жатышат. Баарына сабырдуулук менен карашат. Ошондуктан, мамлекет бул жарандарды камкордукка алышы керек. Чек араны кайтарган жоокерлер менен тең аларга да кандайдыр бир жеңилдиктер, колдоо каралса жакшы болот эле... Бул жаатта кандай жумуштар жасалганы турат?”- деп кайрылып, суроо узаткан болчумун. Президент “Баткен – менин жүрөгүмдүн төрүндө турат” деген сөзүн кайталоо менен бирге, чек ара маселесин чечүү боюнча комплекстүү иш-чаралар иштелип чыгып, ишке ашырылып жатканын, жакын арада анын үзүрү сөзсүз болорун айткан. Бул бир гана Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына гана эмес, башка аймактарда жашаган чек арадагы мекендештерибиздин баарына тийешелүү маселе болору белгиленген. Бул жагынан президенттин ой-максаты жакшы. Жеке мен Сооронбай Шариповичтин чек арадагы кырдаалды күн сайын ойлонуп, иш алып бара жатканына ишенем.

Бирок, президенттин тапшырмалары Баткенге жете электе эле өзгөрүлүп кетип жатканын байкадым. Жакында болгон дагы бир окуядан кийин жергиликтүү калктын дагы чыдамы түгөнө баштагандыгын баса белгилеп кетким келет. Айрыкча, жергиликтүү тургундардын айрымдарынын укук коргоо органдары тарабынан кармалышы ширеңке жаксан дүрт эте түшчү кырдаалды огобетер курчутту. Жаалданган баткенчи жердештерим Бишкекке келип, митинг өткөзүүгө да үлгүрүштү. Мен барган күнү болсо Баткенде вице-премьер Ж.Разаков, башпрокурор Ө.Жамшитовдун катышуусунда чек ара боюнча координациялык кеңешме болуп жатканын уктум. “Жеринеде барып, маселени тактап, чечкиле...”- деп келген Ак үй аткаминерлери өткөзгөн кеңешмеден эшектин тушоосу да чечилген жок, а анын максаты – элди коркутуу менен чектелгендей эле болуп калды. Ансыз деле азабы ашып турган элге эч болбосо моралдык жактан колдоо көрсөткөндүн ордуна Бишкектен келген чоңдор “разбор полетов” уюштурушуп, эл ичинен күнөөлүүлөрдү издеп олтурушканы абдан өкүнүчтүү. Мисалы, алардын ою боюнча, чек арадагы Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев желмогуздун дал өзү экен. Мен бул мурдунун учунан алысты көрө албаган чиновниктердин логикасын түшүнүп турам, алардын “провкаторлор жөн жаткан жок” деп айтканы да туура. Андайлар арбын. Маселени акыл-эс менен эмес, күч менен чечиш керек деп эл ичинен суурулуп чыга калгандар болсо, маселе жок, жазасын алсын! Бирок, чек арада жашаган элдин көйгөйүн ачык айтканы үчүн айыл башчынын куугунтукка алынганын колдобойм!

Бизде элди дүрбөлөңгө салып жаткан жетекчилер бар”- дейт Жеңиш Разаков. Мына ошол жетекчилер кимдер? Баткен облусундагы өкмөт өкүлү Акрам Мадумаровдон баштап, район акимдери, айыл өкмөт башчыларынын эл менен тыңгылыктуу иш алып барып жатканын уктуңарбы? Элди араласаңар, биринчи кезекте ушул адамдардын атын аташат, “кетиш керек!” дегенде! Улуу урматтуу Ж.Разаковдун өзүнүн дагы “башын” сурап жатышат го. Ошондуктан, ала кушту атынан атайлы, чек ара боюнча саясаттын көп болуп жаткандыгына ушуга окшогон чиновниктер биринчи кезекте күнөөлүү. Президент С.Жээнбековдун ишенимин акташкан жок, жок дегенде келип кеткенде элди нааразы кылбай кетишсе эмне болот эле? Чек арада жагдай оңолсун десек, анда урматтуу президент, биринчи кезекте мына ушул маселени чечкенди, эл менен сүйлөшкөндү билбеген жетекчилерди - өкмөттүн күч органдарын тейлеген вице-премьерин баш кылып кетирип, чыныгы патриот, мекенчил адамдарды ордуна алып келиш керек. Элдин ишенимине кирген адамдар барса гана абал оңолуу жолуна түшөт!

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (438), 22.01.2020-ж.