Полит-божомол 

Албетте, “пенде боолголойт, жараткан аныктайт” демекчи, ар бир жаңырган Жаңы жылдан жакшы нерселерди гана күтүп, жакшылыктарды тилек кылабыз. Ошол сыңары 2020-жыл да Кыргызстан, кыргыз эли үчүн ийгиликтүү жылдардан болуп, жергебизде тынччылык, молчулук болушун каалайбыз.

Быйылкы чычкан жылы Кыргызстанга эмнелерди берерин турмушубуз көрсөтөт. Ошентсе да азыртан бир топ өзгөрүүлөр болору белгилүү. Төмөндө 2020-жылы кандай  окуялар орун алып, Жаңы жылдан эмнелерди күтсөк болору тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз.

Кокуйлаткан бажы төлөмү

Бул жылы сырттан немис, жапон өндүрүшүндөгү автоунааларды алып келүү кескин солгундаганы туру. Анткени, ЕАЭБдин жеңилдиктери токтоп, ага ылайык, аталган экономикалык биримдиктин аймагына транспорт ташып келүүдөгү бажы төлөмдөрү 10 эсеге кымбаттады. Мындай чечим Жаңы жылдан тарта күчүнө кирди. Кыргыз өкмөтү жеңилдиктин мөөнөтүн узартууну суранып, бирок өтүнүч четке кагылды.

Эми кандай болушу ыктымал? Европадан тышылып келчү жогорку класстагы авто унааларды колунда барлар, капчыктуулар гана сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушпаса, жөнөкөй жарандар андай мүмкүнчүлүктөн ажырады. Кыргызстандын ичине буга чейин кирип, өлкө аймагында бир топ жүрүп калган автоунааларды сатып алууга аргасыз болушат. Чыккан жылы жаңы, абалы жакшы автоунааларды сатып алгылары келишсе, анда Россиянын өндүрүшүндөгү автоунааларды сатып алуу менен өздөрүн сооротушат.

Авто унааң камсыздалганбы?

Быйылкы жылдан тарта тиешелүү мамлекеттик органдар автоунаа ээлеринен ушуну сураша башташат. 2020-жылдын январынан тарта юридикалык жактардын автоунааларынын милдеттүү камсыздандырылуусу текшериле баштайт. Унаасын камсыздандырбаган жарандардын жоопкерчилиги каралат. Жоопкерчиликти кароонун мөөнөтү 1-марттан күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Ал эми камсыздандыруу талабынан баш тарткандарды жоопкерчиликке тартуу чаралары ушул жылдан баштап ишке ашат.

Мугалимдердики көбөйдү, эми милиция…

2019-жылдын октябрь айында мугалимдердин маяналары 30 %га көбөйгөнү баарыбызга маалым. 2020-жылы ички иштер кызматкерлеринин ишмердиги боюнча мыйзам күчүнө кирип, ага ылайык, милициянын маянасы 40 %га көбөйөт.

Мындан сырткары, пенсиялары да көбөйүп, аймактарда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча жеңилдиктер берилет. Муну менен катар милициянын турак жай, эс алуу, дарылануу маселелери да чечилет.

Май куючу жайлар автоматташтырылат

Соода, тейлөө тармактары да акырындап автоматташтырылган системага өтүүдө. Ушул жылдын 1-июлунан тарта май куюучу жайларда автоматташтырылган эсеп киргизилет. Бул 2020-жылдын апрелинде ишке кирмек, бирок бизнес коомчулуктун суранычы менен июлга жылдырылган.

Шайды оодарчу шайлоолор

2020-жыл Кыргызстандын саясий талаасы “шаңдуу” өтөт. Дегенибиз, шайлоолорго бай жыл болот. 12-апрелде 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтсө, анын 25и айылдык кеңештер, калганы Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлы-Суу шаарларына шайлоолор.

Ал эми 4-октябрда Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына шайлоо өтөт. Азырынча кайсы партиялар парламенттик шайлоого катышары так белгисиз. Шайлоо алдында адат болуп калгандай, жаңы партиялар түзүлүп, шайлоого аттанышары бышык. Эксперттердин божомолдоруна ишенсек, “Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Замандаш” партиялары, ошондой эле бийлик колдоого алган жаңы партия келерки Жогорку Кеңештин курамын түзөт.

Европага баруу кыйындайт

Бүтүндөй Еропага эмес, бирок Европадагы Испания, Италия, Австрия сыяктуу өлкөлөрүнө баруу татаалдашат. Так айта турган болсок, Германияга барчулар өтө көп болгондуктан, бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги Испания, Италия, Австрияга виза берүүнү токтотту. Германиянын элчилиги муну кызматкерлери жетишпей жаткандыгы менен түшүндүрдү. Эми жогорудагы мамлекеттерге барууну каалаган кыргызстандыктар Казакстандын Нур-Султан шаарына барып, ал жердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылышат.

Токио олимпиадасы

2020-жылы кыргыз спортчулары көптөгөн эл аралык, дүйнөлүк спорттук мелдештерге катышат. Бул жагынан алганда, быйылкы жыл өлкөбүздүн спортчулары үчүн окуяларга  бай жыл болору күтүлүүдө. Алардын баарына токтолууга мүмкүн эмес. Бирок 24-июлдан 9-августка чейин Япониянын Токио шаарында өтүүчү Олимпиада оюндарына токтолбой коюуга болбойт. Бул ири спорттук мелдешке катышууга бир канча кыргыз спортчулары жолдомо алышты. Өлкөнүн жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттиги  спорттун 13 түрүнөн 21 жолдомо алуу ниети болуп жатканын билдирген.

Кыргыз спортчуларында Олимпиаданын алтын, күмүш жана коло медалын тагынуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Алардын ичинде грек рим күрөшүнөн балбан кыз Айсулуу Тыныбековадан жалпы кыргыз элинин үмүтү чоң. Айсулуу Тыныбекова да  максаты Токио олимпиадасында чемпион болуп, алтын медал тагынуу экенин билдирип келет. Биз да Айсулууга ийгилик каалап, ушул жылы Олимпиада чемпиону болушун тилек кылабыз.

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.

Тема: