Эр жигиттин жүрүшү 

Ачыгын айталы, “элим, жерим” дегенде ичке ашын жерге коюп, мекенчилдигин сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө далилдеп, кызматтын, бийликтин кулу болбой  ар дайым чыркыраган чындыкты айткан саясатчылар саналуу эле. Алардын көч башында “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев турат десек таамай айткан болобуз. Бул аша чапкандык эмес.

Айрымдар шайлоодо президентти колдомуш этип жүрүп кызматка келип алган соң чындыктан тайышып, чындыкты көрсө да көрмөксөн болушуп, чындыктан кызматты  жогору коюп калышат эмеспи. Кээ бирлер алдыдагы парламенттик шайлоонун камын эмитен көрүп, депутаттык мандатка ээ болуу үчүн президенттин дарегине реверанстарды жасаганга өтүштү. Аларда “бийликке кошомат кылбасам, шайланбай калам, партиям парламентке келбей калат”- деген коркунуч күч. Ошол себептен бийликке жагалдануунун  аракеттерин көрүп жатышат.

Камчыбек мырза да тазалыгын, коррупциядан алыстыгын эске алып, шайлоодо президент С.Жээнбековду колдоого алганын айтканы бар. Бирок андан кийин кандайдыр кызматтан үмүт этип, президенттин “этегине намаз окуп алган” жери жок. Акыйкаттыгынан жазбай, учурдагы президенттин жакшы иштерин да, кемчиликтерин да айтып, негизи болсо сындап келатат. Өткөн жылдын аягында “Region” телевидениесине берген маегинде да өз чындыгын айтып, президенттин ишмердигин сындады.

“Эки жылдын ичинде чоң өзгөрүүлөрдү кылса болот эле. Өзбекстандын президенти  Шавкат Мирзиеевди карагылачы, кандай иштеп атат, кандай өзгөрүүлөрдү жасады. Ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин, Армения премьер-министри Никола Пашиняндын иштери суктандырбай койбойт. Мамлекет үчүн убакыт өтө маанилүү нерсе, аны туура пайдалануу керек. Бийликтин ишине эл баары бир баасын берет”,- деди телеканалга берген маегинде.

Маектин жүрүшүндө Камчыбек Ташиев алдыдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетерин, элдин колдоосу менен бийликке келерин кошумчалады. Бул чындыгында Камчыбек мырзанын өз күчүнө ишенеринен, кээ бирлердей депутаттык мандаттын тагдырын  президенттин амирине байлабастыгынан кабар берет. Болбосо, айрымдардай  бийликтин дарегине мактоо, жактоолорду айтып, бир  кызмат ордун ээлеп алууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Арийне, анткен жок. Албетте, Камчыбек мырзанын бул айткандары Акүйдүн 7-кабатында олтургандарга жаккан жок. Балким, “кара тизмеге” киргизилип, алдыдагы шайлоодо бут тосуулар да болушу ыктымал. Муну менен башкы “ата-журтчу” депутаттык мандат менен оорубастыгын, депутаттык мандаттын камын ойлоп, чындыкты айланып өтө албастыгын көрсөттү.

Камчыке тууралуу сөз кылып эмнени дегибиз келди? Саясатта жүргөндөр мандаттын, кызматтын кулдары болушпай, чындыкты туу тутушса, элдин кызыкчылыктарын жогору коюшса дегенди айткыбыз келди. Аттиң, кыргыз саясатында Камчыбек Ташиевдей принцип, позиция менен жүргөндөр көп болсо, андан элибиз да, өлкөбүз да утуш алмак.

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.