Кыргызстанда 2019-жылы “Манас” жана Айтматов Академиясы ачылды.

Анын жетекчилигине Топчубек Тургуналиевдин келиши жөн жердер болгон жок. Топчуке нечен жылдан бери “Манасты” даңазалап, иликтеп, кыргыздын тарыхына бараандуу салымын кошуп келди. Патриоттуулугу менен көптөргө үлгү болчу аксакал курактагы коомдук ишмер акыркы жылдары илим-билимге сүңгүдү. Бирок коомдогу ар кандай окуяларда калыс кебин айтып, калк башында болуудан кайтпады. Мисалы, Кой-Таш окуясы жамы-журттун башкы темасына айланган маалда акыйкат кебин айтып,  элди ынтымакка чакырып ак пейлинен танбады.

 

Булак: "Майдан. kg" гезити