Эл мүдѳѳсү
Эки гана нерсе адамга эң бийик турган жогорку касиет ыроолойт: коомдун жыргалчылыгы үчүн жашоо жана чынчылдык. - Пифагор
Бийлик деген элдин, мамлекеттин келечегин жылоолоп, ѳргѳ сүрѳп жүрѳ турган, анын дѳѳлѳттѳрүн кѳкѳлѳтүп даңазалап туруучу бийиктик, ыйыктык болот. Жараткандын амири ушундай. Атка минерлердин чоң кичине дебей дээрлик бардыгынын ыйманы тазарып, пейили оңолмоюнча, кадр даярдоо жана тандоо саясаты жакшырмайынча экономикабыздын чыңдалышы, мамлекетибиздин алга жылышы кыйын. Ар кандай тоскоолдуктарга туш келип, көкөй кести көйгөйлөрлөрдүн курчоосунан чыга албай, алардын азабын тарта берери белгилүү. Мамлекетибиздин сыймыгын арттырып алга сүрɵп чыгаруу үчүн жүрөгүндө жалы бар мыкты кадрлар, кɵйкашкалыгы жана кеменгерлиги менен айрымаланып турган мекенчил азаматтар керек. Бул кадр саясатынын калыс жүргүзүлүшүнө, парламентке элим жерим деп жан дилин арнап иштеп бере турган интелелктуал азаматтардын келишине түздөн түз байланыштуу. Ар кандай жол менен байлык жыйып алгандардын баары эле амбициясын өргө чаптырып эл башкарам деп бийликке жутуна бербегени абзел. Ар ким өз дараметине жараша иш кылганы жакшы, эң башкысы ниети аруу болсо чоң кызматтарга келбей туруп деле эл- журттун бакыбаттанышына өз салымын кошо берсе болот. Ага турмушубузда көптөгөн өрнөктүү мисалдар бар. Мандаты жок эле, бийик кызматтарга келбей туруп эле мамлекетибизди ѳнүктүрүүгѳ, экономиканы кѳтѳрүүгѳ, улут сыймыгын кѳкѳлѳтүп, руханий дѳѳлѳттѳрүбүздү даңазалоого, эл турмушун жакшыртууга бараандуу салымдарын кошуп жаткан мекенчил эр азаматтарыбыз бар. Аларды биз айтпасак да эл- журтубуз жакшы билет.
Албетте, мамлекетибизге таман акы маңдай тери, кызылдай мээнети менен байыган байлар абдан керек. Бирок, алар абдан эле сейрек. Ал эми мамлекеттин казынасына суук колун салып, эл ырыскысын кагып «жомоктогудай» болуп байып алган бир ууч жемкорлорду айтпасак да эл назарында. Басса- турса жоругуңар жолдо калсын деп наалат айтып турушат. Негизи эл байысын. Эл байыса ошондо чыныгы илгерилеш (прогресс)болот. Бийликке келүү жагын айтсак, бизнесменби, кɵпɵспү ошол кумары менен, бизнесин ѳнүктүрүү аракети менен эле жүрө бергени жакшы, ( мамлекетти башкаруу деген бийик искусство, ал үчүн элим-жерим деп согуп турган жүрѳк керек, чыгаанмын дегендердин арасында да андай кудуретке жеткендер сейрек учурайт, амбициядан оолак болгон жакшы) ал деңгээлинен жогорулап эл- журт үчүн жакшылык деле кылып жибере албайт. Алардын бийликке талпынганын ушулардыкы эле жетпей жаткансып деп эл да жактырбайт, каалабайт дагы. Бийликке суутуп коюптурбу. Жеткендерин деле кɵрүп жүрɵбүз, карамакɵрлүктүн айынан ашмалтайын чыгарып бүлүндүргɵндɵн башка эмне кылышты деп көзгө сайып айтып турушат.
Күң тамактыгынан кесепетинен ашкере ичип-жеп, ыйманын кошо жеп эл ырыскысынан тоноп “сасыган” байлык жыйып алганы эле болбосо. Акыры алардын түбүнɵ да ушул байлыгы жетет.
Бийликке суутуп коюптурбу. Ал каалаганымды жасап, чардап жашайм деген «мунара» эмес. Анын өзүнчө азабы, өзгөчө табияты, кудай берген, эл сыйлап турган бийиктиги жана кудурети болот.
Ошону ыйык тутуш керек. Ага кɵрүнгɵндүн эле моюн созуп катыла бергени жарабайт. Элге эле эмес кудайга жакпаган осолдугунан ɵзү да жайрап, ɵңгɵнү да кыйратат. Мамлекетти азапка салганы аз келгенип, элдин убалына калат. Ушуну ойлогон пенде Шодокондун бүркүтүндɵй болуп бийликке жутунбайт. Анткеним, бийлик деген байлык менен мансаптын ширендисинен башкаруу тизгини колго тийген жɵн эле бир мансапкердик иш эмес. Анын ыйыктык менен коштолгон чоң жоопкерчилиги бар. Ага шек келтиргендерди кусур уруп кетип турганы ушундан. Бийликке үй-бүлөсүн аралаштырып жиберип анын азабын тарткан тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин жана элине ок аттырып, кан төгүп, мамлекетти бүлгүнгө түшүрүп канкор атыгып качып кеткен Курманбек Бакиевдин тагдыры буга айкын мисал.
Жогорку кызматтарга кудай ɵзгɵчɵ касиет бербеген жɵн эле бир сүткорлук, кɵпɵстүк деңгээлден жогору кɵтɵрүлɵ албаган аксым пенделердин, ал турсун кылмыш чɵйрɵсүнɵ катыштыгы бар, анын эн тамгасы басылып калган айрым бир ылаңкалуу жарандардын аралашып кетип бийлик абийирне доо кетирип, ичтен иритип турганы жакшылыктын жышааны эмес. Азыр да андан тазалана албай турабыз. Тазаланбасак илгери жыла албайбыз. Алга жылмак турсун анын кара көлөкөсүнүн капсалаңы көбөйө берет. Опосуздуктун шүйкүмсүз шоокуму азыр да үрөйдү учуруп турат. Анын эң эле коркунучтуу кесепетинен бизди кудай өзү эле сактап тургандай.
Жогорку Кеңештин тээ өткөндөгү бир жыйынында кылмыш кылып соттолгон, абийирине доо кеткен, кесепеттүү чыр-чатакка аралашып калган, ыйманына шек түшүп калган пенделердин, ошондой эле билим кɵрɵңгɵсү жок, акыл дарамети тайыз жарандардын жетекчи кызматтарда иштешине жол берилбесин шарттаган мыйзам долбоорун кабыл албай коюшканын журтчулугубуз жакшы билет. Мындай шоорат менен кимдерди алга сүрөмөлөп, кимдерди четке сүрүп жатабыз.Бул мамлекетибизге азыркы учурда абдан керек ɵзгɵчɵ мыйзам экенин унутпашыбыз керек болчу. Караңызчы эмне болуп турганын… Эмне болуп баратабыз, кай жакка бара жатабыз?.. Албетте, парламентте интеллектуал, кѳрѳңгѳсү мол, дараметтүү, чыгаан, мекенчил эл ѳкүлдѳрү бар. Бирок, алар абдан эле аз. Кээ бир олуттуу маселелерди чечүүдѳ, добуш берүүдѳ алар аз санда болуп калып жатышат, күч тең болбой жатат. Мындан туура жыйынтык чыгаруу үчүн келерки парламентти түзүүдѳ партиялар менен катар эле бир мандаттуу шайлоо округдарын киргизүү абдан зарыл мезгилдин талабы болуп турат. Ѳздѳрү каалаган тандамал эр азаматтарды шайлап алуу үчүн эл-журттун күткѳнү да ушул. Адилеттик үчүн шайлоо кодексине чукул арада мындай ѳзгѳртүүлѳр сѳзсүз киргизилиши керек.
Жакшылыкка эмес, жамандыгына тарткан тыянактардан сактанып турушубуз керек. Мамлекеттик кызматтарда дээри эл жери үчүн жанын аябаган мекенчил, интеллектуал, жан дүйнөсү тунук, таза дейбизби, айтоор нарк-насилдүү азаматтар иштеши абзел. Ошондой адамдар, дасыккан мекенчил кадрлар гана мамлекеттин илгери жүрүшүнө кубаттуу сүрөөнчү болуп берип эл, журтту сүйүнтө алышат.
Мурда соттолгон, же кандайдыр бир кылмыш ишине тиешеси болгон, шектүү мандеми бар жарандар, ошондой эле тийиштүү жогорку билими жоктор мамлекеттик кызматка алынбайт деген так кесер мыйзамдын аракетте турганы шарт. Ошондо эл арасынан мыкты кадрлар ɵзү эле ыргалып чыгып турат. Журт оозунда айтылган чыныгы мекенчил эр азаматтар мамлекеттик кызматка кабыл алынып турса калыстыгы да болуп, келечегибизге да жакшылыгы чоң болмок. Ошондо гана тазалануу жүрүп, тандамал кадрларды иргеп алууда белгилерлик илгерилештер болуп, коомубуздагы былыңгыр көрүнүштөрдү турмуш өзү эле четке сүрүп чыгара баштамак. Нукура кадр саясатынын оңуту келип, ооматы артмак. Айрым достор, мисал келтирип жазсаңар деп калышат.Айлана-тегерегибиизди карасак факт деген толтура да. Кайсы бирин жазалы, тизмектей берип жазганыбызды фактографияга айлантып салалыбы. Бакырайып кѳрүнүп турган нерсени ар тараптан улам улам кайталап айта берип элди жадаткан болбойт. Окурман ага муктаж эмес, ал кадр саясатын да, ар кандай жүрүштөрдү да, анын пайдасы менен зыянын да жаздемдебей даана көрүп,өз элегинен өткөрүп, алаканына салып таразалап, дегиси эле коомдогу ар кандай көрүнүштөрдүн шоокумун да илгиртпей сезип өз тыянагын чыгарып турат. Маселен, ушу кезде кадр саясатынын күңгѳй тескейи, бийлик тѳбѳлдѳрүнүн жакын туугандарынын, жерге жээгинин жогорку кызматтардан орун-очок алып калып жатканы жѳнүндѳ айрым фактылар ар түркүн гезит беттеринде тынымсыз жазылып жатат,ар кандай электрондук маалымат булактарында үзгүлтүксүз чагылдырылууда. Дарамети күчтүү окурманга көрөңгөсү мол ой азыгы гана керек. Ошондон коом кубат алып алга жүрөрүн эл жакшы билет.
Мурда соттолгондор, же кылмышка тиешеси бар адамдар мамлекеттик кызматка алынбаcа деген кеп эл оозунда такай айтылып келет. Ушул максатта талап катуу коюлушу керек. Кадрлык тазалануу да мына ушундан башталат. Ага болбостон бизде дагы эле мурда жакшы кызматкер эле, тажрыйбалуу эле, жаза тайып калыптыр, кемчилик кимден кетпейт, мүдүрүлбɵс туяк болбойт, ишеним көрсөтүп коелу деп ар түркүн себептерди жүйɵɵ тартып кызматка алынышына тымызындан колдоо көрсөтүп тургандар жок дейсизби?. Иш билги, тандамал кадрларга кезек берип, жаштарды алга сүрөөчү мезгил келди.
Ар тарабынан билимге каныккан көрөңгөсү мол акылгɵй инсандар бар. Чет мамлекеттерден билим алып келген акылга мол, билими курч жаштарыбызга качан олуттуу кызматтарды ыйгарабыз. Алардан кара кылды как жарган калыс, чечкиндүү десе чечкиндүү, таза десе таза кадрлар чыгарына ишеним чоң, алар эл ɵкүлү болуп шайланса, же бир мамлекеттик кызматка дайындалса жакшылыгы кѳп болмок. Парламентке, жогорку кызматтарга ал ким гана болбосун караɵзгɵй жана жегич экендигине карабастан сɵзсүз эле капчыктуу бай адамдар келиши керек бекен деп жатпайбы калайык-калк нараазы болуп, элди башкарууну ошолордун эле энчисине басып бериптирби, кудайды карашса боло деген эл мүдѳѳсү качан орундалат. Эл айтып турбайбы алар эмнени жыргатып жиберишти деп. Жок, бул коомду ичинен ирите турган жарабаган адат, коркунучтуу ишарат. Келечектүү даңгыр жолго чыгуу керек.
Депутаттык мандаттын кѳпчүлүгү азыр өңчөй эле байлардын энчисине туш келип турганын турмуш көрсөтүп турат. Эл өкүлдөрүн шайлоодо эң башкысы ыймандык, интеллектуалдык деңгээл, нарк-насилге мол көрөңгөсү, мекенчилдик касиеттери ар кандай капиталдык көрсөткүчтөрдөн бийик турушу шарт. Ага болбой эле парламенттик шайлоого барууну каалаган партияларга өз эсебинен борбордук шайлоо комиссиясынын фондусуна ири өлчөмдөгү кире коюсу демилгеленип турганы параламентке жалаң эле акчалуулар келиш керек турбайбы деп коомчулукту нараазы кылат. Ачыгын айтканда бул опурталдуу тосмо, карапайым интеллектуал талапкерге коркунучтуу бут тосуу. Шайлоого катышуу үчүн эбегейсиз зор каражат талап кылынып, пайыздык босоголук чек тѳмѳндѳтүлбѳй турган чакта биз ѳзүбүз каалаган депутатты кантип шайлайбыз деп эл нааразы. Партиялардын кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин таламдарын жогору коюшубуз керек. Шайлоого катышуу үчүн миллиондорду күрѳѳгѳ коюп кирүү талабы эл-журттун мүдѳѳлѳрүнѳ, коомчулуктун талаптарына карама каршы келет.
Эл өкүлдөрүн шайлоодо партиялардын гана таламдары эмес шайланып келе тургандардын социалдык жагы да караштырылып, ыймандык, интеллектулдык жана башка парасаттары теңделип, салыштырылып эске алынышы керек. Азыркы шартта бул механизмди иштеп чыгуу абдан зарыл. Партиялык жагын эле таразалап, ташы оогон тарапка тартып туруу калпыстык болуп калат. Мындай жүрүштөр элдин кыжырын келтирет. Азыр мамлекеттик кызматка да эл сыйлаган азаматтарды тартып, депутаттыкка да эл назарындагы татыктуу инсандарды шайлоочу мезгил жетигип турат.
Бийлик деген, башкаруу айлампасы деген элдин, кудай мыйзамынын карегинде турган ыйыктык. Мамлекеттин тагдырын билегинде күчү жана байлыгы бар бир ууч адамдардын колуна берип, көзүн каратып коюу туура эместигин дүйнѳ жүзүндѳгү демократия өңүттөрү аныктоодо. Бийлик деген капчыктуулар менен колдоосу күчтүүлɵрдүн эле энчисине басылып берилбейт, ага да теңирдин жүрүп турган мыйзамы бар. Ага бийиктен, ыйыктык ѳңүттѳрүнѳн карап, астейдил кеменгер мамиле күтүү вазыйпасы бар. Эгер укуктук жана демократиялык мамлекет экенибизди урматтай турган болсок менин байлыгым бар, капиталга ээмин деп жулунгандарды эмес, эл сунуштап турган азаматтарды алга сүрѳѳ шарт. Антпесек, ɵзүнɵн ɵзү ылайланып ырайы кетип, эл үрөйүн учуруп бараткан айлампадан оңой менен жакын арада чыга албашыбыз турган иш.
Меңдибек Асылбеков, Булак: “Майдан. kg” гезити