К. Осмоналиев: Зыянын көрүп келүүдөбүз.

 

- Бул улуу урматтуу жаратылышыбыздын кыргыздарга ыкыс берип көрсөткөн белгиси. Анткени, биздин сугалак, зөөкүр жана ач көз бийликчилдерибиз, тээ 90-жылдардан бери эле жаратылышыбыздын таза жана бейпил жашоосун бузушуп, анын табигый балансын талкалашып келишти. Болгондо дагы андан алынган алтындын пайдасын канадалык афералык фирма менен эле кыргыздын бир ууч аткаминер уурулуары туйтунуп, жыргап көрүп келишүүдө. Карапайым элге бир тыйын пайдасы жок. Зыянын көрүп келүүдөбүз. Кылымдар бою элди суу менен камсыз кылып келген мөңгүлөр жок болуп бара жатат. Көрдүк го, 4700м бийиктикте, кыш мезгилинде кардын ордуна жер көчкү жүрүп кеткенин. Бул эмне деген шумдук, кандай зор катастрофа! Азыркы Өкмөт болсо, 2046-жылга чейин кен казуу мөөнөтүн узартып беришти! Бул саткынчылыкка ким жоопкер? Өкмөтпү же аферист канадалык фирмабы? Цианиддер көрүнгөн жерге төгүлүп отуруп, суулар, өсүмдүктөр, жаныбарлар, анан эң коркунучтуусу, адамдар өзү ууланып жатышбайбы?! Бир өкүнгөнүм канча кайрылууларга карабастан бийлик дагы өмөчөктөп кайдагы бир чет элдик аферист уурулардын таламын талашып жүрүшөт. Аттиң дегенден башка айла жок. Эмки катуу чара элдин өзүнүн колуна өтө турган болуп калды окшойт. Башка айла-арга калбады!

 

 

Чынайым Кутманалиева, “Майдан. kg” гезити