Т. Жунусбеков: Отунбаева, Кулов, Текебаевдерге таңууласын, биз жаңы форматтын жаштары андай ыпластыкты таптакыр кабыл ала албайбыз...

 

- Төрөхан, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминистердин көргөзмөсү аша чапкандыкпы же аларды түшүнө албаган биздин караңгылыгыбызбы?

- Ал деген Европанын чирип калган маданияты, андай маданиятты бизге таңуулай алышпайт, аны Отунбаева, Кулов, Текебаевдерге таңууласын, биз жаңы форматтын жаштары андай ыпластыкты таптакыр кабыл ала албайбыз...

Алардын лозунгдары да бир укмуш экен. “Аборт кылдырууга менен укугум", "бир жыныстык никеге болгон укук", "паркта бала эмгизүүдөн уялбайм", "ажырашууга болгон менин укугум” деген кыргыздын баалулуктарына каршы келген нерселер экен. Бул нерсе алардын таңуулаганын кабыл алалбай жаткан биздин караңгылыгыбыз эмес, тескерисинче алардын улуттук баалуулуктарыбызды жокко чыгаруу аракети деп ойлойм.

- Аялдардын укугун аялдардын ич кийимин илбей эле, жылаңач аялдардын сүрөтү жок эле коргосо болбойбу?

- Болот, мыйзам аркылуу аялдардын укугун коргоо зарыл. Мисалы, жашы жете элек кыздарды зордуктаса өлүм жазасына тартуу керек. 18 жаштан өйдө аялдарды зордуктаса  бычып салыш керек... Жана алакачуу уюштурса Аида Салянованын мыйзамы менен жоопкерчиликке тартуу керек. Мына ушундай жолдор менен эле аялдардын укугун коргосо болот.

- Мира Жангарачева кызматтан кетсе эле маселе чечилип калбайт. Аны жоопкерчиликке тартыш керек дегендер да чыгууда. Ал көргөзмөнү иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия бул ишке чекит коё алабы?

- Ал чуулгандуу көргөзмө боюнча комиссия түзүлгөнүн министр менен болгон жолугушууда уктук. Ошол комиссияга активисттерден жок дегенде 3 адамды кошуп, аягына чейин иликтеп, мындайга жол бергендерге катуу чара колдонуу керек деп ойлойм.  Жангарачеваны да жоопкерчиликке тартуу маселеси жаралышы мүмкүн. Анткени, мындай иштерге катуу турбасак, феминистер кутуруп кетишти. Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, улам бир нерсе уюштуруп жатышат.

- 40 чоронун балдары Жангарачеваны опузалаган эмес беле? Анткени, кызматтан “кызматкерлеримдин коопсуздугу үчүн кеттим”- деди го?

- Аны кимдир бирөө опузалаганын билбейм. Бирок, ал  актануу үчүн да ошондой ойлорду айтышы мүмкүн. Чынында мен “Кырк чоронун” мүчөсү эмесмин. Биз улуттук баалулуктарга каршы иш чара болуп жатканы үчүн каршы чыктык.

- Феминистердин көргөзмөсү Отунбаеваны каралоо үчүн уюшулган эмеспи? Анткени, алжыган кемпир жана башка сөздөр менен аларды колдоп жатат деп элге жек көргөзүү аракети күч алды го?

- Чынында Отунбаева өзү буга шарт жартып, аларды колдогондой түр көрсөтүп  жатат.  Ал мүмкүнчүлүктү Раимдин таламын талашкандар колдонуп, колдорунан келишинче ыплас сөздөр менен ага сокку уруп жатышат.

 

“Майдан. kg” гезити