“Фемминаледен” кийин...

Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейиндеги “Феминнале” аталышындагы иш-чара күндүн, жуманын талкууга алынган темасына айланып, коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Мындан башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Чаламандын чак түшүндө музейде дырдай жылаңач аял ары бери басып жүрсө, залдын бир бурчунда аялдардын ич кийимдери жайылып, аялдардын уяттуу жерлери ири планда тартылган сүрөттөр илинип турса, муну   кыргыз коомчулугу кандай кабыл алышы керек эле?

Аялдардын көйгөйлөрүнө, укуктарына көңүлдү бурууга арналган музейдеги мындай көрүнүштү көпчүлүк кыжырдануу, жийиркенүү менен кабыл алды. Анын уюштуруучуларын катуу айыптап, жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. Андай талаптардын натыйжасында музейдин директору, иш-чараны уюштуруучулардын бири Мира Жангарачева кызматынан кетүүгө аргасыз болду. Ал өзүн күнөөлүү эместигин баса белгилеп, заманбап искусствону кыргыздар кабыл алууга даяр эместигин, түшүнбөстүгүн  айтып, улуттук баалуулук, нарк-насил, менталитет дегендерди уруп ойнобостугун көрсөттү.

Өкүнүчтүүсү, өзүнүн экс макамы менен элдин биримдигин камсыз кылууга, ынтымакка чакырчу мурдагы президент Роза Отунбаева иш-чараны колдоого алып, ага каршы болгон эркектерге заарын төгүп, аны менен койнунда котур ташы бар батышчылдардын чырактарына май тамызып, маселени андан бетер ырбатууга салымын кошту. Мындай жүрүм-турум экс-президентке ылайык келеби? Роза Исаковнанын коомго бүлүк салчу билдирүүлөрүнө баа берилиши керек го! Батыш менен болгон байланышы жанына тынчтык бербей жатса, экс-макамынан  баш тартсын да  каалагандай жүрсүн, каалагандай сөздөрдү айтып, акцияларды уюштура берсин!

Эгерде маселеге тереңирээк үңүлө турган болсок, кеп жылаңач кызда же ич кийимдерде эмес, Батыштын кыргыздын үрп-адатына, каада-салтына, нарк-насилине каршы багытталган диверсиясында, кутум максатында болууда. Бүгүн бизди дал мына ушул маселе ойлондурушу керек! Кыргызстандагы НПОчу өкүлдөрү аркылуу АКШ башында турган Батыш буга  чейин көгүштөрдүн укуктарын көтөргөн акцияларды өткөрүшкөн. Андан соң коомдо дестабилдүү абалды  жаратуу үчүн аз күн мурда коррупцияга каршы митингди  өткөрүштү. Музейдеги иш-чара алардын уландысы болду. Батышчылардын максаты бирөө гана – коом, эл ичине бүлүк салып, элдин биримдигин ыдыратып, улуттук баалуулуктарды талкалоо, ичтен иритүү. Анткени, алардын буга чейинкидей салттык  саясий технологиялары ишке ашпай, өз натыйжаларын бербей калды. Ошол себептен ушундай эл кабыл алгыс жолдорго өтүштү…

Негедир бул  иш-чара боюнча аттуу-баштуулар, саясатчылар  өздөрүнүн пикирлерин ачык билдиришпей турушат. Бир гана ЖКнын мурдагы депутаты, “Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармакка пикирин жазып, феминисттердин мындай кадамын катуу сынга алды.

“Урматтуу, кыргыз элим! Бизди, биздин өлкөнү башында Роза Отунбаева турган  бүлүндүлөр, гейлер, ж.б. жогорку кызмат адамдары талкалаганы жатышат. Биздин милдет – өлкөбүздү, каада-салтарыбызды, тарыхыбызды сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү. Ал үчүн баарыбыз биргеликте күрөшүшүбүз керек. Укук коргоо органдары тийешелүү чараларды көрүшү кажет. Жумшак болбогула, элдин тагдыры, эртеңи боюнча маселе турат. Эгерде күчүңөр  жетпей баратса, айткыла, жардам беребиз. Бул шпиондордон коркпогула, эл силерди колдойт!”, - деген пикирин билдирди.

 

“Майдан-пресс”