Ойлон, ойгон!

Өлкөбүздөгү батыштын акырынан жем жеген бейөкмөт уюмдар менен өздөрүн “балкондо чоңоюп, өскөнбүз, бирок митингге чыктык” деп позициялаган, бирок ошол эле батыштын упчусунан эмип жүргөн ичтеги ийри жыландар өткөргөн митинг, “Азаттыктын” бир беткей “иликтөөсү” жана андан кийинки боло турчу окуялардын бардыгы океандын ары жагындагы айрым бир күчтөр менен даярдалып жатканы, бири-бири менен тыгыз байланышта экенин айгинелеп койду.


Ушул митингди шылтоо кылып, “Азаттыктын” Прагадагы кеңсеси америкалык басылмалар менен биргеликте Кыргызстандын терс имиджин түзүүгө батыл киришти.


АКШнын эң белгилүү, алдыңкы деп эсептелген “Нью-Йорк Таймс” гезитинде “Кыргызстандагы коррупцияга каршы жүздөгөн каршылыктар” деген аталышта макала чыккан. Дал ушундай макалалар “Вашингтон Пост” жана башка белгилүү америкалык басылмаларга чыкканга даярдалып жатыптыр.


Анысы аз келгенсип, бул макалаларды англис тилдүү алдыңкы дүйнөлүк басылмаларга кайрадан басып чыгаруу пландалууда. Андан соң Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тилдерине которулуп, журналисттик иликтөөдө Казакстандын жараны делген Хабибулла Абдукадырдын аты аталышынан улам биринчи кезекте Казакстанга жана Өзбекстанга таркатууга көрсөтмө берилди. “Абу-Сахий” базары боюнча материалдарды өзбек тилине которуу бул фирманын юристинен комментарий алгандан кийин күтүлүүдө.


Мындай маалыматтык кампаниядан кийин АКШнын Мамдепартаменти Кыргызстанга күйүмүш болуп, өз тынчсыздануусун билдирип, иликтөөдө көрсөтүлгөн адамдардын активдерин тоңдуруу максатында тизмесин келтирери - турган иш.


Дал ушундай аналогия менен Ливан, Гонконг, Венесуэла, Боливия ж.б. өлкөлөрдөгү акыркы массалык акциялар уюштурулуп келүүдө. Ал жакта дагы коррупциялык иш-аракеттер деген шылтоо менен АКШдан каржыланган ММКлар иликтөө жүргүзүмүш болуп, элди көтөргөн. Ушул эле жол менен Кыргызстанды чайпалтып жана анын аркасы менен бүт Борбордук Азияга өрт салууга жана өз бийлигин жүргүзүүгө умтулуп жатышканын кантип жашырабыз?
Баса, НПОлор уюштурган бул митингде АШАнын кол баласы, чала сабат журналист, көгүш бирдемеси аралаш мурдагы АКШдагы элчи Кадыр Токтогулов жүргөнүн баарыбыз көрдүк. Шамал кай жактан согуп жатканын түшүндүңөр да?


Көчмөндүктүн духу сакталып калган кыргыз элинин ушундай эркин жана баш ийбес мүнөзүн ушунча жылдан бери өз кызыкчылыгында колдонуп, ар кандай революцияларды уюштуруп, эксперимент жүргүзүп келген тышкы күчтөргө туруштук беришибиз керек. Биз алардын тажрыйба жүргүзгөн лабораториясы эмеспиз.

 

 

Булак: Фейсбук, “Компромат.KG” баракчасы

“Майдан. kg” гезити