Оозум Ошту карады!

 

АШАнын убагында эч кимге белгисиз НПОнун башчысы вице-премьер-министр, катардагы юрист Башкы прокурор, жан сакчы –министр болгондой, көздөрү же башка жактары жагып калгандардын, аяш балдардын жана кыздардын көз ачып жумгуча баш айландыргыдай мансаптарга секирген учурлары аз болгон эмес. Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы Башкы консулу Эркин Сопоков мына ошондой адамдардын бининен экендиги жакында ачыкка чыкты.

 

Көрсө, ал эмгек жолун АШАнын колунда айдоочу болуудан баштап, шефинин даражасы жогорулаган сайын анын кызматтык тепкичи да өсүп, адегенде салык инспектору, анан райондук салык инспекциясынын башчысы, мамлекеттик Ала-Арча резиденциясынын жетекчиси болуп келип, анан дипломатиялык иште бир күндүк тажрыйбасы жок экендигине карабастан 2017-жылы Кыргызстандын Түркиядагы Башкы консулу болуп дайындалган экен.

Кыргызстан мурда колго тийгендерди элчи, консул кыла бергендигинин азабын жетишерлик тартып, эл аралык деңгээлде тышкы саясатына доо кетирсе, Эркин Сопоковдун хикаясынан келип чыккан жаңжал, анын ички, сырткы аброюна урулган дагы бир сокку болду. Кыргызстандын бир эмес, эки кызматы 2017-жылдан бери 5 миллиард сомдук салыкты төлөбөгөндүгү, дагы бирөөлөрдүн 3 миллиондон ашык долларын алдап кеткендиги үчүн айыпталып, эки жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн адамдын Кыргызстандын Башкы консулунун автоунаасында кайкалап жүргөндүгү акылга сыйышкыс көрүнүш. Бул Өкмөт үчүн сол колу эмне кылып жаткандыгын оң колу билбегендей эле нерсе. Саймаитиге байланышкан эки жылдан берки жаңжалдарды Башкы консул билбейт деп ойлоо акылга сыйгыс жорук. Албетте, ал билген, бирок билген менен мурдатан мыйзамсыз иштерге көнгөндүктөн Кыргызстандын аракеттеги мыйзамдары, укук-ченемдик актылары мага да тийиштүү деп ойлогон да эмес. Анын эки жылдан бери Саймаити менен коюн колтук алышып жүргөнү убагында Тышкы иштер министрлигине жеткен эмеспи? Эгерде жетпесе, ал ТИМдин  башка өлкөлөрдөгү дипломатиялык түзүмдөрүн сырттан көзөмөлдөөчү механизми таптакыр жок экендигин гана айгинелейт. Эгерде бул мүчүлүштүк тез арада жоюлуп, ТИМ элчилердин, консулдардын иштерин сырттан көзөмөлдөп туруучу механизмди киргизбесе, эртең дагы бирөөнүн кылыгынын жанында Сопоковдун жоругу баланын оюнундай эле болуп калышы ыктымал. Мына ушундай зарылчылыктан улам өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы элчиликтерде, консулдуктарда атайын кызматтардын өкүлдөрүн кармашат окшойт. Эгерде Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунда УКМКнын же тышкы чалгындоонун бир адамы болгондо, Саймайити менен Сопоковдун кучакташып жүргөндүгү жөнүндө маалымат эбак Өкмөткө, мамлекет башчысына жетмек.

Башкы прокуратура тарабынан Э.Сопоковго Кылмыш Кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Анын экөөсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө. Анын биринчиси, дипломатиялык номердеги автоунааны башка бирөөгө бергени тууралуу.  Мындан сырткары, ал аялы Бишкекте жашаган менен тийиштүү документтерде Стамбулда жашайт деп көргөзүп,  чет өлкөгө жол сапар, медициналык, өкүлчүлүктүк чыгымдары үчүн 31 миң доллардан ашык каражатты алыптыр. Ага кошумча  мыйзамсыз баюу беренеси менен да айыпталып, жалпы баасы 47,6 миллион сомдук мүлктү эмненин эсебинен алгандыгын да түшүндүрө албай жатыптыр. Булардан сырткары, эл аралык издөөдө жүргөн адамды жашыргандыгы үчүн да кылмыш ишин козгосо болот. Же Саймаитинин ким экендигин билсе да анын дарегин Кыргызстандын атайын кызматтарына билдирбегени үчүн Сопоков жооп бербейби? Эгерде Саймаитини жалданма киллерлер өлтүрүп кетпегенде анын аны жашырып, кызматтык автоунаасында тайраңдатканы билинбей да калмак. Мындай көрүнүштөр башка элчиликтерде, консулдуктарда жок болду бекен?  Биздин сыртта жүргөн качкындарыбыз жетишерлик,. Мүмкүн, алардын айрымдары да элчиликтерде, консулдуктарда баш калкалап жүрүшпөсүн?

Бул ТИМдин жетекчилерин ойлондуруусу  зарыл.

 

Арина Рысбаева, “Майдан. kg” гезити