Чындык да шибегедей...

 

Акыркы убактарда Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги бир иш чара өтөр алдында айрымдардын митингдерди, пикеттерди уюштуруулары адат болуп баратат. Жаздан бери августка чейин АША “Кой-Таш республикасына” жатып алып, элди алар менен опузалап, тополоң  уюштурууга да аракет кылса, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Бишкекте өткөрүлө турган кезектеги саммитинин алдында “Азаттыктын” 21-ноябрдагы берүүсүндө көрсөтүлгөндөргө нааразы болгондор “Райым-миллиондун” камалышын талап кылган митинг өткөрүштү.

 

Ага катышкандарды сыдыргыдан өткөргөндөн кийин ал митинг “Райым-миллионго” каршы эмес, азыркы бийликтегилерге каршы багытталгандыгына, чындыгында бир тууган Матраимовдор ага өтө ыңгайлуу шылтоо болгондугуна ким да болсо ишенет. Анткени, ал митингде эл аралык афераларга аралашкандыгы жагынан Матраимовдордон калышпаган АШАнын, Өмүрбек Бабановдун жакындары, колдоочулары көпчүлүктү түзүштү. Эгерде чындап эле алардын коррупциялык көрүнүштөрдү укканда эле аллергиялары келип кете турган, коомдогу, чоң саясаттагы  тазалыкты ушунчалык эле жакшы көрүшкөндөрдөн  болсо, эмне үчүн өздөрүнүн шефтеринин былык-чылыктары жөнүндө ушул убакка чейин ооз ачпай жүрүштү экен?

25-ноябрда өткөрүлгөн митингде жогорудагылардан сырткары “Интерньюстун”, “Сорос-Кыргызстан” фондусунун өкүлдөрүнүн, АШАнын эң жакын тилектештеринин биринин   баласынын да анабашчылардан болуп жүрүшкөндүгүн көрдүк. Араб өлкөлөрүндөгү оодарыш, төңкөрүштөрдү уюштурууда “Сорос” фондунун  жергиликтүү уюмдагылары аябагандай чоң роль ойногондугун жакшы билебиз. Азыр дүйнөнүн кайсыл булуң-бурчу  болбосун легитимдүү бийлик органдары менен жарандарынын ортосунда түшүнбөстүктөр, нааразылыктар жаралып, алар тирешүүлөргө айланса эле алардын аркаларынан “соросчулардын”  кулактары көрүнө калат. Адатта цивилдүү өлкөлөрдүн бардыгында чет жактардан каржылангандардын ички, тышкы саясатка аралашууларына  жол берилбейт. Ага мыйзамдык деңгээлде караманча тыюу салынган. Ал эми бизде сырттан укуктук, экологиялык, окутуу максаттарында миллиондорду алып, жарымын долбоорлордогу иш чараларга жумшашса, жарымын өз чөнтөктөрүнө уруп жатышкандар да күндөлүк саясатка ыгы келсе да, келбесе да аралашып, ар кимдерге адвокаттык кылышып, ал үчүн алардан да бир нерселерди алып, бир сөз менен айтканда, саясый кызыл кулактык кылып жүрө беришет.

Маселен, азыр айрымдар “Беспредел кж” сайтынын жетекчиси Автандил Жоробеков дегендин УКМК тарабынан кармалгандыгы боюнча ар кандай сөздөрдү айтышууда. Анын сайт ачылгандан бери алгандарын актоо үчүн АШАнын, анын айланасындагылардын тымызын буйрутмаларын аткарып, аймактарды бири-бирине кайраштырып келе жаткандыгын элдин бардыгы билет. Ал үчүн эртели-кеч жазасын алышы керек болчу. Анткени бирөөлөрдү ар кандай себептер менен  жаман көрүп, алы жетишинче мыйзам чегинде жамандай берсе ал өзүнүн иши, бирок элди бири-бирине кагыштырганга аракет кылгандарга токтоосуз бөгөт коюлуп, мыйзамга ылайык чаралар көрүлүшү керек. Элдин, мамлекеттин биримдиктен, ынтымактан өткөн байлыгы жок. Кыргызстандын бүтүндүгү, биримдиги, мамлекеттин атрибуттарынын кол тийгистиги - “тигил тармакта реформа жүрбөй жатат, бул тармакта коррупциялык көрүнүштөр арбын, тигил жетекчи жакшы иштебей жатат” дегендей зериккендер эрмектеп, капталдары кычышкандар сүйкөнчү  дүжүр “мамылардан” эмес. Анын үстүнө мурдагы президенттин убагында болгон жаман иштердин бардыгын азыркыларга алып келип төңкөп, жабыштырганга аракеттене берүү обьективдүү чындыкка да жакындабайт. Мисалы, “Азаттыктын” берүүсүндө айтылгандардын бардыгы 2012-2017-жылдары же АШАнын бийлигинин убагында болсо, анын аракеттеги президентке кандай тиешеси бар? Чындыкты антип бурмалагандай А.Жоробековго эмне күч келди экен?

Албетте, мында АШАнын жогоруда айтылгандай афералардан чогулткандары негизги роль ойногондугу кимге деле болбосун түшүнүктүү болуп турат. Чындыкты бурмалап, жалганчыны актап, жактагандан эч ким абийир таппайт. “Шибегени  капка ката албайсың”,- деп элибизде бекер айтылган эмес. Чындык да шибегедей, ал капты гана эмес, чындыкты бурмалагандардын капталдарын да бир күнү тешип чыгат.

 

Автандил Белеков, “Майдан. kg” гезити