Арай көз, чарай...

 

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында орун алган окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы ушул жумада Жогорку Кеңеште талкууга алынат. Ошону менен катар, коомчулуктун талабына ылайык, Элдик курултайдын Туруктуу аткаруу кеңешинин чечими менен Кой-Таштагы окуялар боюнча Коомдук комиссия да түзүлүп, ушул күнгө чейин талыкпай, иштеп келе жатат. Өткөн аптада аталган комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү. Коомдук комиссиянын иши тууралуу анын төрагасы Улукбек Маматаевге айрым суроолор менен кайрылдык.

 

- Улукбек мырза, Коомдук комиссияны түзүүнүн кандай зарылчылыгы бар эле? Сиздердин комиссиянын иши менен мамлекеттик комиссиянын иликтөөсүнүн кандай айырмачылыгы бар? Иш ыргагы кандай жүрдү?

- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Кой-Таштагы окуялар – кыргыз коомчулугунда акыркы жалдырда болуп көрбөгөндөй ызы-чууну, тирешүүнү жаратып, арты кайгылуу, трагедиялуу аяктады. Чындыгында, “Атамбаевди суракка алып келүү”- деген нерсенин тегерегинде кандай биз билбеген нерселер болду, аны ар бир кыргыз уулу билгиси келип турат. Бул жерде ачыгын айтуу зарыл, эл өзүнчө эле бир четте калып, жөн гана көрүүчүнүн ролун ойноп калган. Чыныгы “действующие лица” башкалар болду. Мен ушул жерден, бир ойчулдук: “акыркы саясатчы өлгөндө гана элим жакшы жашайт”- деген кебин эске салып коюуну эп көрүп турам. Анткени, Кой-Таштагы окуялардын баары саясатка айланды. Саясатчыладын тирешүүсү ушул кайгылуу окуялар менен аяктап жатат. Ошондон улам да, коомчулуктун талабы катуу коюлуп, андагы окуялардын чын-бышыгын билүү биринчи планга чыккан. Мамлекеттик комиссия түзүлдү, анын жыйынтыгын билбейбиз, бирок, ошондо эле көз карандысыз, элдик комиссия түзүп, андагы окуяларды иликтөө зарылчылыгы жаралган эле. Бул багытта Элдик комиссияга көп кайрылуу келип түшкөн. Мына ошонун жыйынтыгы менен Коомдук комиссия түзүү зарылчылыгы келип жаралды. Курамда Чолпонбек Абыкеев, Табылды Акеров, Таалайбек Мадаминов, Улан Мадмаров, Мукаш Мамбетов, Улан Бабаназаров, Бакыт Стамов, Рамазан Дырылдаев, Сапар Аргынбаев жана кой-таштык журтташтардын өкүлү Жаманкул Жунусов болгон комиссия түзулгон. Мени төрага кылып бекитишти. Биз он чакты жолу жыйын курдук, андан тышкары саясатылар, эсперттер, адвокаттар менен жолугушуулар уюштурулду. Мисалы, Феликс Кулов, Кеңешбей Дүйшөбаев өңдүү генералдар ой-пикирлери менен бөлүштү. Бул окуяларда башкы ролдордун бирин ойногон Курсан Асановду чакырып, анын дагы чындыгын уктук. Мындан тышкары, Кой-Таш айылына барып, эл менен сүйлөшүп келдик. Мамлекеттик мекемелерге, укук коргоо органдарына сурам-каттарды жөнөттүк. Ошентип олтуруп, колубузда абдан көлөмдүү материалдар чогулду. Азыр баарын жыйынтыктап, жазып чыгабыз. Биздин жыйынтык Элдик курултайдын декабрь айында боло турган кезектеги жыйында ачыкка чыгарылат. Ачыгын айтайын, бул жыйынтык көпчүлүккө жага бербейт. Анткени, биз мүмкүн болушунча бейтарап болууга аракеттендик, эч кимдин көзүн карабастан, ачуу чындыкты алып чыгуу башкы максат болгон. Мына ошол максатыбызга жеттик десек болот...

- Ошондой болсо да, “ким күнөөлүү” деген кеп бар да... Ошондо кандай жыйынтык келип чыгып жатат...

- Мен азыр анын баарын ачык айта албайм. Азыр айтып салсам, коомчулукта жыйынтык чыкпай жатып уу-дуу кептер көбөйүп кетет. Бирок, бул суроого биз жооп беребиз. Жыйынтык докладда баары камтылган...

 

А.Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити