Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Азаттыктын” иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, “Үмүт 2020” саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырылат.

 

Атайын кызмат анын ичинде “Азаттык Медиа” мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду 2-декабрда күбө катары суракка чакырды. Токтакунов “Азаттыктын” Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн.

 

“Азаттык Медиа” мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин, ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирди.

 

УКМК ишти Жазык кодексинин “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен иликтеп жатат. Журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу иштеп жатат.

 

УКМК жарандарды сотко чейинки териштирүүнүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө бериш үчүн кызматташууга чакырды.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити