Тегирмен

 

 

- Айнура эже, 2010-жылы революция жасагандардын катарында жүрдүңүз эле. Ошондогу максаттар, тилектер, идеялар  ишке аштыбы?

 

- Ишке ашканы ашты. Ашпаганынын таш-талканы чыкты. Чынында Атамбаевден үмүтүбүз чоң болчу. Ал бизнесмен, ток адам экен. Көп балалуу үйдө чоңойгон, кең пейил, оюна келгенин ачык айткан жакшы адам деп ага ишеним арттык. Ишендик. Өзү да “кара тамандарым” деп жалынчу. Ал бийликке келгенде кыйратып жибербесе дагы мамлекетти өнүктүрүүгө аракет кылды. Врачтарга, милиция, чек ара кызматындагыларга үй салып берди. Жаңы мектептерди салды. Датка Кеминди курду. Свет өчпөй, аз болсо да турмушубуз оңолгонсуп калган.  Кыскасы, зарыл делген маселелерди алынын жетишинче чече баштаган. Эми болсо анын жакшы иштеринин бирин айтпай, баары бир ооздон жамандап, каралаганга өтүп алышты. Бул туура эмес. Азыр каралашканы менен тарых деген бар. Анда кааласак да, каалабасак да тарых өз баасын берет.

 

- Атамбаевди  жакшы эле иштеп аткан жеринен ким жолдон чыгарды?

 

- Жанындагылары жолдон чыгарды. Алар эмне десе туура дей беришип, чындыкты жеткирбей коюшту. Шоопуруна, досуна ишенип алып, ара жолдо калды. Сооронбай Жээнбеков да элдин пикири менен эсептешип, элдеги маселеден кабардар болушу керек.

 

- Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшкөнүн колдойсузбу?

 

- Коррупцияга каршы күрөштү баштаганын колдойм. Бирок, 25 жыл достошуп, КСДПны түптөп, алып эми эки жээкте калып, бүтүндөй дүйнөгө шерменде болгону туура эмес болуп калды. Атамбаевди камабай эле, айып пул салып, акчасын алып мамлекетке жумшаса болмок. Аны камап алып баккандан пайда деле чыкпайт да.

 

- Эмнеге Атамбаев коррупция менен азыркыдай күрөшкөн эмес?

 

- Чамасы, Атамбаев коррупция менен күрөшкөнгө жетишкен жок. Балдар өлүп кетип, эки жыл ушуну менен алек болду. Анан Көчмөндөр оюнун өткөрдү. Коррупцияны ооздуктаганы менен катуу күрөшкөнгө чамасы жеткен жок. 

 

- Атамбаевдин катачылыктарын Текебаев учурунда айтып чыккан. Аны жок жерден каматып салды. Атамбаевдин туура эмес иштери өзүнүн башына муш болгон жокпу?

 

- Текебаев саясаттын атасы. Жеке тааныштыгым жок. Бирок. сыйлайбыз, билебиз. Президентибиз да аша чаап Атамбаев кийген тонду кийип калбаса экен. Президенттерибиз жаман атты болуп кетпесе экен деп көп ойлоном. Сооронбай Жээнбековго 78 чыккан энеси катары кайрылам: Атамбаевди бошотуп, анын күнөөсүн айып пул менен өлчөсүн. Башкасы аз келгенсип, ал түрмөдө өлүп калса шерменде болобуз. Акылга келип, туура чечим кабыл алышын суранат элем. Эл жумуш издеп Россияга, Түркияга кете баштады. Оор тагдырга кептелгендерди көргөндө кан басымым жогорулап, көзүмө жаш тегеренет. Врач болсо “телевизор көрбө, кейибе, кыжаалат болбо” дейт. Мен замандаштарымдын, мекендештеримдин оор абалына жаным кейип, капельница алып калган учурларым көп болуп жатат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити