#АЧЫККЕП

 

“Мен президентке тийиштүү пикир билдирүүдөн алыс эле болойун дегем”, - деди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Азаттыктын журналисттик иликтөөсү, Саймаитинин өлүмү жана Матраимовдун катышы тууралуу оюн билдирип жатып.

 

Анткен менен Текебаев Гонконгдон контрабанда ташыган учактардын бири Дача-Суда авиакырсыкка кептелгенин эске салып, азыркы жаңжалга анын байланышы болушу мүмкүн дейт. Экс-депутат 2017-жылы эле контрабанданын мамлекеттин биринчи күчтөрү менен кандайдыр бир байланышы болушу ыктымалдыгын айтып чыккан.

 

ММКнын иликтөөсү боюнча Текебаев Гонконгдон Стамбулга жүк ташуучу учактар дээрлик күн сайын учаарын, аны эки башка авиакомпания ишке ашыраарын белгиледи. Анын бири Бишкектин абамайданына токтоп гана эмес жүктү түшүрүп, же жүктөгөнгө да укуктуу болгон. А экинчиси – жок, ага бир гана техникалык аялдамага гана укук берилген.

 

“Бирок эмнегедир Кыргызстанга ылайыкталган жүк так ошол жүктү жүктөп, же түшүрүүгө уруксат берилбеген учакта болгон, ал авиакырсыкка учурады. Жөнөкөй суроо – эмнеге бизнесмендер жана логисттер жүктү Кыргызстанда жүк түшүрүүгө укугу бар борт менен жиберишпеди? Анткени кийинки күнү жүк түшүрүү жана жүктөөгө укугу бар экинчи борт учуп келди да?” – деген суроону узатты Текебаев.

 

Ага Кыргызстанга ылайыкталган жүк эмнеге так ошол уруксат берилбеген учак менен жиберилгени түшүнүксүз. “Демек товар үч эсе узун жана кымбат жолду басып өткөн. Логика кырдаалдын абсурд экенин көрсөтөт жана учак Кыргызстанга баалуу товарларды түшүрүп жана жүктөп кете алаарын көрсөтүп турат”, - деп белгиледи ал.

 

Өмүрбек Текебаев бул окуяга Атамбаев канчалык деңгээлде катышканын тилекке каршы билбей турганын кошумчалады. Бирок абамайдандын жетекчилиги жана атайын кызмат товар тууралуу билишкен.

 

“Менин ишенимимди Стамбулга Кыргызстан аркылуу учкан эки карго-компаниясы тууралуу маалыматтар бекемдейт. Товар таң калаарлык саякат жасайт – 4 сааттын ордуна 12 миң чакырым жол жүрөт. Эмнеге мындай таң калыштуу, кымбатка түшүргөн абсурддук аракет керектелди? Бул учак бир гана техникалык себептерден эмес башка да себептерден токтоп келгенин билдирет”, - деди саясатчы.

 

“Кактус.Медиадан” которулду, Булак: “Майдан. kg” гезити