Т. Акеров: Эгер фактылар аныкталса, аеосуз чечим болушу керек.

- Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине туура 2 жыл болуптур. Президент элге берген убдаларын аткара алдыбы?

 

 

-Өлкөдө коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Досу экенине карабай камап, президент коррупция менен күрөштү жандандырды.  Бул мактоого татыган жагы. Эми экономиканы да көтөрүп, элдин ишенимин актап, башка убадаларынын да өтөөсүнө чыгышы керек. 

 

- Жарандык коомдун митингине президент реакция кылышы керекпи?

 

-Албетте,  бүгүнкү коррупцияга каршы митингге да сөз жок бийлик көңүл бурушу керек. Андагы ар бир фактыны талдап чыгышы керек. Ошого жараша чечим кабыл алынышы тийиш. Эгер фактылар аныкталса, аеосуз чечим болушу керек. С.Жээнбеков: “корупция менен күрөштө эч кимге артыкчылык берилбейт”- деп айткан сөзүнө турушу керек. Башкача айтканда, УКМК, Башкы прокуратура жана башка органдар дал ошондой негизде аракеттерди көрсөтүшү керек. Күнөлүүлөрдү камоо, жазага тартуу абзел. Болбосо, коррупцияга каршы күрөшкө эч ким ишенбей калат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити