Э. Иманкожоева: Атамбаев менен күрөшүүнүн өзү эки жылдан кем эмес убакытты алды.

- Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине туура 2 жыл болуптур. Президент элге берген убдаларын аткара алдыбы?

 

 

-Президент аз болсо да убадасын аткарууга аракет кылып, коррупция менен күрөштү колго алды. Досу экенине карабай Атамбаев жана аны табакташтары менен кошо камап, саясий эркин көрсөттү. Бул мактоого арзыган  жагы. Эми башка маселелерде дагы ушундай эрктүү болуп, башка убадаларын да аткарышы керек. Антпесе 6 жыл тез эле өтүп кетет. Атамбаев менен күрөшүүнүн өзү эки жылдан кем эмес убакытты алды. Калган убактысын да куру кетирбей, аны да пайдалуу жакка жумшашы керек.

 

- Жарандык коомдун митингине президент реакция кылышы керекпи?

 

-Президент бул митингге реакция жасашы керек. Эгер реакция жасабаса, чоң жаңылыштыгы болуп калат. Эртең элдин алдында чыгып да сүйлөш кыйын болот. Ал турсун  тарыхта да президенттин элин сыйлабас окуясы болуп жазылып калат. Анткени, бул  митингде көп коррупционерге, чиновниктерге, криминалдык чөйрөдөгүлөргө чоң сокку урулду. Анткени, эл, эки күн ичинде аларды жарга такап, элдин сүрү кандай экенини  көрсөттү! Ошон үчүн Сооронбай Шарипович туура кабыл алат деп ойлойм. Коррупция менен күрөшкөнгө президентке эл жардам берип жатат. Тезинен Матраимовду кудай кылбай камап, мүлкүн конфискация кылып, анын менен кошо мыйзамсыз иш кылган чиновниктерге, экс-депутарга, азыркы депутаттарга карата тергөө ишин башташ керек!

 

Булак: “Майдан. kg” гезити