Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин доорунда «серый кардиналга» айланып, контрабандадан тарта кадр саясатына чейин аралашкан Икрамжан Илмиянов аттуу шоопур болгонун элибиз билет.

Илмиянов «кожоюну» АШАга таянып каалагандай тайраңдаса, шоопурга таянып да тайраңдагандар толтура болгон. Алардын катарында Баткен облусунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев жана Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Шаирбек Орозалиев дегендер бар болчу.



Эми мына ушул эки эрен дагы бир нече өзүнүн адамдары менен Бишкекке келип, маалымат агенттиктеринин биринде маалымат жыйынын өткөрүүнү пландашканы маалым болду. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы маселелер боюнча маалымат жыйынын өткөрүшөт экен.



Негизи бул эрендерди чек ара маселелери мурда түйшөлдүрүп да койчу эмес. Себеби, Сапарали Бөрүбаев Атамбаевдин убагында Илмияновго таянуу менен алтын кендерин сатып жиберип, анын айынан кылмыш иши да козголуп, анча-мынча ары сүр, бери сүр болгону бар.
Акыры колдоочусу «Шоопурдун» арты менен жоопкерчиликтен кутулуп кеткен. Ал эми Шаирбек Орозалиев болсо АШАнын доорунда контрабанда менен шугулданчу. Ага эч ким эч нерсе дей алчу эмес. Себеби, «Шоопурдун» калкалоосунда болчу. Азыр мындай контрабандисттердин доору бүттү. Сапарали менен Шаирбек Тажикстандан мыйзамсыз товар ташый албай калды. Кыязы, бүгүнкү күндө алар ошондой оңой оокаттарынан айрылып калгандары үчүн учурдагы бийликке каршы чыккылары келип жатат окшойт. Болбосо, кыргыз-тажик чек ара маселелери өкмөттүн, президенттин деңгээлдеринде каралып, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы белгилүү эмеспи. Булардын максаты жөн эле ызы-чуу чыгарып, бийликти элге жаманатты кылуу болуп жатат. Ушундай жол менен алар кайрадан мурдагыдай тайраңдаганын заманын куруп алабыз деп жатышса керек.

 

Акыйкат