К. Сооронкулова: Бул ирет туура чечим чыгарылды.
Бул боюнча коомдук Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова пикир билдирди:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы мурдагы президент А.Атамбаевдин тарапкери, КСДПнын юристи Нурбек Токтакуновдун Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 15-майында кабыл алган экс-президенттин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамынын мыйзамдуулугу жөнүндө доосун карап, 24-октябрда анын бир пунктунан башкасы толугу менен “өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келет”- деген чечим чыгарды.
- Конституциялык палата буга чейин 2007-жылы Конституциядан президенттин абсолюттук кол тийбестиги боюнча норманын алынып салынганына негизденип, тарыхый чечимди, мындай макам мурдагы президенттерде жок деген чечимди чыгарышы керек эле. Бирок бул маселе саясатташтырылып келбедиби. Бул ирет туура чечим чыгарылды. Болгону алардын келтирген жүйөөлөрү бир аз жетишсиз болду.
Булак: “Майдан. kg” гезити