Акыйкаттуу баа


 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы мурдагы президент А.Атамбаевдин тарапкери, КСДПнын юристи Нурбек Токтакуновдун  Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 15-майында  кабыл алган  экс-президенттин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамга  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамынын мыйзамдуулугу жөнүндө доосун карап, 24-октябрда анын бир пунктунан башкасы толугу менен “өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келет”- деген чечим чыгарды.

           

Ушул жылдын 15-майындагы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президенти саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөсүнө, ошондой эле саясый партиялардын иштерине катышуусуна жана анда жетекчи орундарды ээлөөсүнө тыюу салынган. Аны АШАнын тарапкерлери, оппозициядагы айрым саясатчылар “адам укугун чектөө, дискриминациялык көрүнүш катарында” көрсөтүүгө аракет кылышты жана андай аракеттер азыр деле болуп жатат. Бирок, чындыгында ал өлкөнүн саясый турмушунда теңдикти, адилеттикти камсыз кылууга багытталган чара экендиги бизде кенедей да шек туудурбайт. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, экс-президенттер өздөрүнчө партия түзүп, саясый турмушка активдүү аралашса, алар кол тийбестиктерине таянуу менен  башка партияларга, алардын лидерлерине салыштырганда өлчөөсүз артыкчылыктарга ээ болуп алышат. Эгерде алар саясый партиялар, шайлоо жөнүндөгү, ж.б.  мыйзамдарды бузушса да,  Боршайлооком, же укук коргоо органдары эч кандай чараларды көрө алышпайт. Анткени, экс-президенттердин кол тийбестиктери бар. Саясый мейкиндикте бирдей эреже, теңдик, талап, норма болушу  үчүн  экс-мамлекет башчылары саясаттан биротоло кетүүлөрү керек, эгерде активдүү саясатка аралашкылары келсе, экстик кепилдиктеринен баш тартуулары зарыл. Ал эми бизде жеңилдиктерден өз ыктыярлары менен ажырагысы келгендер жок, чыкпайт десек болот. Маселен, Атамбаев  антүүнү ойлоп да койгон жок. Ал экстик кепилдиктер аркылуу саясатта да өмүр бою оюна эмне келсе, ошону жасаган эрке талтаң болгусу келди эле, коомчулуктун кысымы менен Жогорку Кеңеш жогоруда аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, анын өлкөнүн саясый мейкиндигинде үстөмдүк кылгысы келген ашыкча амбициясын ооздуктоого аргасыз болду. Эгерде антпесе АША саясый турмуштагы монстрга, Телибай тентекке айланып алып, өзү каалагандарды жасай бермек.

 

Н.Токтакунов баштагандардын: “мыйзам мурдагы убакыттагыларга колдонуучу күчкө ээ эмес, демек, ал  кийинки экс-президенттерге гана колдонулуусу керек”- дегени да рационалдуу логикага ылайык келбейт, Туура, “закон обратной силы не имеет” деген укуктук принцип бар. Ал деген мурдагы кылмыштарга, жоруктарга ошол убактарда аракетте болгон мыйзамдар гана колдонулуусу керек, жаңыларын колдонгонго болбойт дегенди гана билдирет. Андан башкача чечмелегенге болбойт. Ал эми А.Атамбаевдин экстик кол тийбестиги өмүр бою берилген артыкчылык болчу. Эгерде Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 27-июнунда 2019-жылдын 15-майында кабыл алынган мыйзамдын негизинде кол тийбестиги алынбаса, ал өмүр бою созула бермек. Демек, жаңы мыйзам аракеттеги процесске колдонулду, анда “мурдагы” деген түшүнүк жок. Ал эми ага карата козголгон кылмыш иштери болсо өлкөнүн Башмыйзамынын 16-беренесиндеги “КРнын жарандарынын бардыгы мыйзам алдында бирдей” деген нормасынын негизинде ишке ашырылып жатат.

 

Конституциялык палата өз чечиминде ал нормага шилтеме жасабады, өз чечимин “укуктук иммунитеттин так чеги жана аны жеңүүнүн  процедурасы болушу керектиги” менен гана түшүндүрдү. Чындыгында эле кол тийбестиктен  ажыратуунун так сын-ченемдери, процедуралары болбосо, анда ал нормага эмес эле догмага айланып кетпейби.

 

АШАчылар өздөрүнүн Конституциялык палатага кайрылган аракеттери оң жагына чечилбестигин, цивилдүү мыйзамдык нормалар алар тарапта эместигин мурда эле түшүнүшкөн, бирок дагы бир жолу ашыкча саясый ызы-чууларды күчөтүү, “балта көтөрүлгөчө дөңкөч эс алат” деген максатта кайрылышты эле, ал максаттары орундалды бирок ошол эле мезгилде, Конституциялык палатанын чечими -  чыныгы мыйзамдуулуктун салтанаты болуп калды.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити