Тескейдейден чыккан терс сүртүм!


 

Жогорку Кеңештеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов тууралуу жазгыбыз келди. Жыргалбек мырза Жумгалдан чыккан депутат. Ɵзүн Байзак Баатырдын урпагымын деп даңазалап жүрɵт. А түгүл 2014-жылдын 10-октябрь күнү Байзак Баатырдын 185 жылдык мааракесин Чаек айылында дүркүрɵтɵ ɵткɵргɵн. Кɵрсɵ, саясатка аттанам деп турган Турускулов 2015-жылы ɵтɵ турган парламенттик шайлоонун алдында элге атын даңазалоо максатында ɵткɵргɵн экен да. Андан бери туптуура 5 жыл ɵттү. Кыйын болсо Байзак Баатырдын 190 жылдыгын быйыл деле ɵткɵрбɵйт беле?

 

Ушул Турускулов баскан-турганын эле сүрɵткɵ тартып интернетке чыгара бергенди жакшы кɵрɵт. “Ушундай кылсам эл ɵкүлү катары иштеп атканымды айтып атам”- деп ойлойт окшойт. Аңчылыкка чыкканды сүйгɵн бул депутат тоо теке атып сүрɵткɵ түшүп аны интернетке чыгарып сынга кабылган. Ɵзү мактанып чыгарбаса Турускуловдун кайсы күнү, эмне кылып жүргɵнүн биз билмек белек? Аны тереңден ойлонбой чыгарып ийип тепкиге калган жайы бар. Ии, баса мындан эки жыл мурун кайсы бир мектепке берген 6 штук топту сүрɵткɵ тартып, жардам бердим деп чыгарганын кɵрүп боорубуз эзилген. Дагы бир жолу кадимки 1 сомдук тыйындын элеси түшүрүлгɵн жыгач жасалганы борборубуздагы “Кыргызстелекомдун” алдына орнотуп, “Шаардыктарга белек кылдым”- деп жаздырып койду. Аны эмне максат менен чыгарганын ɵзү эле билбесе, эл деле түшүнгɵн жок.

 

2020-жылкы парламенттик шайлоо жакындаган сайын тызылдап жаны тына элек. Кечээ жакында Жумгалга барып, райондун борбору Чаек айылындагы кичинекей скверди жасатып, ага губернаторду баш кылып чыкырып ачылышын ɵткɵрүптүр. Аны жасалгалаганга кеткен каражатка караганда чакырган конокторун коноктогонго кеткен каражаттын кɵлɵмү кɵп болгонун баргандар айтып күлүп атышат. Айтор, “пиарды” мыкты ɵздɵштүргɵн эл ɵкүлү ар кандай жолдор менен элге атын эскертип тургусу келип атканын аңдабай түшүнсɵк болот.

 

Жыргалбек Күрүчбекович ɵзүн бир принцип менен жүргɵн саясатчы катары кɵргɵгүсү келет. Бирок, бир учурда жардам берген адамдарды каратып туруп сатып кеткени адамгерчиликтин кайсы түрүнɵ кирээрин ɵзү эле билбесе, биз беле албайт экенбиз. Дегенибиз, Ɵмүрбек Бабанов ɵкмɵт башчылыкка келгенде так ушул Жыргалбек Турускуловду “Чыгышэлектр” тармагына жетекчи кылган. Ал жактан эмне болуп кеткенин алдыда дагы сɵз кылабыз. Кийин 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодо “Республика Ата Журт” партиясынын тизмеси менен так ошол Бабанов депутат кылганы жалган эмес да. Анан кызматтан-кызматка кɵтɵрүп, жакшылыкты ченебей кылган Ɵмүрбек Токтогуловичтин башына кара булут айланганда Жыкең сатпадыбы! Тактап айтканда, 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Ɵмүрбек Токтогуловичтин сыртка чыгып кеткенин пайдаланган Күрүчбекович Жогорку Кеңештеги “Республика Ата Журт” фракциясын жетектеп олтурган Бабановдун досу Руслан Казакпаевди жыга тартып, анын ордуна фракция лидери болуп олтуруп алды. Абийири бар адам мындай пастыкка бармак эмес да, туурабы? А бүгүн кырдаал башка, Жыргалбек Күрүчбекович мышыктын образында жыла басып кирип чыгып иштемиш этип атат. А Ɵмүрбек Бабановдун жанына жолой албай калды. Мындан улам, “кийинки шайлоодо кимдин этегин кармайм” деген санаада, ой басып жүрɵт.

 

Жана башында сɵз болуп кеткендей биздин “каарман” Жыргалбек Турускуловдун “Чыгышэлектр” тармагын жетектеп тургандагы “фокустары” тууралуу айта кетсек ашыкча болбос чыгаар. Бул боюнча сɵз болсо эле актанып калмай адаты бар, ɵзүнɵ чаң жугузбай. Бул ирет да актанаары турган иш. Оозуңду ачып бир сѳз айтардан мурда алды артыңда кара да, туурабы? Ошол Турускулов бир учурда жетектеген “Чыгышэлектр” акционердик коому ѳлкөбүздүн Ысык-Көл жана Нарын обулустарында электр тармагын жөндөй турган ишкана. Кайсыл бийлик же өкмөт келсе да мындагы жогорку кызмат орундары алардын көзүн кызыктырып, талашка түшөт. Ишти жөндөй алабы - жокпу кызыктырбайт, иши кылып өз киши болсо болду. Мына ошол кѳздү кызыктырган башкы директорлукка 2011-жылдын февраль айында түздɵн-түз Ɵкмɵт башчынын чечими менен Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович дайындалат. Ѳзүнүн кесиби экономист, соода-сатык менен шугулданып жүргөн, бир күн да мамлекеттик кызмат түгүл мамлекеттик мекемеде, эң кызыгы электр жаатында иштебеген, электр тармагын жетектемек түгүл үйдɵгү бузулуп калган точканы оңдой албаган Жыргалбек мырза ошентип креслого олтуруп калган эле. Бакандай башкы директор болуп.

 

“Нысапсызга кашык берсең беш уурттайт” дегендей болгонбу, айтор, “Чыгышэлектр” тармагынан “мыйзам бузуунун” илеби ура баштаганын сезгенби тиешелүү органдар иликтей баштайт. Ошентип иштеп баштаган башкы директордун ишмердүүлүгүн КРнын Эсеп палатасы текшерген учурда компанияга 5 миллион сом өлчөмүндө каржылык зыян келтирилген фактысы аныкталган. 2011-жылдын октябрь айында 10 000 (он миң) даана электр эсептегичтер (счетчик) сатылып алынат. Базар баасы 300 сомдон турган бир фазалуу счетчиктер 750 сомдон кириштелсе, 1000 сом турган үч фазалуу счетчик 2500 сомдон кириштелген. Кытайда жасалган счетчиктер компаниянын ичиндеги метрологиялык кызматтын атайын текшерүүсүнөн өтпөй эле кардарларга сунуштала берген.

 

Адистердин айтымында, алардын сапаты тиешелүү стандарттарга жооп бербейт жана Кытайдан контрабандалык жол менен ташылып келинген. Тиешелүү жабдуулары жоктугунан улам компания ящик, автомат жана пломба коюу үчүн ар бир счетчик үчүн кошумча 300 сомдон дагы чыгымга учураганы үчүн Турускуловдун иши сотко ѳткѳн эле. Ошондо эле бул иш гезиттерге чыгып кылмыш иши козголгону козголуп, бирок жабылуу аяк жабылуу бойдон калчу эле, бул дагы суудан кургак чыгат окшобойбу деген божомолдор бүгүн чындыкка дал келип, Турускулов мырза минтип кыңыр иштерин акчанын күчү менен жаап туруп бакыйган депутат болуп олтурат. Бизди кызыктырган ошол козголгон кылмыш иши кантип жапты экен? Канча сумма менен ооз басырык бери экен? Биз кызыккан суроону бердик, балким ɵзү окуса жооп берип коет чыгаар…

 

Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити