Кызуу талкууда
Ошентип эгемендүү кыргыз ɵлкɵсүнүн Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышы да акыркы жылын иштеп жатат Ана-мына дегиче жыл жаңырат да, парламенттин 7-чи чакырышы шайлана турган жыл кирип келет. Сɵз болуп жаткандай 2020-жылы ɵтɵ турган парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчыларда уйку жок. Мурун-кийин депутаттыктын даамын «татып» алгандар, азыр «татып» жаткандар жана «таткысы» келгендер ар тарапта чабагандап жүрɵт.
Бүгүн коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жаткан ɵзɵк, шайлоонун босоголук чеги. Маалым болгондой азыркы парламенттин босого чеги 9%дык чек. Башкача айтканда шайлоого катышкан партиялардын кимиси жалпы шайлоого келген шайлоочунун 9% добушун алса Жогорку Кеңештин босогосун атоого мүмкүнчүлүк алышат. Мына ушундан улам “саясий элита” түн уйкудан калып чуркап жүрү. Алардын кɵтɵргɵн демилгеси, “Парламенттик шайлоонун босого чеги 9%дан ылдый болсун!”- деген ураан. Айрыкча кийинки шайлоодо ɵтпɵй турганына кɵзү жетпеген саясатчылар шайлоодо партиялардын ɵтүү босоголук чеги 9%дан ылдый болуш керек дешип, а түгүл босоголук чекти 3%га түшүргүсү келгендер жок эмес. Баам салып карасак ошол 3%га түшсүн дегендер мурунку парламенттик шайлоодо араңдан зорго 3%га илингендер экен. Чын-чынына келгенде парламенттик шайлоо 9%дык чек менен ɵтсɵ күчтүү атаадаштык менен ɵтɵɵрү бышык. Ал эми 3%дык чек менен ɵтсɵ парламентке 10го чукул партиянын киришин күтɵ берсек болот. Анда эле ЖКнын ашмалтайы чыгып, улам коалиция бузулуп, улам куралып, ɵкмɵттүн иштешине жолтоо болуп, экономиканы артка тартаары турган иш.
Шайлоонун босоголук чегин ылдыйлаталы дегендердин сап башында Жогорку Кеңештеги “Республика Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев болду. Эң кызыгы так ушул Жээнчороев 2017-жылы парламенттик шайлоонун босоголук чеги 9% болсун деген демилгеинин автору эле. Анда ал: “Бүгүнкү күндɵ Кыргызстанда 200дɵн ашуун партия бар, алардын башчылары толкундануудан азап чегип, ортосунда бириктирүүчү идеология жок. Босогону 9%га чейин жогорулатуу лидерлердин диалогуна жана экономикалык туруктуулукка алып келет”- деп айткан. Босоголук чекти 9%га кɵтɵрүү үчүн бар аракетин жумшап атып, аны ишке ашырган. Аны менен бирге кɵпчүлүк депутаттар туура кɵрүп, босоголук чекти кɵтɵрүү боюнча мыйзамды жактырышкан. Эми эсине жара чыккан Жээнчороев ал сɵзүн унутуп калганбы же кожоюну ушундай тапшырма бергенби же тамаксоо неме 2017-жылы эмне деп айтканын тамак менен кошо жеп алганбы, айтор бүгүн башкача сүйлɵп атат. Жогоруда эки жыл мурун айткан сɵзүн толук бердик. Эми бүгүн: “Негизи босоголук чекти төмөндөтүү боюнча демилгени колдоо керек. А бирок 3 пайыздык чек, биздин өлкө үчүн өтө аз болуп калат. Себеби учурда партиялар абдан көп. 3 пайыздык босого чекти алуу үчүн 50 миң гана добуш керек. Андыктан 5 пайыз кылсак, ортодогу баланс сакталат. Ал эми шайлоого катышып жаткан партиялар үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт”0 деп баштады. Ɵз сɵзүнɵ ɵзү каршы чыккан эл ɵкүлү ɵзүнүн “маскасын” ɵзү сыйрып берип койду. Мирлан Канатбековичтин анык жүзүн билип алдык…
Саясатчылар босоголук чекти ылдыйлаталы деп ач айкырык салбай, биригүү жолуна барып, партиялык тизмени бекитип атканда эл ишеничиндеги адамдарды жаңылбай тандаса эле босоголук чек экинчи маселе болуп калмак. Дегенибиз, кайсы партия болбосун тизме бекиткенде аймактарда кадыр-баркы бар адамдарды тизмеге кошот эмеспи. Ар бир талапкер ɵзүнɵ бɵлүнгɵн аймактан 9-10% добуш алып берсе эле жетиштүү добуш топтолгон атпайбы. Эгер ал талапкер ɵз аймагынан 9% добуш ала албаса анда ал талапкер кантип депутат болот? Элдин 10% колдоосуна ээ болбогон киши кантип элдин маселесин чечет? Жогорку Кеңештин шайлоосу эмес, айылдык кеңештин шайлоосуна катышкан талапкерлер айылынын дээрлик 60-70% добушун алган учурларга күбɵ болуп эле жүрбɵйбүзбү!
Акырында айтаарыбыз, Жогорку Кеңешке партиянын ɵтүү босого чегин ылдыйлатабыз дегендин ордуна кайсы талапкер ɵз аймагынан 9%дан ашык добуш ала алат деген негиз менен партиялык тизме түзүүнү мезгилдин талабы болуп турат.
Булак: “Майдан.kg” гезити