А. Турдукулов: Ал ошол укуктарын билген үчүн күч менен сотко алып барса, ачкачылык жарыялайм деп айтып жатат.

 

- Атамбаев сотко келүүдөн караманча баш тартып жатат. Экс-президенттин бул позициясын колдосо болобу? Камактагы экс-ажонун “мени сотко күчтөп алып келсе, ачкачылык жарыялайм” дегени, анын артынан адвокатынын: “бул анын ден-соолугу үчүн коопттуу, тамак жебесе кийинкиси жаман болот”- деп жарыялагыны жогору жакка сес көрсөтүүбү же өз укугун коргообу?

 

 

- Атамбаев бир жылдан бери эле “сотко да барбайм, сот аткаруучулар менен да сүйлөшпөйм” деп айтып келе жатат. Анткени, ал ага коюлган күнөөлөрдү тааныбайт. Ошон үчүн сотко катышууну да каалабайт. Негизи камактагы адамды  абактан сотко күч менен алып келүү мыйзамда жазылган эмес. Ал ошол укуктарын билген үчүн күч менен сотко алып барса, ачкачылык жарыялайм деп айтып жатат.

 

Негизи  укуктарым бузулса, ачкачылык жарыялайм дегени анын укуктарынын бири. Бирок, Атамбаевдин ден-соолугу начар. Ал ачкачылык жарыяласа ден-соолугуна зыян болуп, бийликтин бетине көө жапкан окуя менен аяктап калышы мүмкүн. 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити