С. Четинбаев: Кылмыш кылдыбы, жооп берсин.
- Атамбаев сотко келүүдөн караманча баш тартып жатат. Экс-президенттин бул позициясын колдосо болобу? Камактагы экс-ажонун “мени сотко күчтөп алып келсе, ачкачылык жарыялайм” дегени, анын артынан адвокатынын: “бул анын ден-соолугу үчүн коопттуу, тамак жебесе кийинкиси жаман болот”- деп жарыялагыны жогору жакка сес көрсөтүүбү же өз укугун коргообу?
- Кылмышка катышы бар экени ошол кылмышка аралашкандар, же күбөлөр аркылуу такталып аткан болсо, анда сот Атамбаеви жок эле жүрө берсе болот. Келбесе келбей эле койсун. Кылмыш кылдыбы, жооп берсин? “Кыз боозуп алып энесин коркутат”- деген кыргыздын орой, бирок даана так айтылган макалы бар. Бул жерде да ошондой болуп атат. Аны эч ким кылмышка түрткөн жок. Баарын өзү кылды. Эми мыйзам чегинде жооп берсин. Кыйшалактаса кыйшалактай берсин, тергөө иштери дыкат жүрүп, саясатташпай, сот мыйзам чегинде өкүмүн чыгарыш керек. Антпесек болбойт. Андан башка жол да жок. Кээ бир саясатчылар ага жан тарткандай да болуп атышат. “Султан сөөгүн кордобойт”- деген сыяктуу сөздөрдү айтып. Атамбаев качан султан болду эле? Эптеп бийлике жетип алып, эл мүдөөсүн аткарбай, айланасындагы тилектештерин сатып, камап, бийликтен четтетип, өз бийлигин каалагандай жүргүзбөдү беле? Айта берсе сөз көп. Жакшыбы, жаманбы, итпайбы, чотпайбы мыйзам баарынан бийик турушу абзел! Кылмыш кылдыбы, жазасын алсын.
Ачкачылык тууралуу билдирүүлөрү коркутуу эле. Өз укугун антип коргобойт да. Укуту билген саясатчы жанагындай иштерге барбайт? Баарын эл көрүп турдук го. Ак болсо тергөө менен иштешип, адвокаттары аркылуу укугун коргосун. Долулануунун да чеги болот.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити