Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортторунда электрондук билет системасы 2020-жылдын январь айынан тарта ишке кирет.

Шаардыктарга карта, билерик жана брелок сунушталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

 

Биринчи айлампада система коомдук транспорттордо жүрүү үчүн жол кире төлөөгө жол ачса, келечекте унаа токтотуучу жай, велосипеддерди ижарага алуу, театр жана музейлерге кирүү үчүн да колдонулушу мүмкүн.

 

Электрондук билеттер үч категорияга бөлүнөт: пенсионерлер жана майыптар үчүн жеңилдетилген карта, окуучулар үчүн карта жана жеңилдиги жок стандарттык карта. Картаны жоготуп алган учурда аны колдонууну бөгөттөп коюуга мүмкүнчүлүк бар.

 

Карталар почта бөлүмдөрүндө, мобилдик операторлордун кеңселеринде жана ири соода түйүндөрүндө сатылат.

 

Бишкекте 20-сентябрдан баштап тесттик режимде 10 троллейбус жана 10 автобуста электрондук билет системасы киргизилген.

 

“Электрондук билет” долбоорун тендерден утуп алган швейцариялык BPC AG компаниясы ишке ашырууда. Ал өз кызматын 24 миллион 120 миң сомго (344 миң долларга) баалаган. Мэриянын маалыматына караганда, компания транзакциянын төмөнкү баасын сунуштаган.

 

Борбор калаабызда коомдук транспорт маселеси күндөн-күнгө көйгөйгө айланып бараткандыгы талашсыз. Ал эми аларга акы төлөө ого бетер түйшүктү жаратууда. Анткени айрыкча окуучулар күндө ата-энеси берген 20 сомду кээде жоготуп же балмуздак алып жей коюп, жөө жүрүп да калышат. Ошол эле учурда айдоочулардын да бир колу рулда, экинчиси акча эсептегенде болуп, көп алагды болушат. Эмнеси болсо да, бул система ушул түйшүктөрдөн арылтса экен.

 

Булак: “Майдан. кg” гезити