Тополоңдун опур-топуру
Өткөн жумада, үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда орун алган Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын биринчи жыйыны болуп, ага жергиликтүү эксперттердин бир тобу чакырылды. Бул иш-чарага УКМКнын мурдагы жетекчилери Феликс Кулов менен Кеңешбек Дүйшөбаев, ошондой эле коомдук ишмерлер Сабыр Муканбетов, Турат Акимов, Максат Мамытканов жана укук коргоочу Азиза Абдрасулова катышты.
Кеңешбек Дүйшөбаев: “Бийлик биздин кайрылууларды өз учурунда угуп, жыйынтык чыгарганда, Кой-Таштагы каргаша болмок эмес!”
УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын иши абдан зарыл экендигине токтолду:
- Бүгүнкү күндө Кой-Таштагы окуяларды иликтеп жаткан мамлекеттик комиссияга “бийликтин сөзүн сүйлөйт”- деген сын-пикирлер арбын айтылып жатат. Ушул жагынан алып караганда, Элдик курултайдын Туруктуу аткаруу комитети тарабынан түзүлүп, иштей баштаган Коомдук комиссиянын иши аба-суудай коомчулукка керек. Эгерде мамкомиссия маселенин укуктук жагына басым жасап жаткан болсо, бул Коомдук комиссия ал окуяларга саясий баа берүүсү керек. Мына сиздер “Кой-Таштагы окуялар эмне себептен келип чыккан? Ага ким күнөөлүү”- деп сурап жатасыздар. Буга биринчи кезекте Алмазбек Атамбаевдин президент болуп шайланган учурдан бери орун алып келе жаткан жагдайлар себепкер. Бизде ушундай салт орун алып калган эл, башында бардык эле президенттер жакшы иштеп башташат да, бир аз бекем олтуруп алгандан кийин жолдон чыгып кетишет. Атамбаев дагы тилекке каршы жолдон адашты. Тыюу киргизилгендигине карабастан өзүнүн пайдасын көздөп конституциялык реформаны баштап, коомдун келечектүү максаттарынан тая баштаганда биз, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да каршы чыгууга мажбур болгон элек. Сөз эркиндигине басым жасай баштады. Көп резонанстуу иштер боюнча жыйынтык чыкпады. Мына ошонун баарын ачык айтып чыккан коомдук-саясий ишмерлер, юристтер, журналисттер куугунтукка алынып, жоон тобу камалып да чыгышканын эстен чыгарбайбыз. А.Атамбаевге бул дагы аздык кылганбы, акырында коңшу мамлекеттер менен да көп жылдык достук мамилелерибизди бузду. Эң жаманы, ал орду жок сөздөрдү айтуу менен эл ынтымагына доо кетирди. Зыяндуу көп иштери ачыкка чыгып, бизди дүйнө элине уят кылды.
Эсиңиздерде болсо, Элдик курултай былтыр бир жыл мурда эле өз жыйынында Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө укуктук, саясий баа берүү зарылдыгын айтып чыккан. Анын өлкө башчысы катары кесепеттүү иш алып баруусун иликтеп чыгуу талабына быйыл жазында өткөн курултайда да айтып, талап кылдык. Биздин кайрылууга бир гана президенттик аппарат реакция жасады. Өкмөт, парламент, укук коргоо органдарынан дымактуу иш болгон жок. Эгерде бийлик өз учурунда биздин кайрылууларды угуп, жыйынтык чыгарганда, Кой-Таштагы каргаша болмок эмес. Ошондуктан, элдин талабын укпаган бийлик органдарынын да бул жерде кемчилик кетиргенин айтып кетпесек, адилеттүүлүк болбой калат.
Булак: “Майдан. kg” гезити