Ж. Токоев: Тойлор да саясатташып кетти.

 

- Ооба тойлор да саясатташып кетти. Той тигил же бул адамдын жакшылыгына арналып берилет. Той берген адамга ниети, пейли жакшы адамдар чакырылат. Адатта туугандар, куда-сөөктөр, таяке, жээндер, жакшы кошуналар чакырылат. Мындай жакындыгы бар адамдардын албетте ниеттери, пейилдери жакшы болгон үчүн барышат. Азыр той саясатташып, акчасына карап чакырылып калышы опсуз адатка айланды. Той берген бийлик адамы тойду ушундай жаман адаткка айлантты. Бул жакшы көрүнүш эмес. Мисалы үйлөнүү тою болду дейли, чакырылган адамдын ниети жаман болсо жаштарга кантип чын дилден жакшы тилек айтат ? Бул абсурд! Той ээси душмандашып жүргөн адамдарды чакырып өзү да, чакырылгандарды да ыңгайсыз абалга калтырып жатпайбы. Ошолордун тамагынан жеген ашы кантип өтөт? Албетте той берген адам эки жүздүүлүк кылбай, оболу чакырылгандардан чын дилден бата алганга көңүл бөлүшү керек . Ошентип той берген бийлик адамы же бизнесендер саясатка, кошумча акчага көңүл бөлүшүп кыргыздын салты менен наркына доо кетирип жатышат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити