Ж. Бусурманкулов: Тойго барган саясатчылар үчүн эмес, той ээси үчүн барасың.

 

- Кыргызстанда аш-тойлор да саясатташып, салтанаттуу аянтчага айлана баштадыбы же келишкис эки жээктеги саясатчылардын бир столдо отурганы эки жүздүүлүкпү?

 

 -Мен эки жээкте жүрсө да, тойдо бир столдо отурган саясатчыларды сындагандан алысмын. Анткени, тойго барган саясатчылар үчүн эмес, той ээси үчүн барасың. Ошондуктан, талкууга түшкөн саясатчылар бирөөнүн кубанычынан өзүнүн саясий  амбициясын жогору койбой, эки жээкте жүрсө да бир столдо отурганынан сындап, саясат издебешибиз керек. Принцип демиш болуп, той ээсине саясий амбициясын көрсөтүп, “ал барса мен барбайм” деп тойго барбай койсо адамгерчилик болбой калмак. Ошондуктан  тойдо каршылаштар бир столго отурганын туура түшүнүү менен кабыл алышыбыз шарт. Кыргызда “чыдаган киши той берет”- деген сөз бар.  Тойго барып бата бергенге же уул-келинине той берип бата алып бергенге не жетсин.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити