Күлдүрөт дагы, күйдүрөт дагы...

 

Ааламдан агылгандарды канар каптарга шыкагандар

 

Кыргыздын саясаты улуттук колориттен сырткары мезгилдик өзгөчөлүктөргө да ээ. Адатта бизде митингдер, пикеттер, саясый опур-топурлар, опузалап опуруу-жапыруулар  күздө, жазда күчөйт. Аны биз күздө элдин жыйым теримден колдору бошой түшсө, эрте жазда жазгы талаачылык иштеринин кызый электиги менен түшүндүрүп жүрсөк, медицина жаатындагылардын айтымдарында, анын башка себептери да бар экен. Адатта бул мезгилдерде өнөкөт ооруулардын баары козголуп, мурдатан жогор жактарында мандеми барлардын дарттары биротоло күчөп кетет дешет. Астапурулла, тообо кылдык,  дарт айтып келбейт, аны эч ким сурап албайт, бул жөнүндө сөз баштаганыбыз үчүн Жараткандан кечирим сурайбыз, бирок көзүң көрүп, кулагың угуп турганды айтпай койсоң да күнөө болот. Акыркы убактарда асман менен сүйлөшүп, жердин түпкүрүндөгүлөрдү тыңшап, аларды айткандар, жазгандар аябай эле көбөйүп кетти. Биздин бир эр ортосуна келгенде үй-бүлөсүн таштап, безип кетип, ар жерлердеги батирлерде күндө түн жармысында аалам менен сүйлөшүп, ал жактын сырларын кагазга түшүрүп жүргөн таанышыбыздын жазгандары 500 томдон ашып кетиптир.

Бул тамаша же бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы дегендей кычык сөз эмес, ушул жазылгандарды кандай окуп жатсаңыз ошондой эле материалдашып, бир үйдүн бир бөлмөсү толо жыйылып турган факты. Ал инсан жазгандан кыйналбайт, чарчабайт, анткени жогору жактагылар кулагына тынбай шыбырап турса, аларды кагазга түшүргөндүн кандай кыйынчылыгы бар? Ал жат жазуу жазгандай эле нерсе. Анын үстүнө “бул жерин мындай жазып коюпсуң, тигил жерине үтүр, чекит коюлбай калыптыр”,- деп эч ким текшербейт, таза эмес деп да башыңды оорутпайт. Түн жарымында үстөлгө отур да, ааламдан жиберилгендерди тизмектеп жаза бер. Бир гана кыйынчылыгы: ал эч жерде иштебегендиктен кээде кагаз сатып алганга акча таппай калып кыйналат, андай учурларда колуна кандай кагаз урунса, мейли эски дептерби, китеппи, же гезитпи, айтор, алардын бош жерлерин деле калтырбай жаза берет дешет. Аны уккан бир күркүлдүн боору ачып, ага компьютер сатып бергени жатыптыр. Адатта күркүлдөр оңой менен жибишчү эмес эле, сыягы ал ааламдан күркүл тууралуу келгендерди да кагазга түшүрүп, анан ага көрсөтсө керек. Өзү жөнүндөгү ааламдын жетинчи кабатынан тынбай агылгандарды сактап калуу үчүн Күркүлбай жибиген окшойт. Эгерде  ал имиш чын болуп, компьютер ааламдын маалыматтарын жыйнагандын колуна тийсе, анын жакынкы эки-үч жылдын ичинде эле миң томдук чектин багындырарынан шек санабасаңыз болот...

 

Билгениң көп болсо, башыңа аябай күч келтирет

 

Биздин ушундай жаман адатыбыз бар, бир жакшы сөздү баштап баратып эле, ага окшош башка маселеге өтүп кетебиз. Көптү билген адамдын баары ушундай болот. Мектептерде, ЖОЖдордо окуп жүргөн убактыңыздарды эстесеңиздер. Айрым илим-билим дегендер  баштарына капка толгон буудайдай шыкалып, анан  буудай батпагандан каптын бир жери жырылып, куюла баштагандай, билим-илимдери да баштарына батпай калган агайлар, окутуучулар нелерди гана айтчу эле? Биздин бир окутуучубуз лекциянын темасын жаздырып коюп эле, өзүнүн өмүр баянына түшүп кетип, бир жарым сааттан кийин жаман көргөндөрүнүн биринин өмүр баянынан араң чыкчу. Эгерде коңгуроо болбосо, чыкмак да эмес. Кой эми, биз да аларга окшобой өзүбүздүн темага өтөлү.

 

Өткөн президенттик шайлоодо “ааламдан буйрук келгени үчүн” мамлекет башчылыгына талапкер болгондугун шаңдуу билдирген Арстан Алай жакында “АКИпрессте” жыйын өткөрүп, “Кыргызстандын азыркы жетекчилеринин кыргыз элин башкарганга чамалары жетпейт, анткени аларда Аааламдын энергиялары жок, Доордун талабын, ааламдын сырларын билишпейт”- деп билдирди. Албетте, азыр бийликти сындоо мода, андан катуу сындарды айтып, жазып жаткандар четтен чыгат. Бирок, Арстан агабыздын кийинки сөздөрү бизди алгач сактандырса, анан ааламдан куюлушуп келип жаткан маалыматтарды кагазга түшүргөнгө үлгүрбөй жаткан инсандай, эмнегедир шектендире баштады.

Анын айтымында, кыргыз элин башка элдердей эсептеген, караган туура эмес. Кыргыздарды башка көп элдердин бирине салыштырып, бийликтегилер ошого жараша иштешкендери үчүн Кыргызстан өнүкпөй жатат. Анын аныктоосуна ылайык, “кыргыздардын денеси, жан дүйнөлөрү ааламдын ыргактарына ылайык келет. Ракты кыргыздар гана айыктыра алышат”. Башка бир да элде андай сапаттар, касиеттер жок. Антип элди да, өздөрүн да кыйнабастан бийликтегилер ааламдын кыргыздарга өзгөчө билим берип, башка бир элге да ыроолобогон  өзгөчө улуу миссиясы же жараткандын вазийпасын жүктөгөндүгүн моюндап, ошого жараша иш кылуу керек. 

 

“Ааламдын жаңы ээси”

 

“Ааламдын күчтөрү ХХI-кылымда башка планетадагылар катарында жерге түшө башташты. Аны элдин баары көрүп жатат. Ал эми кыргыз Жараткандын милдетин аткарышы керек. Мен - Кудаймын, ал жөнүндө билдирдим. Анкени, мен 4 жашымдан бери аалам менен байланыш түзүп, бардык көрүнүштөргө күбө болуп  келатамын. Мени айыптап, талкуулап, мазактагандын кереги жок. Мен аалам жибергендер жөнүндө гана айтып жатам”- деди мындан эки жыл мурда президенттикке талапкер болгон адам. 

Арстан Алай үчүн андан берки эки жыл бекер өтпөптүр. Анын түшүнүктөрүндө тектоникалык өзгөрүүлөр болгону ачык эле көрүнүп турат. Мурда кичинекей мамлекетке  жетекчиликке талапкер болгондун бүгүн ааламдын ээси экендигин ачык жарыялагандыгы - анын аябагандай чоң прогресс жасагандыгын гана айгинелейт. Бирок, ал кандай прогресс? Эзотерикалыкпы же психикалыкпы? Мында аргасыздан Гоголдун белгилүү чыгармасындагы “Сегодняшний день - есть день величайшего торжества! В Испании есть король. Он отыскался. Этот король  я. Именно только сегодня об этом узнал я. Признаюсь, меня как будто молнией осветило. Я не понимаю, как я мог думать и воображать себе, что я титулярный советник. Как могла взойти мне в голову эта сумасбродная мысль?”- деген саптар эске келет.

 

Биздин эзотерикалык, психикалык маселелер боюнча жетиштүү даярдыгыбыз же асмандан шыбырап, суфлердик кылып тура тургандарыбыз жок. Ошондуктан бул маселеге тереңдегибиз келбейт. Арстан Алайдын көз карашы боюнча, адамдардын мыйзамы ааламдын алдында күчсүз болгондугуна байланыштуу парламенттик шайлоону өткөрүп кереги жок. Сыягы, биздин ар кандай атка коно берип, шакмар койдон айырмасы болбой калган парламент үчүн жакында ааламдан өзүнчө мыйзам келет окшойт. Мүмкүн, өзүн ааламдын эгедери деп жарыялаган адам жакында өзү эле мыйзам чыгарар. Анысын да билбейбиз.

 

Арстан Алай менен бирге маалымат жыйынына катышкандар “Кут” деген телепрограмманын жабылышына каршы экендиктерин, эгерде аны кайрадан ачууга уруксат беришпесе, жакында митингге чыгарын  да билдиришти. Алардын айтымдарында, адамдарга энергия телеэкрандар аркылуу өтөт. Ошондуктан “Кут” телепрограммасы кайра жанданса, адамдардын энергиялары арта баштайт, - дешти маалыматтык жыйында сүйлөшкөндөр.

 

Тилекке каршы, ал программанын берүүлөрүн бир да жолу көрбөгөндүгүбүзгө, андай телепрограмма болгондугун  биринчи жолу угуп жаткандыгыбызга байланыштуу ал тууралуу да эч нерсе айта албайбыз.Телепрограммалар түгүл, телестудиялар канча экендигинен баш адашкан заманда, бир программаны билбей калганыбызды жараткан күнөө катарында эсептебейт деп ойлойбуз.

 

Ошентип Арстан Алайдын маалымат жыйыны өкүнүчтүү көп ойлорду козгоду. Эгерде кудай Арстан Алай өзү болсо, пайгамбар ким болду экен? Же анын орду вакансиябы?

Ушундан улам бир анекдот эске түшөт:

 

Тийиштүү ооруканада эки адам сүйлөшүп калат.

 

- Сен кимсиң? - деп сурайт бири экинчисинен.

 

- Александр Македонскиймин. Өзүңчү?

 

- Мен, Иса пайгамбармын.

 

Ошол арада ар жактан бирөө кыйкырат.

 

- Жалган айтып жатат, мен аны дайындаган эмесмин.

 

Анын сыңарындай, мүмкүн пайгамбар дайындала электир…

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити