Адам укуктарын баарынан жогору койгон "Азаттык" радиосунун таңкы жетиде жеке менчикти дрон менен тартканын кандайча түшүнүп, журналисттик ишмердүүлүккө тоскоол жаратты деп билебиз?

 

"Азаттык" менен Матраимовдордун ортосундагы бутпос "чыр" коомчулукту тан калтырып буто элек. Бул жолу Ош шаарындагы "Азаттыктын" оператору Айбек Кулчуманов менен окуя да көп талаштуу пикирлерди жаратты. Албетте, эки тараптын тен өз чындыгы бар. Ошентсе да, мыйзамдык талаада жашаган өлкөнүг жарандары бирөөнүн менчигин уруксатсыз тасмага, сүрөткө тартууга болбостугун билишет. Адам укуктарын баарынан жогору койгон "Азаттык" радиосунун таңкы жетиде жеке менчикти дрон менен тартканын кандайча түшүнүп, журналисттик ишмердүүлүккө тоскоол жаратты деп билебиз? Алардын да жообу бардыр. Калыстык болуш учун Искендер Матраимовдун "Nazar News" сайтына берген эксклюзив маегин окуп чыгалы.

 

- Искендер Исмаилович, 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз сиздерге караштуу төрт киши “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчумановдун видео камерасын толук комплектиси менен тартып алды деген маалымат тарады. “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчуманов дрон аркылуу шаарды тартып жүргөн эле деген "версия" дагы жок эмес. Окуянын чоо-жайы окурмандарга кызык болуп жатат. Дегеле “Азаттыктын” журналисти шаарды тартып жүрүптүрбү же Матраимовдордун үйүнбү?

 

- Мен буга чейин “Азаттыкты” Кыргызстандагы эң алдыңкы ММК катары эсептечү элемин. Тилекке каршы, “Азаттыкты” ушунчалык деңгээли төмөн, дооматчыл, кыргыз элинин табиятына, менталитетине, кулк-мүнөзүнө, салтына туура келбеген, бөтөндүн сөзүнө кирип, жолунан адашкан адилеттүүлүккө түкүргөн, ММК экенин эми толук түшүнүп жеттим. Ушунчалык төмөн деңгээлге түшүп алып, калың элдин эмес, өздөрүнүн арам кызыкчылыгын ойлоп, “Азаттыктын” жоопкерчилигин жокко чыгарып, кара ниеттик, кара мүртөздүк жолго түшүп алганына таң калып, “бир карын майды бир кумалак чиритет” деген макалга дагы бир жолу ынандым. “Азаттыкка” Райымбек Матраимов же Матраимовдордон башка жаңылык калбай калыптырбы? "Азаттыктын" жан-дүйнөсү жабыркап, өздөрү түшүп калган аңдан кантип чыгышты билбей "өздөрүнүн" ким экенин унутуп, тар чөйрөнүн кызыкчылыгына кызмат кылып жатканы өтө өкүнүчтүү жана жийиркеничтүү. “Азаттык” чындыкты изилдегиси келсе, ниети түз болсо, 28-сентябрда эртең мененки саат 07:00 чамасында дрон менен бирөөнүн жеке менчик үйүн тартмак эмес.

 

- “Азаттыктын” маалыматына таянсак, “дрондун пультун жана телефонун тартып алган” деп сиздерди айпташууда...

 

- Булардын бет тырмачылыгы өтө таң калычтуу! Эмне Райым алардын колунан өзү тартып алыптырбы! Анда мыйзам чегинде жооп берели! Бул - эмне деген доомат! “Азаттыктын” бет тырмачылыгына таң калдым, ал тургай таң калып бүтпөй турамын. Булардын бет тырмачылыгын карагыла: “биздин кымбат баалуу аппаратыбызды карактап кетти”, деп “Азаттык” жазып жатат.

 

Биздин үй-бүлөөнү эчен ирет иликтөө кылды, баарына алардын кызматтык "кылыгы" деп түшүнүп жүргөнмүн. Алардын кечээги жасаган кадамынан кийин “Азаттык” катардагы "күлкүмүштүү" иликтөөгө өтүп алганын баамдадым. Албетте “Азаттык” кыргыздын кыртышына өтүп, жасалма таңуулаган каралоосун таштабаса, ачуу чындыкты тандабаса, алардын кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына иштеген ириген-чириген иликтөөсү өтө эле жийиркеничтүү болуп калды.

 

- Таң калычтуусу, окуя эртең менен болгон. Тилекке каршы сиздер тарап дагы “Азаттык” дагы маалыматты эмнеге кеч таратты?

 

- Эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Мен окуя боюнча түштө уктум. “Азаттык” кандай маалымат берет деп күттүм. Окуя болгондон кийин, Ыдырыс аркылуу менин кичүү иниме жардам сурап чыгышкан. Ал келип милицияга арыз жаздырган. “Азаттыктын” журналисттери мыйзамсыз үйдү тартканын Ыдырыс билген дагы эмес. “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчуманов, Али Токтакуновдун “буюртмасы” менен келгенин айтты. Ал, бир күн мурун Кара-Суудагы мечитти тарткан. Экинчи күнү үйдү тарткан. “Азаттыктын” журналисттерине “5 жылдан бери эле үйдү тартасыңар”, деп өздөрүнө дагы айттым. Чындыгында 5 жылдан бери ошол үйдү бир эле “Азаттык” кайра-кайра тарта берет. 5 жыл тартканы аз келгенсип, кайрадан эле бул жолу да эртең мененки таңкы саат 6 менен 7нин ортосунда үйдү видеотасмага дрондун жардамы менен тартканы келишкен. “Азаттыктын” жөндөмү жок оператордун айынан дрон үйдө жүргөн жигиттин бетин жакын тартабыз дешкенби, айтор аппараты баланын башына түшүп, ал жабыркаган.

 

Карап көргүлө, эртең менен эл, жакшы ниет кылып, амандыгына кубанып, таңкы ырыскысына шүгүр кылып, уйкудан туруп жатса, эртең менен азандын аягында аларды ким “Матраимовдордун үйүн тарткыла!” деп, кыйнады же эртең менен “Азаттыктын” журналистерин карактагандай Райымдин жигиттери таңга маал саат 7де “Азаттык” келет”, деп аларды күтүп олтуруптурбу? Калпты дагы жөнү менен айтып, дооматты дагы орду менен коюш керек да!

 

- Дронду жоготуп алган журналисттер үйдү тартканга уруксат алышты беле?

 

- Эч кандай уруксаат алышкан эмес. Өз билемдик кылышкан. Дронун башкара албай калган оператор аппаратын издеп жүрүп, балдардын колуна түшүп калат, жигиттер бирөөнүн жеке менчигин уруксаатсыз тартканы үчүн дронду жана пультун тартып алышкан. Андан кийин “Азаттыктын” журналисттери милицияга арыз жазган. Учурда журналисттердин сөзү эки-ача чыгып, “эртең менен саат 7де шаарды тартып жүргөнбүз” дешүүдө. Ошол жерден башка жерге барып шаарды тартса болбойбу?! Булардын сөзү эки башка чыгып жатканы да таң калычтуу.

 

- Оператор качан ооруп калган?

 

- "Азаттыктын оператору кечке чейин жакшы эле жүргөн. Кызыгы, кечки саат 10дор чамасында оператор ооруп, ооруканага алып барышкан.

 

- Сиздер менен кимдир бирөөлөр ич ара сүйлөшүүгө чыктыбы?

 

- Ооба. Ыдырыс, аким иниме, Райымдын жакын өкүл баласына байланышка чыгып, “дронду берип койгула, эми мындан ары бири-бирибизге тийишкенди токтотолу”, деп айтыптыр. Кыскасы, “Азаттык” өзүн-өзү үркүтүп, өздөрүнүн баалуулугуна өздөрү түкүрүп алды. Минтип акыйкаттыктын артында тирей турган мааниси, чындыгы жок иликтөөсү бир күнү өздөрүнө кусуру тийет, алар Кудайдан корксо болмок.--Рахмат.

 

Булак: “Назарньюс”

Булак: “Майдан. kg” гезити